Эс алуу күндөрүн алмашуу

«Эс алуу күндөрүн алмашуу» (англ. The Holiday) Орусиядагы котормосу (орус. Отпуск по обмену) — Американын 2006-жылы тартылган, романтикалык комедия жанындагы тасмасы. Режиссёру Нэнси Мейерс, башкы каармандарда Кейт Уинслет, Камерон Диас, Жуд Лоу жана Жек Блэк.

Эс алуу күндөрүн алмашуу
The Holiday
Жанры

комедия
мелодрама

Режиссёру

Нэнси Майерс

Продюсери

Нэнси Майерс

Сценарийдин
автору

Нэнси Майерс

Башкы ролдордо

Кейт Уинслет
Камерон Диас
Жуд Лоу
Жек Блэк

Оператору

Дин Канди

Композитору

Ханс Циммер

Кинокомпания

Columbia Pictures
(АКШда)
Universal Pictures
(Башка өлкөлөрдө)

Узактыгы

138 мүнөт

Бюджети

85 млн $

Кирешеси

205.1 млн. $

Өлкө

 АКШ

Тили

Англисче

Жылы

2006

IMDb

ID 0457939

Мазмуну түзөтүү

Тасмадагы каарман Лондондун “The Daily Telegraph” гезитинде үлпөт бурчун жазган Айрис Симпкинс (Кейт Уинслет) аттуу бийкеч шаар четиндеги чакан айылда, кичинекей коттеджде жашайт. Тилекке каршы, анын жүрөгүн багындырган адам башка айымга ашык болот. Ал эми Айрис менен болгон мамилеси жеке кызыкчылыктарына байланыштуу. Бул тууралуу Айрис жаңы жылдык майрамдоо учурунда билет.

Айристен таптакыр алыс, АКШда Түштүк Калифорнияда Аманда Вудс (Камерон Диас) аттуу айым жашайт. Ал өтө Популярдуу жарнамалык агенттиктин ээси. Кинотасмаларга жарнамалык роликтерди, трейлерлерди даярдайт. Аманданын да жеке жашоосу туңгуюкка кептелип, сүйгөн адамы башка бийкечти жандап жүргөнүн билет. Бири-бирин тааныбаган, дүйнөнүн эки башка жеринде отурукташкан, тагдырлары окшошуп калган эки айым интернет сайттары аркылуу башка өлкөдөн убактылуу жашоого үй издеп жатышып баарлашып калышат. 10 миң чакырым алыстыкта жайгашкан үйлөрүн жаңы жылдык эс алуу күндөрү бүткөнчө алмаша турушуп, жеке маселелеринен алысыраак эс алууга кетүүгө бел байлашат. Тасманын жүрүшүндө Айрис Аманданын үйүнө барып Майлз (Жек Блэк) аттуу композиторго жолугат. Ал эми Аманда Айристин агасы Грэм (Жуд Лоу) менен табышып чыныгы сүйүүлөрүн кезиктиришет.

Каармандарда түзөтүү

Актёр Роль
  Кейт Уинслет Айрис Айрис
  Жек Блэк Майлз Майлз
  Камерон Диас Аманда Аманда
  Жуд Лоу Грэм Грэм Айристин агасы
  Руфус Сьюэлл Жаспер Жаспер Айристин кызматташы
  Эдвард Бёрнс Итан Итан Аманданын мурдагы сүйгөнү
  Шаннин Соссамон Мэгги Мэгги
  Илай Уоллак Артур Эббот Артур Эббот
  Жон Красински Бен Бен

Эпизоддордо:Линдси Лохан, Жеймс Франко жана Дастин Хоффман

Кызыктуу фактылар түзөтүү

  • Тасманын сценарийи атайын баш каармандар Камерон Диас менен Кейт Уинслетке арналып жазылган.
  • Америкалык атактуу актёр Дастин Хоффман тартылган кыска эпизод бар. Аны тасмага тартуу алдын ала пландалган эмес. Болгону тартуучу топ менен актёр кокустан жолугуп калышкан.
  • Тасманы чындыкка көбүрөөк окшоштуруш үчүн режиссёр, Кэмерон Диаздан эркин болууну суранган. Кааласа сценарийден чыгып импровизация кылууга уруксат берген.
  • Айристин сүйгөнү Жасперди аткарган актёр Руфус Сьюэлл менен Кейт Уинслет бир кездери кыз-жигит болушкан.
  • Сценарий боюнча кээ бир кадрларда сыртта кар жаап туруш керек болгон. Ошол себептен тартуучу топ атайын кар жаадыруучу аппаратты камдашкан. Бирок дал ошол бөлүктү тартуу күндөрү табият тартуучу топко жардамга келип 3 күн бою кар жаап турган.
  • Шаар сыртындагы Айристин чакан үйү чыныгы жашоодо жок болгон. Тартуу иштери үчүн ээн талаага эле куруп коюшкан.
  • Аманданын үйүнүн ичи студияда тартылган. Анын ичин эмеректер менен жабдууга 1 миллион доллар кеткен.
  • Айрис Аманданын үйүнө кирип келгенде бийлеп жаткан эпизод бар. Ал бөлүк сценарийде болгон эмес. Бул Кейт Уинслеттин жеке импровизациясы.
  • Тартуу иштери бүткөн соң Кейт Уинслет: “Ишенип койгула, Жек Блэкке ашык болуп калуу кыйынга турган жок” деп айткан.

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Нэнси Майерстин тасмалары