Эпиграфика ( грек epigraphe – жазуу) – таштарга, аска беттерине, металлдан, чоподон, сөөктөн, айнектен жана башка жасалган буюмдарга чийилген байыркы жана орто кылымдардагы жазмаларды изилдеген тарых илиминин жардамчы тармагы. Илим катары 19-кылымда калыптанган. Кыргызстандын аймагы адам тарыхынын өнүгүү процесстери өткөн жер катары түрдүү эпиграфикалык эстеликтерге бай. Ар мезгилдерге таандык байыркы түрктөрдүн, согдулардын, уйгурлардын, несториандардын, арабдардын, тибеттердин (буддалык) жазуу эстеликтери табылган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.