Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук

Үй-бүлөлүк зомбулук – Бул бир үй-бүлө мүчөсүнүн башкасына карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысым колдонушу. Үй-бүлөлүк зомбулук термини көбүнчө жубайлардын же интимдик өнөктөштөрдүн зомбулук актыларына карата колдонулат, бирок кеңири мааниде балдарга, ата-энелерге же кары-картаңдарга карата зомбулукту да камтыйт.

Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалымдуулукту илгерилетүү

Тарыхты түзөтүү

Тарыхта ар кайсы коомдордо көпчүлүк укук коргоо системалары аялды же балдарды уруу күйөөсүнүн башкарып жатканы же тарбия берүүсү деп эсептелген.[1]

Байыркы Русьтун үй-бүлөлүк турмушунун энциклопедиясы Домостройдо[2] мындай деп айтылат:

… Жазалоодо камчы менен акырын сабаңыз: акылга сыярлык жана азаптуу, коркунучтуу жана ден соолукка пайдалуу, бирок чоң күнөө үчүн ачууланганда, чоң жана коркунучтуу баш ийбестик менен шалаакылык үчүн жана башка учурларда көйнөгүн көтөрүп акырын камчы мене сабаңыз…

Мусулмандык коомдордо дагы аялдардын жүрүм-турумуна байланыштуу жаза деп эсептеген зомбулукка тыйуу салынган эмес.

… Ал эми баш ийбес аялдарга алгач насаат кылгыла, ага болбосо нике төшөгүнө жатпагыла, ага да болбосо оор залал келтирбестен сабагыла…

(«Ан-Ниса» сүрөөсү, 34-аят)

 
"Үй-бүлөлүк чыр" (1910) Токиодогу үй жашоосу, Джукичи Иноуэ

Батыш коомунда аялдарга мыйзамдуу укуктарды берүү зарылдыгы 17-кылымдын аягында айтыла баштаган. Алгачкылардан болуп Укуктук талаада 1641-жылы Массачусетс булуң колоннисттери тарабынан Body of Liberties[en] документи аркылуу үй-бүлөлүк зомбулукту чектөө аракеттери жасалган. Алар “турмушка чыккан аял күйөөсү тараптан ар кандай жаракаттарды албашы керек, мажбурлап чечинтилбеши керек” деп жарыялашкан.[3] 19-кылымда феминисттик кыймылдын акырындык менен күч алуусу аялдардын бир катар маанилүү укуктарын таанууга жетишкен. Бирок 19-кылымдын аягына чейин үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу социалдык-укуктук ченемдер негизинен салттуу жана патриархалдык бойдон кала берген.[4] 1845-жылы Орусияда кылмышкерлерди жазалоо жана түзөтүү боюнча мыйзамдар жыйнагында аял менен күйөөнүн ортосундагы зомбулукка байланыштуу өзүнчө берене пайда болгон.[5] Ал эми 1850-жылы Америка Кошмо Штатындагы Теннесси штаты аялды сабаганга тыюу салган биринчи штат болду.[6] 1878-жылы британдык “Никелешүү-ажырашуу процесстери жөнүндөгү” мыйзамда Улуу Британияда жашаган аялдарга зомбулук көрсөткөн күйөөсүнөн бөлүнүп жашоого уруксат берилген.[7] Ал эми XX кылымдын башында АКШда үй-бүлөлүк зомбулук болсо полиция кызматкерлери аралашып баштаган, бирок камакка алуулар аз болгон.[8] СССРде үй-бүлөлүк зомбулук темасы, адамга карата зомбулукка байланыштуу башка темалар сыяктуу эле, тыюу салынган. СССРде зомбулукка эч кандай негиз жок деп жарыяланган.[4]

