Элек — торунан ун, талкан жана башка майда нерселерди өткөрүүчү буюм. Анын жердиги жыгач жана кылдан турат. Кыл тегерек алкакка (карсканга) бекитилип жасалат. Элек кээде чыпка катары да колдонулат. Кыл электин майдасын «торко элек» дейт. Мунун «сүзгү элек», «чыпка элек» деген түрлөрү бар.

Металлдан жасалган электер

Мында чебер оболу карсканын (алкагын) ийип алат да, аттын туу куйругун жулуп алып, учун түйүп өткөрүп, экинчи жагын да ошентет. Антип төрт тарабынан кылды керип алып, анан ийнеге аттын кылын өткөрүп, чатыраш кылып отурат. Ошондо ийне кылдын артынан жана үстүнөн алмак-салмак өтүп турат. Алкактын чети болсо эчкинин жаргагы менен жээктелет.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)