Эсенкан
Эсенкан — "Манас" эпосундагы каарман, эпосто душмандардын башкы каны. Э. кол баштабаса да эпикалык душмандарды, алардын жоокер — баатыр уруу башчыларын башкарып турган каны (кандардын каны). "Эзен" ("ээ") таптык коомго чейин колдоочу рух маанисинде колдонулган (Мисалы, суунун ээси, тоонун ээси жана башкалар). Таптык коом пайда болгондон кийин социалдык мааниде ("башкаруучу", "бийлөөчү") колдонулуп, феодалдык башкаруучулардын титулу катарында айтылган ("элдин ээси", "мамлекеттин ээси", башкача айтканда "элдин же мамлекеттин бийлөөчүсү, башкаруучусу" деген мааниде колдонулган). Кийинчерек "Эсенкан" титулу моңгол тилинин айтылыш формасы (эсен-каан) боюнча "монарх", "император" деген мааниде да колдонулган. "Эзен" титулдук наамы мыйзам ченемдүүлүк боюнча моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларынын (айрыкча баатырдык эпосторунун) башкы каармандарына титулдук эпитет катарында колдонула баштаган. Мисалы, Эзен Жангар, Эзен-богдо Жангар, Эзен-батырноён Жангар жана башкалар Бирок моңголдор "эзен", "богдо" деген титулдук наамдарды эпикалык каармандарга титулдук эпитет катарында колдонушканы менен алар "Эзен-кан" же "Богдокан" деп негизинен Кытай императорлорун айтышкандыгы тарыхый маалыматтардан белгилүү.Ч. ВалихановОрто Азия элдери (кыргыз, казак жана башкалар). Кытай императорун "Эсен кан" ("Эжен-кан", "Ижен-кан") деп аташкандыгын жана бул терминди моңголдун "богдо-эзен" деген сөзүнөн өздөштүрүп алгандыгын белгилейт. Тувалыктар да Кытай императорун "Эзен-кан" дешкен.
Казак элинин оозеки чыгармаларында Э. кытай императорунун синоними катарында айтылат. "Аркалык баатыр" аттуу тарыхый поэмада Аркалык баатыр Иртыш тарапта душмандын колуна түшүп калып, кытай императору Эжен-канга жөнөтүлгөндүгү баяндалат. "Манас" эпосунда да (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) Эсенкан титул маанисинде колдонулат жана Кытай императоруна карата айтылат:
Башалуу журт болгон соң,
Бар доөлөтү толгон соң
Эркин жерди алгансып,
"Эсен кан" деп бирөөнү
Кан көтөрүп алгансып (Кол жазмалар фондусу, 1787-инв., 150-б.).
Э. "Манас" эпосунун бардык варианттарында туруктуу түрдө Бээжиндин (Түп-Бээжиндин, Чоң-Бээжиндин) каны деп аталат. Валиханов жазып алган эпизоддун текстинде "Түпкү кан" деген термин деле Э-га (Кытай императору) карата синонимдик мааниде "Түп-Бээжиндин каны" деген түшүнүктө колдонулган. "Манас" эпосунда Э. салт катары феодалдык доордогу монарх тибинде чагылдырылат, бул типтеги каармандар салт катары жоого аттанбайт. Мисалы, Түп-Бээжинде ("Түп" — негизинен "ордо", "борбор" деген мааниде колдонулат) туруп, бардык иштерге буйрук берип турган жогорку башкаруучунун (монарх, император) ролун аткарат. Эпос боюнча Алтай жериндеги алгачкы казаттардын чыгышына жана татаалданып курчушуна түздөн-түз Э. себепчи болот. Анын буйругу менен бала Манасты кармап келүү үчүн бир нече жолу кол жөнөтүлөт. Алмамбет Бээжиндин кырк кандыгынын бирин берүүнү сурап Э-га кайрылат. Э. кол башчылардан Коңурбайды жактырып чекке (эпикалык Чет-Бээжин) кароол кылып дайындайт; негизги терс каармандар: Жолой, Коңурбай, Нескара жана башкалар бардык учурда согуштун жайын, болуп жаткан абал жөнүндө Э-га кабар (куштан кат, чабарман) берип турат; Чоң казатта жеңишке ээ болуп, Ажыбайды Э-га элчиге жиберет. Э. Манастын койгон талабына аргасыз макул болуп, аны Бээжинге (Чет-Бээжин) кан көтөрөт. Эпостогу Э. катышкан эпикалык кырдаалдар, анын жогорку бийликтеги (монарх) ролун көрсөтөт. "Кандардын каны" аталган Э-дын эпикалык образы эл массасын каалагандай эзүүгө багытталган деспоттун образы. Э-дын карапайым элге зулумдук жасоосу, наадандык иш-аракети, адамдык моралга сыйбаган, чектен ашкан мыкаачы кандардын кыял-жоругу мүнөздүү. Анын деспоттугу жаш балдарды курмандыкка чалып, өзү үчүн дарыгерлерге өлбөстүн дарысын жасатышы аркылуу берилет. Э. өзү атайы жортуулга чыкпаганы менен аны уюштуруучу катары эпосто көрүнүктүү роль ойнойт. Бала Манасты издетүүдө, тыңчылар жиберүүдөн тартып, Жолой менен байланыш түзүп, аны атайын күүлөп, Манаска каршы жөнөтүү иштеринин баарын Э. уюштурат. Эпостун кийинки окуяларында, айрыкча, "Чоң казатта" Э-дын негизги ролу сакталат, 6. а. эпостун алгачкы окуяларынан тартып, аягына чейин ал башкы кан, баскынчылык согуштардын негизги уюштуруучусу.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4