Дүйнө жүзү боюнча ХХ-кылымдын аягына чейин мыйзамдын негизинде же күнүмдүк турмушта деле үй-бүлөлүк зомбулуктан коргогон учурлар сейрек болгон. Көпчүлүк укук коргоо системалары үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 1990-жылдары гана иш жүргүзүп башташкан.[9] Тарыхый маалыматтарда көп учурларда балдар ата-энеси тараптан көрсөтүлгөн зомбулуктан корголгон эместиги көрүнөт. Алсак, Байыркы Римде ата мыйзамдуу түрдө балдарын өлтүрө алган. Көпчүлүк маданий калыптанган көз караштар аталарга өз балдарын кулчулукка сатууга жол берген. Балдарды курмандыкка чалуу да кеңири таралган көрүнүш болгон.[10] Психиатр Генри Кемптин “Токмоктолгон балдардын синдрому” басылмасы чыккандан кийин балдарга карата зомбулукка коомчулук кеңири көңүл бура баштаган. Буга чейин балдардын алган жаракаты, кайра-кайра сынган сөөктөрү ур-токмоктун айынан деп каралган эмес. Анын ордуна дарыгерлер сөөк оорулары тууралуу жок диагноздорду издеп, ата-энесинин актанууларын угуп тим болушкан.[11]

Түрлөрү түзөтүү

Зомбулуктун төрт түрү кеңири жайылып жүрөт: физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык.

Физикалык түзөтүү

Физикалык зомбулук – жабырлануучуга физикалык зыян келтирүү, же денеге залал келтирүү максатында түз же кыйыр түрдө таасир этүү. Физикалык зомбулукка уруп-согуу, үйдөн чыгарбоо же киргизбөө,  ден соолукка, коопсуздукка же өмүргө коркунуч туудурган кырдаалдарды атайылап түзүү, биринчи жардам көрсөтүүдөн качуу, уктатпоо, тамак ичирбөө, баңгизаттарды же спирт ичимдиктерин мажбурлап колдонтуу кирет.

Психологиялык түзөтүү

Психологиялык зомбулук – жабырлануучуну сөз менен, же ымдоо-жаңсоо менен ызалантуу, басынтуу, кордоо. Жабырлануучунун үстүнөн үстөмдүк кылып, көзөмөлгө алууну көздөгөн адам максатына жетүү үчүн шантаж кылууга чейин барат. Психологиялык зомбулук  депрессияга, тынчсызданууга, өзүн өзү баалоонун төмөндөшүнө жеткизиши мүмкүн.

Экономикалык түзөтүү

Экономикалык же финансылык зомбулукта интимдик өнөктөшү биринин экономикалык ресустарын көзөмөлгө алуусу, чектөөсү же тартып алуусу. Үй-бүлө мүчөсүнө кысым көрсөтүү же документтерге кол коюуга, буюмдарды сатууга же мурасты же керээзди өзгөртүүгө мажбурлоо, иштөөгө жана акча табууга бөгөт кылуу экономикалык зомбулуктун түрлөрү болуп саналат. Аялдар каржылык жактан көз каранды болгон өлкөлөрдө экономикалык зомбулук оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Сексуалдык түзөтүү

Сексуалдык зомбулук – бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сексуалдык катнаштын түрдүү актысы, жыныстык катнашка аракет жасоо, сексуалдык мүнөздөгү ар кандай билдирүүлөр, сунуштар, денесин сатууга мажбурлоо аракеттери деп аныкталган. Мындай аракеттер зордуктоо, каалоого каршы бойго бүтүрүү же бойдон алдыруу, башка адамдар менен жыныстык катнашка мажбурлоо, жыныс мүчөлөргө зыян келтирүү менен коштолот.[12] Зомбулуктун бул түрүндө жабырлануучу психологиялык жактан катуу сокку жеп, аң-сезимине жана дене боюна катуу доо кетет.[13]

