Яркенд хандыгы

тарыхый мамлекет.

Яркенд хандыгыЧыгыш Түркстандагы саясий-экономикалык жактан маанилүү шаарлардын бири. 16-кылымдын башталышында Моголстан мамлекети экиге бөлүнгөндө Яркенд батыш бөлүгүнүн борбору болгон. Кийин Яркенд ошол аймакта түзүлгөн Могол хандыгынын байтактысы жана ички араздашуулардан улам Чыгыш Түркстандагы өз алдынча хандыкка айланган. 17–18-кылымда шаарды калмактардын көзөмөлү менен жергиликтүү төбөлдөр башкарган. Кийинчерээк Яркенд «Алты шаар» аталган тарыхый аймактын жана Якупбек түзгөн Жетишаар мамлекетинин курамына кирген. Соңку орто кылымдардан кыргыздар Я-деги жергиликтүү калктын бири катары саясий турмушуна активдүү катышып турушкан.

Яркенд хандыгы
хандык
1514 — 1705



Борбор калаа Яркенд (1514—1596)

Кашкар (1595—1665)

Тил Чагатай тили
Дин Ислам
Калк уйгурлар
Моголстан
Жуңгар хандыгы
Кумул Хандыгы

Булактар

түзөтүү
  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек,2003, 465-б. ISBN 5-89750-150-5