Юрташсай эстелиги – төмөнкү таш дооруна таандык археологиялык эстелик. Кадамжай районундагы Марказ айылынын түштүк тарабындагы капчыгай ичинде жайгашкан. Таш куралдар табылган. 2002-жылы А. П. Деревянко жана А. Н. Зенин жетектеген россиялык-кыргызстандык биргелешкен археологиялык экспедиция изилдеген.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.