Көмөктөшүүчү факторлор түзөтүү

Үй-бүлөлүк зомбулукка көпчүлүк учурда өлкөнүн жашоо деңгээли, маданияты, дини, коомдук көз караштары таасир этет. Зомбулук муундан муунга өтүшү мүмкүн, себеби зомбулукту көргөн балдар муну кадыресе көрүнүш катары кабылдашат. зомбулукка туш болгондор физикалык жактан жабыркап, ачуулуу болуп, ден соолуктун өнөкөт көйгөйлөрүнө кабылышат, психикалык абалы бузулуп, каржылык көйгөйлөр жаралып, башкалар менен мамиле түзүүдөн коркуп калышы мүмкүн. Зомбулук көп орун алган үй-бүлөлөрдө жашаган балдар жаш кезинен эле психологиялык көйгөйлөргө дуушар болушат: башкалардан качып, бир нерседен бат коркуп, ачуусу бат келет, бул зыяндуу психологиялык травмага алып келиши мүмкүн.[14] Үй-бүлөдөгү зомбулукка карата социалдык көз караштар адамдарга, регионго, өлкөгө карап өзгөрөт. Кээ бир өлкөлөрдө күйөөсүнө караганда аялдын орду төмөн каралып, ага баш ийип турат деген көз караш калыптанган, мыйзамдарында да мүмкүндүк берилген. Алсак, Йеменде нике жөнүндөгү жоболордо аял күйөөсүнө баш ийиши керек, анын уруксатысыз сыртка чыкпашы керек деп жазылган.[15] Туркияда аялдар үйлөнгөндөн кийин эркектин фамилиясын алууга мыйзамдуу түрдө мажбурланууда.

Зомбулуктун кандай түрү болбосун себепчиси аны кадимки көрүнүш катары кабыл алуу эсептелет. Психоактивдүү заттарды ашыкча колдонуу, жумушсуздук, психикалык оорулар, кыйынчылык менен күрөшүүнүн жолун билбөө, зомбулук көрсөткөн адамга көз каранды болуу кийинки себептери болуп саналат.[16]

Консервативдик маданияттарда аялы ачык кийинип алса күйөөсү, туугандары тараптан зомбулукка туш болушу мүмкүн. Бул көпчүлүктүн ою боюнча туура деп саналат: Ооганстанда аялдардын 62,8%ы эгерде туура эмес кийинип алышса күйөөсү сабаганга укуктуу дешкен.[17]

Азиянын көпчүлүк бөлүктөрүндө уулдуу болуу артыкчылык катары саналып, кыздар төрөлгөндө энеси менен кошо зомбулукка кабылышы мүмкүн.[18] Салттуу коомдордо колуктунун кыздыгы бар-жогуна катуу маани берилип, талапка жооп бербеген аялдарга күйөөсү, жакындары тараптан зомбулук көрсөтүлөт; айызы жатканда коомдон оолак болууга түртөт; жыныстык органдарын жаракатка учураткан учурлар бар; зордуктоосун “жубайлардын укугу” деп ойлойт; “үй-бүлө намысы” жогору коюлат.[19] ЮНФПА: “Кээ бир өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялды уруп-сабоо, ар-намыстык өлтүрүү, аялдарды сүннөткө отургузуу жана сеп үчүн өлтүрүү сыяктуу аялдарга зыян келтирилген иштер күнүмдүк тартиптин бир бөлүгү катары каралат”,- деп жазат.[20]

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда өспүрүм куракта 18 жашка чейин никеге тургандар 12,2%ды түзөрүн, бул көрсөткүч айыл жеринде 14,2%га жетерин билдирген. Эрте никеге туруу көйгөйү коомчулукта бир топ убакыттан бери талкууланып келет. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1 беренесине ылайык, 18 жашка чейинки нике – кылмыш болуп саналат.[21]

Таасир эткен факторлор түзөтүү

Күч жана башкаруу түзөтүү

Негизинен зомбулук көрсөтүп жаткандар жабырлануучунун үстүнөн бийлик жүргүзүп, башкарып, көзөмөлгө алууну көздөйт.[22] Дүйнөдө зомбулукка көпчүлүк учурда аялдар жана балдар кабылышат.[23]

Кээде бир адам өзүнүн өнөктөшүнүн үстүнөн толук бийликти жана көзөмөлдү издейт жана ага жетүү үчүн ар кандай жолдорду, анын ичинде физикалык зомбулукту колдонот. Кылмышкер жабырлануучунун социалдык, жеке, кесиптик жана каржылык чечимдери сыяктуу жашоосунун бардык аспектилерин көзөмөлдөөгө аракет кылат.[24]

