Чыңгыз Айдарбеков
Чыңгыз Азаматович Айдарбеков (27-октябрь 1977, Фрунзе, Кыргыз ССР) — кыргызстандык дипломат, КР тышкы иштер министри (2018-жылдан тарта), мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Чыңгыз Айдарбеков | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
17-октябрь 2018 | ||||
Президент: | Сооронбай Жээнбеков | |||
Андан мурунку: | Эрлан Абдылдаев | |||
| ||||
2016 — 2018 | ||||
Андан мурунку: | Рысбек Молдогазиев | |||
Туулган жери: | Фрунзе, Кыргыз ССР, СССР | |||
Билими: | КЭУ | |||
Кесиби: | дипломат | |||
Билими түзөтүү
1998-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктап, «Эл аралык мамилелер» боюнча адистигине ээ болгон.
2001-жылы Кыргызстан эл аралык университетин магистратурасын «Юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн, магистр деңгээли ыйгарылган.
2017-жылы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян Университетинин аспирантурасын бүтүргөн.
Дипломатиялык рангы — “Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси”
Класстык чини — Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Эмгек тажрыйбасы түзөтүү
1998—2005 — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, КМШ Башкы башкармалыгы, атташе, үчүнчү катчы, экинчи катчы, биринчи катчы;
2005—2008 — Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги, биринчи катчы. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы иштеринде убактылуу ишенимдүү өкүлү;
2008 — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
2008—2010 — Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги, Кеӊешчи;
Январь 2011 — апрель 2011 — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү, Эксперт;
Апрель 2011 — декабрь 2011 — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү, Бөлүм башчынын орун басары;
2012—2016 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү, Бөлүм башчы;
Апрель 2016 — октябрь 2018 — Кыргыз Республикасынын Жапониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;
2018-жылдын 17-октябрьнан тарта — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри.[1]
Үй-бүлөсү түзөтүү
Чоң атасы — Иманалы Айдарбеков (1894—1938), мамлекеттик ишмер.
Тиркемелер түзөтүү
Шилтемелер түзөтүү