Энаргит (б.-грек. εναργης - ачык, көз көрүнөө) - татаал сульфиддер классындагы минерал, Cu3AsS4. Кошундулары: Sb, Fe, Pb, Zn, Ag, Ge.

Көпчүлүк учурда боз, кара ж. б. түстөгү, металлдай жылтыраган бүртүкчөлөрдөн турган кристаллдары туташ массаны түзөт. Катуулугу 3,5. Тыгыздыгы 4,4-4,5 г/слг3. Гидротерм процессинен пайда болуп, кварц, пирит, жездин башка сульфиддери менен чогуу кездешет. Жездин жана мышьяктын кенташы. Кендери Австрия, Аргентина, Италия, Намибия, Перу ж. б. өлкөлөрдө табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4