Көпчүлүк адамдар ырайымсыз мамилени, зомбулукту үй-бүлөдөгү чыр-чатак деп кабыл алып, жабырлануучулар (аял, эркегине карабай) бардык убакта укук коргоо органдарына кайрыла бербейт.[25] Ал эми зомбулук жасап жаткан адам кылгандарын туура деп ойлоп, актоого боло турган көрүнүш катары кабылдайт, башкалар да ага көз жумушат. Бул балдар жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда зомбулуктун кайталанышына, күчөшүнө алып келиши мүмкүн.[26] Үй-бүлөлүк зомбулуктун ар-намыс үчүн өлтүрүп коюу, кызды өрттөө, мажбурлап никеге тургузуу боюнча конкреттүү формаларына көп көңүл бурулуп келет.

Дүйнө боюнча орточо эсеп менен эркектердин 28%дан 41%га чейинкиси кээде эркек аялын уруп-сабоо керек экенине макул болушкан, ал эми Нигерияда аялдардын 79% аялдарды уруп-сабоо кээде негиздүү экенин айтышкан. Аялдарга жасалган зомбулуктун негиздүү болушуна анын ишенимсиздиги, жыныстык катнаштан баш тартуусу, урушуп-талашуусу, анын уруксатысыз кетип калуусу жана акчаны ысырап кылуусу кирет.[27]

Үй-бүлөдөгү зомбулук көбүнчө зомбулук аткарган адам укугу болгонуна, зомбулук алгылыктуу же негиздүү болгонуна ишенгенде, ошондой эле зомбулук тууралуу бөлөк кишилер же укук коргоочу органдарга кабарланбай турганына ишенгенде пайда болот. Көптөгөн адамдар өздөрүн зомбулук аткарган же жабырлануучу катары таанышпайт, анткени алар өз башынан өткөргөн окуяларды көзөмөлдөн чыгып кеткен үй-бүлөлүк чыр-чатак ​​катары кабыл алышы мүмкүн. Үй-бүлөлүк зомбулук мажбурлоо же жашы жете элек нике учурларында көп болот.[28]

Каада салттар түзөтүү

Жергиликтүү үрп-адаттар жана каада-салттар үй-бүлөлүк зомбулуктун айрым түрлөрүн сактоого жооптуу. Борбор Азия өлкөлөрүндө уулдарга артыкчылык берилгендиктен, көп кыз төрөлгөн үй-бүлөлөрдө аялга же кыздарга карата зомбулукка алып келиши мүмкүн. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ар кайсы коомдордо зомбулукка жол ачкан өз үрп-адаттары бар: эрте жана мажбурлап никеге туруу, калың жана сеп берүү; төмөнкү касталарды стигматизациялоо, аялдар үчүн катуу дресс-коддор; үйлөнүү тоюна чейин аялдын кыздыгын талап кылуу; айыз учурунда аялдарга тыюулар; аялдарды сүннөткө отургузуу; үй-бүлөнүн урматына берилген маани.[29]

2003-жылдагы  Human Rights Watch[en] мамлекеттик эмес уюмунун отчетуна ылайык, калың сыяктуу каада-салттар эркек аялынын сексуалдык ырайымдуулугун жана репродуктивдүү жөндөмдүүлүгүн сатып алгандыктан эркектердин жыныстык катнашта шарттарын коюуга жана күч колдонууга социалдык жактан уруксат берилгенин белгилейт.[30]

Биологиялык жана психологиялык теориялар түзөтүү

Изилдөөлөр үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдүн арасында психопатологиянын көп учурагандыгын аныкташкан. Мисалы, кээ бир изилдөөлөр көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк зомбулук кылган эркектердин болжол менен 80-90%ы диагноз коюуга мүмкүн болгон психопатологияны, көбүнчө инсандык бузулууларды көрсөтүшкөн.[31]

Д. Даттон аялдарын кордогон эркектердин психологиялык профилин изилдеп, алардын бала кезинде калыптанган инсандык бузулуулары бар деп ырастаган. Бирок бул психологиялык теориялар талаштуу: Р. Геллес үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу психологиялык теориялар чектелүү экенин айтып, башка изилдөөчүлөрдүн айтымында, эркектердин 10%ы (же андан азы) гана бул психологиялык профилге туура келерин белгилейт. Ал социалдык факторлор андан маанилүү экенин ырастаган.[32]

