Эрлан Бекешович Абдылдаев (21-июль 1966, Алма-Ата, Казак ССР, СССР) — КР мамлекеттик ишмери, КР тышкы иштер министри(2012-2018). Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси. Үй-бүлөлүү. Бир уул жана бир кыздын атасы.

Эрлан Абдылдаев
Эрлан Абдылдаев
Желек
Желек
Кыргызстандын тышкы иштер министри
желек
желек
6-сентябрь 2012 — 12-октябрь 2018
Президент: Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Руслан Казакбаев
Андан кийинки: Чыңгыз Айдарбеков
Желек
Желек
Кыргызстандын Кытайдагы элчиси
желек
желек
2001 — 12-сентябрь 2005
Андан кийинки: Кадырбек Сарбаев
 
Туулган жери: Алма-Ата, Казак ССР, СССР
Атасы: Бекеш Абдылдаев
Билими: Москва эл аралык мамилелер мамлекеттик институту
Кесиби: дипломат
 
Сыйлыктары:

Достук Ордени (Орусия)

Билими түзөтүү

1989 - жылы Москва мамлекеттик эл аралык байланыштар институтун аяктаган, эл аралык байланыштар адистигине ээ.

Эмгек тажрыйбасы түзөтүү

  • 1989 - 1989 - СССР Тышкы иштер министрлигинин референти, Социалисттик Азия өлкөлөрү боюнча башкармалыгы;
  • 1989 - 1994 - СССР элчилигинин атташеси, 3-катчысы, Россия Федерациясынын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги;
  • 1994 - 1997 - Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын эл аралык бөлүмүнүн референти, консультант-эксперти;
  • 1997 - 1998 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин департаментинин мүдүрүнүн орун басары;
  • 1998 - 2001 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, биринчи орун басары;
  • 2001 - 2005 - Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси.
  • 2001 - 2005 - Кыргыз Республикасынын Монголиядагы, Сингапурдагы жана Таиланддагы элчиси.
  • 2005 - 2007 - Коомдук саясат институтунун эксперти;
  • 2007 - 2012 - Кыргызстандагы согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун мүдүрү;
  • 2012 - 2018 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Атасы — Бекеш Абдылдаев (1933—2013), кинорежиссёр.

Сыйлыктары түзөтүү

Наамдары түзөтүү

Саясий ишмердүүлүгү түзөтүү

  • Партияга мүчө эмес

Кошумча маалыматтар түзөтүү