Резерфорд Эрнест

Э. Резерфорд‎»‎ барагынан багытталды)

Резерфорд Эрнест (30-август 1871-жылы, Жаңы Зеландия, Брайтуотер — 19-октябрь 1937-жылы, Кембриж) — англиялык физик, радиоактивдүүлүк жана атомдун түзүлүшү жөнүндөгү илимдерди түзүүчүлөрдүн бири, илимий мектептин негиздөөчүсү. СССР Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү (1925), Лондон королдук коомунун мүчөсү (1903). 1894-жылы Жаңы Зеландия университетин бүтүргөн. 1897–1907-жылдары Монреаль (Канада), 1907–1919-жылдары Манчестер университеттеринде физика кафедрасын жетектеген. 1919-жылдан Кембриж университетинде профессор жана Кавендиш лабораториясынын директору болуп иштеген. Радиоактивдүү элементтер 3 нур (α-, β -, γ-нурлар) бөлүп чыгарарын көрсөткөн жана англиялык физик Ф. Содди менен бирдикте радиоактивдүүлүктүн жылыш эрежесин иштеп чыгышкан (1903). 1911-жылы атомдун планеталык моделин сунуштаган. 1911-жылы элементтердин жасалма ажыроосун далилдеген. 1921-жылы нейтрондун болушун болжолдуу алдын ала айткан. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1908).

Булактар түзөтүү