Зомбулукту алдын алуу түзөтүү

1993-жылы Бириккен Улуттар Уюму “Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүнүн стратегиялары: маалымдама колдонмосун” жарыялаган. Анда дүйнөдөгү өлкөлөрдү үй-бүлөдөгү зомбулукту кылмыштык акт катары кароого үндөп, үй-бүлө куруу укугу үй-бүлө мүчөлөрүнө ырайымсыз мамиле кылуу укугун камтыбайт деп белгиленет. Колдонмону жазуу учурунда көпчүлүк укук коргоо системалары үй-бүлөлүк зомбулукту кандайдыр бир деңгээлде мыйзамга туура келген көрүнүш деп санашкан да, ошол кездеги кырдаалды: “Физикалык күч колдонуу менен балдарды тарбиялоого уруксат берилген жана көпчүлүк укук коргоо системаларында жайылып келет. Ал эми денесине оор эмес залал келтирүү менен аялдарды жазалоого көпчүлүк өлкөлөрдө жол берилген, бул жүз жылдан бери болуп жаткан кадимки көрүнүш. Ошондой эле аялдардын каалоосу жок болсо да жыныстык катнашка мажбурлоосу кылмыш катары каралбайт. Жадакалса аялдар зомбулукка кабылган учурда козутууну өздөрү баштап, жазалоого чыдап, андан кандайдыр бир деңгээлде ырахат алат деген ишеним кенен жайылган”,- деп түшүндүргөн.[33]­­­­­­­­­­

1995-жылы Кытайда Аялдардын абалы боюнча IV Бүткүл дүйнөлүк конференция болуп өткөн. Анда Пекин иш-аракеттер платформасы кабыл алынган, атап айтканда, мамлекеттик структуралар аялдардын абалына, аларга карата зомбулукка улуттук, аймактык деңгээлде жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкөн коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта каршы күрөшүш керек деп белгиленген.[34]

 
Стамбул конвенциясын ишке ашырабыз деген жазуусу бар баннер, Стамбул.

Аялдарга карата зомбулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, токтотуу, ага каршы күрөшүү боюнча 2011-жылы Стамбулда кабыл алынган Европа Кеңешинин Конвенциясы, башка аты Стамбул Конвенциясы, үй-бүлөдөгү зомбулукка жана аялдарга карата зомбулукка байланыштуу Европадагы биринчи юридикалык документ болуп эсептелет.[35]

Индияда жыл сайын сеп жетишсиз деп табылгандыктан 5000 жаш аял өлөт.[36] 2005-жылы көп жылдык пропагандалоо жана аялдар уюмдарынын активдүүлүгүнүн натыйжасында “Аялды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган.

Конституциянын 24-беренесинде Кыргызстандын жашоочуларынын, анын ичинде аялдардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө эч кимдин акысы жок экени даана-так белгиленген. Ошондой эле жыныстык айырмачылык боюнча дискриминацияга тыюу салынган.[12] 1996-жылы Кыргызстан БУУнун Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жок кылуу тууралуу Конвенциясына кошулган. Бул өлкө аялдарга карата дискриминацияны, анын ичинде үйдөгү зомбулукту да жок кылуу саясатын жүргүзүү милдеттенмесин өзүнө алганын билдирет.  

2004-жылга чейин үй-бүлөлүк укук бузуулар Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин «Майда бейбаштык» беренесинин чегинде болгон. Бул беренеде  3төн 5ке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салуу же 15 суткага чейин камакка алуу түрүндөгү жаза чаралары каралган. 2004-жылы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, үй-бүлөлүк зомбулук өзүнчө кылмыш катары таанылган. Коргоо ордерлерин чыгаруу механизми пайда болгон. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске “үй-бүлөлүк зомбулук” түшүнүгү киргизилип, анда 5тен 10го чейинки эсептик көрсөткүчтө административдик айып салуу каралган. 2012-жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууда айып пулдун натыйжасыздыгына байланыштуу үй-бүлөлүк зомбулук үчүн айып пулдан тышкары 5 суткага чейин административдик камакка алуу каралган.

