Яунде (эл)
Яунде (евонде, евондо, бети) — Камерундагы фанг тобуна кирген эл. Алар Яунде шаарынын аймактарында жана Ньонг дарыясынын орто агымында жашашат.
Яунде | |
Яунде шаарындагы улуттук искусство жана маданият фестивалдын катышуучусу | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Тили |
евондо |
Дини |
Жергиликтүү салттуу ишенимдери, |
Расалык тиби | |
Кирет | |
Тууган элдер |
фанг элдери |
Тил түзөтүү
Сүйлөгөн тили же диалекти — евондо[2]. Ал тил же диалект банту уясынын курамына кирет.
Француз тилин билишет.
Дин түзөтүү
Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдер (ата-бабаларга сыйынуу, анимизм) карманышат. Калгандары христиандар (католиктер, протестантар).
Чарбалык иштер түзөтүү
Кол менен иштетилген тропикалык жер чарба (таруу, жүгөрү, ямс, маниок, таро) негизги салттуу кесиби болуп саналат. Андан тышкары плантацияларда (банан жана какао) жана өнөр-жай ишканаларда иштешет.
Кол өнөрчүлүк түзөтүү
Элдин салттуу кол өнөрү:
- жыгачтан жана пилдин сөөгүнө оюу (тотемдерден үй буюмдарына чейин);
- килем токуу;
- керамикалык буюмдарды жасоо.
Салттуу турак жай түзөтүү
Айылдар кыйла компакттуу, жолдорго жана дарыяларга жакын жайгашкан.
Турак жай тик бурчтуу формада, чатырлары бийик, ашкан, пальма бутактарынан же камыштан жасалган.