Юрий Шатунов (орус. Юрий Васильевич Шатунов; 6-сентябрь, 1973, Кумертау, Башкортостан23-июнь, 2022, Домодедово, Орусия) — Советтик жана Орусиялык ырчы, «Ласковый май» тобунун мүчөсү (1986—1991). Орусия шоу бизнесинин тарыхындагы атактуулука жетишкен алгачкы ырчы.

Юрий Шатунов
Юрий Васильевич Шатунов
Негизги маалымат
Толук ысымы

Юрий Васильевич Шатунов

Туулган датасы

6 -сентябрь 1973(1973-09-06)

Туулган жери

Кумертау, Башкырт АССР, СССР

Өлгөн датасы

23 -июнь 2022(2022-06-23) (48 жаш)

Өлкө

 ССРС Орусия
 Германия

Кесиптери

Ырчы, Үн Режиссёр

Жанрлары

Диско, поп-музыка

Активдүү жылдары

19882022

Жамааты

«Ласковый май»

Сыйлыктары

Жылдын ыры 2002, 2009, 2012, 2013.
Үн жазуу 2015

Автографы

[[Файл:|80px}}]]

shatunov.com

Өмүр баяны түзөтүү

6- сентябрь 1973-жылы Советтик жана орусиялык ырчы , “Ласковый май” тобунун солисти Юрий шатунов Башкортостандын Кумертау шаарында төрөлгөн. Ал 3 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, 8 жашында энеси жүрөк оорусунан улам каза болгон. Юрий 12 жашка чейин таежесинин колунда чоңоюп, андан кийин жетимдер үйүнө тапшырышкан. Бир жылдан кийин Оренбург шаарындагы №2-интернат-мектебине которулган. Юрий шатунов алгачкы жолу “Ласковый май” тобу менен 1986-жылы 28-декабрда интернаттын Жаңы Жылдык бий кечесинде ырдап чыккан. Буга чейин музыкага көңүл кош мамиле кылганы менен дал ушул күндөн тартып жаш талант музыкадан башка кызыкчылыктарынын баарынан алыстоого аргасыз болгон. Топко келгенге чейин жаш болсо да ар кайсы маданият үйлөрүнөн суранып жүрүп эң алгачкы “Белые розы” ырын жарыкка алып чыккан. Көп узабай ыр ] Көпчүлүктүн суроолору менен Юрий шатуновду жергиликтүү журналисттер интернатка издеп келе башташкан да, жыйынтыгында, анын жүзү популярдуу болууга жетишкен. Көп узабай 1988-жылы Маданият министрлигинин уруксаты менен Юрийди Москвадагы интернаттардын бирине которот. Москвага келээри менен Юрий чыгармачылыктагы жетекчиси Разиндин үйүнөн орун алган. Ошол эле жылы суранычтар менен Казакстандын Аламаты шаарында чоң сахнага кадам таштайт. Чыгармачылыктагы жолу дал ушинтип башталган Шатунов 1988-жылы “Белые розы ” альбомун профессионалдык деңгээлде жарыкка чыгарат. Бул учурда Юрий шатунов “Ласковый май ” тобунун эң көрүнүктүү солисти катары чыныгы жылдыздардын катарын толуктап, ал гана эмес, эң популярдуу болууга жетишкен. “Месяц июль”, “Метель в чужом городе», “Звёздная ночь” “Розовый вечер” альбомдору менен бүтүндөй совет элинин жүрөгүн багындырган “Ласковый май” тобу ал учурда жетекчиси Разиндин айтымында, бардыгы болуп 20 миллион долларга жакын акча табышкан. 1992-жылы Юрий шатунов “Ласковый май” тобунан кетет. Юрийдин кетиши менен топ дагы таркайт. Топтон кетүүсүнүн себебин Юрий жеке ырчы катары өз карьерасын өстүрүүнү каалагандыгы жана Разиндин ашыкча башкарып алгандыгы менен байланыштырган. Жаңыдан өз алдынча кадам таштай баштаган Юрийге Алла Пугачёвадан чогуу иштешүү сунушу келип түшөт. Бирок, ырчы бирөөлөргө көз каранды болууну каалабаганын айтып, бул сунуштан баш тарткан. Юрий “Ласковый май” тобундагы достору Игорь Игошин менен Максим Сухомлиновдордон түбөлүккө айрылган соң бир жылга жакын чыгармачылыктан алыстап кеткен эле. Досторунун бири Игорь 4-кабаттан өзү секирип өлгөн болсо, эң жакын досу, топтун дагы бир солисти Максим Сухомлиновду Юранын көз алдында үйүнүн короосунан атып кетишкени ырчыга катуу сокку болгон. Турмуштун мындай сынагынан кийин ырчы бул убакыт аралыгында машина сатуу менен алектенип жүрүп, кийин кайрадан чоң сахнага кайтып келген.

Өлүмү түзөтүү

2022-жылдын 23-июнуна караган түнү саат 00:20[1] Юрий Шатунов 49 жашында катуу кармаган жүрөк жетишсиздигинен[2] (миокард инфаркттан[3]) каза болгон; ырчынын абалынын кескин начарлашы Домодедово[16] шаарындагы ооруканага бара жаткан жолдо болуп, ага реанимация чаралары көрүлгөн, бирок аларды сактап калууга мүмкүн болгон эмес[4], где ему оказывали реанимационные мероприятия, однако спасти так и не смогли[5].

Эскермелер түзөтүү