2019-жылы Жоруктар жөнүндө кодекстин ишке кириши менен үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга жазанын үч түрүнүн бири – 600дөн 800гө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып, 4 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары же 40тан 60 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу каралган. Үй-бүлөлүк зомбулук же убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы үчүн камакка алуу алынды. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар менен агрессорлор бирдиктүү бюджетке ээ болгондуктан, жабырлануучулар өздөрү айып пул төлөшү керек болуп калгандыктан арызын кайтарып алышат. Ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык, милиция кызматкерлери агрессорду үч сааттан ашык кармоого укугу жок калды жана аялдын милицияга арыздануусунан улам күч колдонуу коркунучу күчөйт дейт эксперттер.[37]

Ошондой эле жыл сайын БУУ тарабынан кыздарга жана аялдарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция уюштурулуп келет. 16 күндүк акция аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка байланыштуу жымжырттыкты жоюуга жана басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган.[38]

Статистикасы түзөтүү

 
Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдүн саны. Бул сан реалдуу учурлардан дайыма азыраак. Статистикага коргоо ордери берилген адамдар гана кирет. Булак: Улуттук статистикалык комитети.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү 736 миллион аял, же ар бир үчүнчү аял өмүрүндө физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылат. зомбулук эрте башталышы менен мүнөздөлөт: мамиледе болгон ар бир төртүнчү аялдын бири (15-24 жаштагы) 25 жашына чейин интимдик өнөктөшүнөн зомбулукка кабылган.[39] 2020-жылдагы коронавируска байланыштуу жарыяланган карантинде дүйнө боюнча үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны 20%га өскөн.[40]

Кыргызстанда, расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2015-жылга чейин жылына 2500дөн 3500гө чейин зомбулук учур катталып турган. 2016-2018-жылдары бул көрсөткүч 7000ден түшкөн эмес. Алардын дээрлик 90%ы сотко жетпей жабылып калган. 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 6145 учуру катталган. Бул көрсөткүчтүн 90%ында аялдар жабыр тарткан. 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланганда көрсөткүч 62%га көбөйгөн.[41] Ал эми 2021-жылдын алгачкы эки айында эле Кыргызстанда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 1463 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталган.[42]

Демографиясы түзөтүү

Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу гендердик айырмачылыкты билүүгө зомбулук тууралуу бардык адам кабарлай бербегени тоскоолдук жаратып келет. Эркектердин зомбулукка кабылышы дүйнө боюнча болжолдуу түрдө 10%га жетпейт. АКШнын сексуалдык зомбулук боюнча улуттук борборунун статистикасы боюнча, ар бир алтынчы эркек өмүрүндө “каалоосуз сексуалдык байланыштарга” туш болот. Алар үч жылдык (2010-2012) статистиканы изилдөөгө негизделген жана эркектерди зордуктоо, куугунтуктоо жана ар кандай курактагы, ар кандай жыныстагы адамдарга болгон травматикалык сексуалдык тажрыйбаларды камтыйт.[41] Эркектер өнөктөштөрүн ур-токмокко алып, муунтса, аялдар көп нерселерди ыргытып, чаап, тепкилеп, тиштеп, муштап же предмет менен ургулашары маалым болгон.[43] Эгерде аял тарабынан эркектерге зомбулук көрсөтүлсө көпчүлүк учурда өзүн, балдарын коргоо үчүн жасалары белгиленет.[44]

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту дүйнө жүзү боюнча эң кеңири тараган адам укуктарын бузуулардын бири деп тапкан.[45] ЮНИСЕФтин изилдөөсү боюнча, күйөөлөрүнүн каалоосун аткарбай койгондугу үчүн аялды ур-токмокко алуу туура деп эсептеген эркектер Ооганстан, Иордания, Гвинеяда 80-90%ды түзөт. Ал эми Тажикстанда эркектер аялы ага айтпай сыртка чыкса 62%, аны менен талашып-тартышса 68%, аны менен интимдик катнашка баруудан баш тартууну 47%ы туура деп билдиришкен.[46]

