ЭСЕНБАЕВ Келдибек (7. 01. 1923-ж. азыркы Нарын облусу, Кочкор району, Кара-Суу кыштагы – 23. 07. 2015-ж., ошол эле жер) – эмгек жана согуш ардагери; Эсенбайэсепчинин уулу; белгилүү акын Келдибекова Шербеттин атасы.Эсенбаева Кулийпа (1.05.1926-17.03.2020)өмүрлүк жубайы.

Эмгек жолу түзөтүү

Кочкор районундагы Үч-Булак башталгыч мектебинин завучу, директору (1940–41), Кара-Суу орто мектебинде завуч, директор (1940–41), Кызыл Армиянын катарына чакырылып (1942), Ленинград жана Белорус фронтторунда согушка катышкан (1942–44). Жаратына байланыштуу согуштан кайткандан кийин Кара-Суу орто мектебинин директору (1944–51), Кочкор райондук эл агартуу бөлүмүндө инспектор (1951–53), Жаңы-Жол орто мектебинин директору (1953–55), Төлөк орто мектебинин директору (1955–59), Жданов атындагы колхоздо партуюмдун секретары, башкарманын орун басары, башкармасы (1959–64), Кара-Суу орто мектебинин дериктору (1964–83). 1939–40-жылдары манасчы Шапак Рысмендеевдин өз оозунан Мендирман кичи эпосун жазып алып, Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын кол жазмалар фондуна тапшырган. "Кызыл жылдыз", "Ата Мекендик согуш", "Даңк" ордендери жана башка медаль, грамоталар менен сыйланган. Кыргыз ССР (1975) жана СССР Эл агартуусунун (1980) отличниги.

Колдонулган адабияттар:
түзөтүү