Акматалиев Эмилбек (1936-ж. т., Жумгал району, Таш-Дөбө айылы) — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990—95).
1966-ж. Бишкек политехника институтун, Москвадагы Плеханов атындагы эл чарба институтун бүткөн.
1975-жылдан Миң-Кушта ГЭСтин начальниги, 1991-жылдан "Оргтехника" заводунун директору, директорунун орун басары.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген рационализатору. 43 рационализатордук сунуштун автору.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.