Бүгүнкү күндө балдарды ата-энелери тарабынан уруп-согуп жазалоосу көпчүлүк өлкөлөрдө мыйзамдуу бойдон калууда. Ата-энелердин баласын ур-токмокко алып жазалоого тыюу салган биринчи өлкө Швеция болгон: ата-энелердин балдарын сабоо укугу биринчи жолу 1966-жылы[47] жоюлган жана 1979-жылдын июлунан тартып мыйзам тарабынан ачык түрдө тыюу салынган. 1979-жылдан 2022-жылга чейин 63, анын ичинен 35 Европа өлкөлөрүндө ата-энелер тарабынан сабап жазалоого тыюу салынган.[48] Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун саны 2019-жылы 28%га көбөйгөн. Кыргызстанда балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук кеңири жайылган көрүнүш болуп, түздөн-түз балдар укуктарын бузууда. Өлкөдөгү балдардын 73%ы үй-бүлөдөгү таш боор, тоготпогон мамиледен жапа чексе, 83,5%ы мектептеги зомбулуктун курмандыгы болгон.[49] Күндөн-күнгө балдарга карата зомбулук күч алып жатканы өкүндүрүп келет. 2019-жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылып, оор акыбалда калган 7981 бала табылган. Анын ичинен зомбулук көрсөткөн 57 жаран камалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы балдарга каршы жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып тизмектеген кылмыштардын саны 2017-жылы 600дөн ашканын айткан. 600дөн ашуун кылмыштын ичинен 127си жыныстык зомбулук болгон. Бул ачыкка чыккандары эле, чыкпаганы канча? зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарды социалдык жактан коргоо жана реабилитациялоо үчүн ЮНИСЕФ Өкмөткө балдарды коргогон органдар тарабынан мындай балдарды коргоо боюнча туруктуу система түзүүгө жардам берип келет.[50]

