Эт — калктын жана койдун, жылкынын

Эттин түрү
Кой эти

эң баалуу жана кеңири тараган тамак-ашы.

Эт түрдүү химиялык составы, айрыкча белогу менен азыктык жана биологиялык жактан баалуу. Ал өтө аш болумдуу жана сиңимдүү келет. Этти адам танбайт, түрдүүлөп тамак-аш жасоого болот. Тамак-аш даярдоого бодо малдын, майда жандыктардын, чочконун, жылкынын, топоздун, төөнүн, бугунун эти пайдаланылат. Ошондой эле жапайы жаныбарлардын доңуздун (камандын), аюунун, багыштын, эликтин жана куш (Куш, куш эти) эти да желбейт

.[1]

Курамы түзөтүү

Эттин курамында белок, май, витамин жана минерал заттар бар. Эт организмди негизинен белок жана май менен камсыз кылат. Химиялык курамы жана сиңиримдүүлүгү жагынан туташтырма, нерв ткандарындагы, кемирчектеги белокторго караганда булчуң ткандарындагы белоктор өтө баалуу. Уйдун жана эчкинин майы тез тоңот; койдун, чочконун, жылкынын майы анча тоңбойт, сиңимдүү келет. Этте фосфор, темир, ошондой эле калий, натрий, цинк, жез, йод жана башкалар минерал заттар бар. Ички органдарда, айрыкча боордо жана май ткандарында витаминдер көп болот. Этте экстрактивдүү заттар болуп, бышырганда сорпого чыгат. Алар тамак сиңирүү органдарынын иштөөсүн жакшыртып, табитти ачат, тамакты сиңирет, эттин даамын жана жытын жакшыртат. Экстрактивдүү заттар малдын жашына жараша көбөйөт, ошондуктан жаш малдыкына караганда чоң малдын сорпосу даамдуу жана жыттуу келет. Эттин химиялык составы малдын семиз же арыктыгына, түрүнө жараша болот. Сатыкка түшкөн эт сортко жана категорияга бөлүнөт. Эттин сапаты анын түрү, өңү, жыты жана башкалар боюнча аныкталат. Сергитилген этти муздаткычта бир нече күн сактоого болот, ал эми тоңгон этти муздаткычтын тоңдургучуна сактоо керек. Бузулган эт ууландырышы, түрдүү жугуштуу жана мите ооруларын козгошу мүмкүн. Тамга салынбаган этти сатып алуу жарабайт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. Ayyıldız, Esat. “Klasik Arap Edebiyatında Et Motifi”. International Malatya Gastronomy Culture and Tourism Conference. ed. Aynur Ismayilova – Gunay Rzayeva. 19-24. Malatya: IKSAD Publishing House, 2022.