Экрандаштыруу - искусствонун проза, драматургия, поэзия, ыр, опера жана балет. либреттолору сыяктуу түрлөрүн кино каражаттары аркылуу чагылдыруу. Кинематограф өнөрү пайда болору менен образдар пайдаланылган.

Мис., орустун туңгуч фильми болгон «Стенька Разин менен князь кызы» 1908-ж. экрандаштырылган. 1917-ж. чейин Россияда А. С. Пушкин, Ф. М. Достоевский, А. П. Чехов, Л. Н. Толстой ж. б. калемгерлердин 100гө жакын чыгармасы экрандаштырылган. Октябрь революциясынан кийин классикалык жана совет адабиятынын реалисттик салтын өздөштүрүү советтик кино өнөрүнүн калыптанышына өбөлгө түзгөн. Үндүү кинонун пайда болушу искусствонун бул тармагынын көркөмдүк жана жанрдык мүмкүнчүлүгүн байыткан. Экрандаштыруу учурунда маанилүү эмес сюжеттерди, майда-барат окуяларды жана айрым катышуучуларды кабыл албоого, же болбосо ал чыгармада жок, бирок анын ою боюнча кинонун көркөмдүк жагын же маанисин жакшырта турган идея болсо режиссёрдун сценарийге киргизүүгө укугу бар. Экрандаштыруу кыргыз кино өнөрүндө да кеңири колдонулат; Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» (1967, реж. Г. Базаров), «Кызыл алма» (1975, Т. Океев), «Ак кеме» (1975, Б. Шамшиев), Н. Байте мировдун «Тарых эстелиги» (1972, Т. Океев) ж. б. чыгармалар экрандаштырылган. к. Кыргыз киносу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4