Ян Кум (англ. Jan Koum) — америкалык ишкер, программист жана WhatsAppтын негиздөөчүсү.

Ян Кум
Jan Koum[1]
Төрөлгөндөгү аты:

Ян Кум Борисович

Туулган датасы:

24 -февраль 1976(1976-02-24) (48 жаш)

Туулган жери:

Киев, Украина ССРи, СССР

Жарандыгы:

 АКШ

Абалы:

7,5 млрд. доллары

Компаниясы:

Yahoo (2000—2007)
WhatsApp Inc. (2009—а.у)

Кызмат орду:

CEO

Өмүр баяны түзөтүү

Бала чагы түзөтүү

1976-жылы Украин ССРнин Киев облусунда 1976-жылдын 24-февралында жөөттөрдүн үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген жана балалыгы Фастовдо өткөн[2].

1992-жылы 16 жашында апасы Фаина Семёновна Кум (19412000) жана чоң энеси Рахилья Мунблат (19212002) менен АКШнын Калифорния штатынын Маунтин-Вью шаарына көчүп барышкан[3]. Социалдык колдоо программасы бул үй-бүлөгө эки бөлмөлүү чакан батир алууга жардам берген[4]. Апасы Фаина Семёновна Кум АКШга көчүп баргандан кийин бала багуучу, азык-түлүк дүкөнүндө тазалоочу болуп иштеген. Фаина Семёновна Кум 2000-жылы узак созулган рак оорусунан каза болгон.

Атасы Борис Яковлевич Кум (19271997) кийинчерээк үй-бүлөгө кошулууну көздөгөн, бирок ал эч качан Украинадан чыга алган эмес[5] жана 1997-жылы каза болгон[4]. Атасы каза болгонго чейин бул үй-бүлө тыгыз мамиледе болушкан жана дайыма телефон аркылуу кабарлашып турушушкан.

Эмгек жолу түзөтүү

Ян Кум 18 жашында компьютердик программалоого кызыгуусу күчөп, Сан-Хоседеги Калифорния штатынын университетине тапшырган. Студент учурунда Ernst & Young бухгалтерия жана аудит компаниясында коопсуздукту тестирлөөчү болуп жумушка орношкон. Көп өтпөй W00w00 деп аталган эң мыкты хакерлер тобунун катарына кирет жана ал жерден Napster файл алмашуу тармагынын негиздөөчүлөрү Шон Фэннинг жана Жордан Риттер менен таанышкан.

1997-жылы Yahooнун жарнамалык платформасы кантип жазылганына анализ жүргүзүү керектиги жөнүндө сунуш киргизет жана бул сунуштан жарым жылдан өткөн соң, аталган компанияда иштеген Брайан Эктон Кумду штатка жумушка алат. Yahooда иштеген мезгилинде Ян Кум жана Брайан Эктон жакшы достотук мамиле түзө алышкан.

Yahooга ишке орношкон учурда Ян Кум 19 жашта болгон жана Сан-Хоседеги Калифорния штатынын университетинин студенти болгон. Окуу менен ишти бир учурда алып кетүү кыйынчылык туудурганына байланыштуу Ян Кум ишти таандап, окуусун таштоого аргасыз болгон.

2007-жылы Ян Кум жана Брайан Эктон Yahoo компаниясынан жумуштан кетишкен соң, бир жыл боюу Түштүк Американы кыдырып саякаттап эс алышкан.

Ян Кум жана Брайан Эктон Facebook компаниясына жумушка орношушкан бирок штатка кабыл алынышкан эмес.

2009-жылы январда Ян Кум iPhone сатып алып App Store жаңы тиркемени жаратуунун келечеги жакшы экенин түшүнгөн. Ал досу Алекс Фишманга барып, бул ойлору менен бөлүшкөн. Сүйлөшү учурунда WhatsApp деген аталышты тандап алган. 33 жаш туулган кунундо Калифорнияда WhatsApp Inc деген аталыштагы компанияны негиздеген.

Узак талкуулардан жаралган WhatsApp 2009-жылы жарыкка чыккан, жыйынтыгында бул тиркемени жүзгө жакын достору гана көчүрүп алган. Бир аз убакыт өткөн соң Ян Кумдун мурунку СССРлик достору Whatsappты SMS ордуна колдоно башташкан, колдонуучулардын саны да бат эле өсүп баштаган. Ян Кум жумушсуз калган досу Брайан Эктонду компанияга кошулууга көндүргөн. Брайан Эктон WhatsApp Inc компаниясына 250 000 долларын инвестиция катары кошкондон кийин - бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири деген статуска ээ болгон.

2014-жылдын 9-февралында Марк Цукерберг Ян Кумду кечки тамакка чакырып, WhatsApp Inc компаниясын Facebookка сатууга келишим түзүүнү расмий түрдө сунуштаган. Он күндөн кийин Facebook компаниясы WhatsApp Inc компаниясын 19 миллиард долларга сатып алганын жарыялаган.

Facebook менен болгон түшүнбөстүктөрдөн улам 2018-жылдын апрелинде Facebook компаниясынын директорлор кеңешинен кетээрин жарыялаган[6] жана аналитиктер дээрлик 1 миллиард долларлык инвестицияланбаган акцияларын жоготуп жатат деп ойлошкон. Кийин анын дагы деле расмий түрдө Facebook компаниясында иштегени жана 450 миллион долларлык киреше тапканы аныкталган[7][8].

Кайрымдуулук иштери түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Ян Кум улуту боюнча жөөт. Ал өзүн ишкер же бизнесмен деп атоону жактырбайт.

Мурунку сүйлөшкөн кызы, Ян Кум ага сөз менен басынтып жана ур-токмокко алганын айтып берген, 1996-жылдын февралында Сан-Хоседеги сотто мурунку сүйлөшкөн кызына жакындоого тыюу салуу чечими чыккан.

2014-жылдын октябрь айында Ян Кум бул жоруктары үчүн уяларын билдирген.

Булактар түзөтүү

  1. Mazal Tov to Jan Koum of WhatsApp
  2. Айылдыктан миллиардерге чейин. Ян Кумдун өмүр таржымалы (орусча)
  3. WhatsApp: The inside story
  4. 4.0 4.1 Exclusive: The Rags-To-Riches Tale Of How Jan Koum Built WhatsApp Into Facebook's New $19 Billion Baby
  5. January Kum: communist Ukraine to 19 billion Whatsapp
  6. WhatsApp founder plans to leave after broad clashes with parent Facebook
  7. The WhatsApp founder who left Facebook is still employed, in an apparent move to vest remaining stock
  8. The billionaire cofounder of WhatsApp is ‘resting and vesting’ — showing up to Facebook and barely working to collect a $450 million payday

Тышкы шилтемелер түзөтүү