Колдонулган маалымат булактары жана шилтемелер: түзөтүү

  1. The Editors of Encyclopedia Britannica, Domestic violence, Encyclopedia Britannica Online.
  2. Домострой https://lib.pravmir.ru/library/readbook/1976 Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  3. Ward, Nathaniel The Massachusetts Body of Liberties (1641). Hanover Historical Texts Project, History Department, Hanover College.
  4. 4.0 4.1 И. Геронимус, Корни домашнего насилия Archived 2022-07-05 at the Wayback Machine (орус.). // Отечественные записки № 2 (53) 2013
  5. Артем Солодков. Семейное дело: как в России менялось наказание за домашнее насилие. Үчтүн айынын 25, 2017. Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  6. Kleinberg, S. J. (1999), The industrial era, in Kleinberg, S. J., Women in the United States, 1830—1945, (англ.) New Brunswick, New Jersey: Rutgers University Press, б. 143, ISBN 9780813527291
  7. Abrams, Lynn. Crime against marriage? Wife-beating, the law and divorce in nineteenth-century Hamburg // Gender and crime in modern Europe (англ.) / Arnot, Margaret L.; Usborne, Cornelie. — London: Routledge, 1999. — б. 123. — ISBN 9781857287455. — doi:10.4324/9780203016992-9.
  8. Lentz, Susan A. Revisiting the rule of thumb: an overview of the history of wife abuse (англ.) // Women & Criminal Justice : journal. — 1999. — Vol. 10, no. 2. — P. 9—27. — doi:10.1300/J012v10n02_02.
  9. Smith, Bonnie G. (2008), Domestic violence: overview, in Smith, Bonnie G., The Oxford encyclopedia of women in world history, (англ.) Oxford England New York: Oxford University Press, б. 94, ISBN 9780195148909
  10. Szasz, Thomas. Cruel compassion: psychiatric control of society's unwanted (англ.). — Syracuse, New York: Syracuse University Press, 1998. — ISBN 9780815605102.
  11. Young-Bruehl, Elisabeth. Childism: Confronting Prejudice Against Children (англ.). — New Haven, Connecticut: Yale University Press, 2012. — ISBN 978-0-300-17311-6.
  12. 12.0 12.1 М. Сулайманова, Теке айынын 9, 2021. Кыргызстан: үйдөгү зордук-зомбулук учурунда эмне кылуу жана кайда кайрылуу керек? Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  13. Аял, тынчтык жана коопсуздук // БУУнун расмий сайты. http://www.un.org/ru/events/women/sc/
  14. Schechter, Daniel S.; Zygmunt, Annette; Coates, Susan W.; Davies, Mark; Trabka, Kimberly A.; McCaw, Jamie; Kolodji, Ann; Robinson, Joann L. Caregiver traumatization adversely impacts young children’s mental representations on the MacArthur Story Stem Battery (англ.) // Attachment & Human Development : journal. — 2007. — Vol. 9, no. 3. — P. 187—205. — doi:10.1080/14616730701453762.
  15. Amnesty International[en] Yemen's dark side: discrimination and violence against women and girls (англ.). — Amnesty International, 2009.
  16. Newman, Willis C. & Newman, Esmeralda (2008), Domestic violence: causes and cures and anger management, (англ.) Tacoma, Washington: Newman International LLC, с. 11, ISBN 9781452843230
  17. Monitoring the Situation of Women & Children. Afghanistan Multiple Indicator Cluster Survey 2010/2011. Central Statistics Organisation. UNICEF. January 2013.
  18. Т.Ярмощук, А.Мираксумова, Мальчик или аборт. Почему на Кавказе и в Азии некоторые избавляются от неродившихся девочек, 2018 (орус.). https://www.currenttime.tv/a/29602469.html
  19. UNFPA[en]. Addressing harmful traditions in a refugee camp in Chad (англ.). — United Nations Population Fund, 2008.
  20. UNFPA. Taking a stand against practices that harm women. (англ.) United Nations Population Fund (2015). Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  21. Аялдарга жардам берүү борбору. Эрте никеге туруу көйгөйүн биргелешип токтотолу http://wsc.kg/erte-nikege-turuu-k-jg-j-n-birgeleship-toktotolu/(жеткиликсиз шилтеме) Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  22. Ни закона, ни справедливости: Насилие в отношении женщин в России (орус.) Под ред. Марины Писклаковой-Паркер и Андрея Синельникова. — М., 2010. Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  23. McQuigg, Ronagh J.A. (2011), Potential problems for the effectiveness of international human rights law as regards domestic violence, in McQuigg, Ronagh J.A., International human rights law and domestic violence: the effectiveness of international human rights law, Oxford New York: Taylor & Francis, с. 13, ISBN 9781136742088
  24. About family violence, 2022. https://www.justice.gc.ca/eng/cj-jp/fv-vf/about-apropos.html Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  25. Concannon, Diana. Kidnapping: An Investigator's Guide (англ.). — Newnes, 2013. — P. 30. — ISBN 978-0123740311.
  26. Halket, Megan Mcpherson; Gormley, Katelyn; Mello, Nicole; Rosenthal, Lori; Mirkin, Marsha Pravder. Stay with or Leave the Abuser? The Effects of Domestic Violence Victim's Decision on Attributions Made by Young Adults (англ.) // Journal of Family Violence: journal. — 2013. — Vol. 29. — P. 35—49. — doi:10.1007/s10896-013-9555-4.
  27. Joanna Bunker Rohrbaugh, Domestic Violence in Same-Gender Relationships (англ.). Family Court Review W, Vol. 44 No. 2, April 2006 287–299.
  28. UN. Child Marriages: 39,000 Every Day – More than 140 million girls will marry between 2011 and 2020 (англ.). Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  29. Harmful Traditional Practices in Three Countries of South Asia: culture, human rights and violence against women // Gender and Development Discussion Paper Series No. 21 (англ.). https://www.unescap.org/sites/default/d8files/knowledge-products/SDD_pub_2530.pdf
  30. Human Righs Watch. Policy paralysis: a call for action on HIV/AIDS-related human rights abuses against women and girls in Africa, 2003 (англ.). https://www.hrw.org/reports/2003/africa1203/africa1203.pdf
  31. Dutton, Donald. (1994). Patriarchy and Wife Assault: The Ecological Fallacy. Violence and victims. (англ.) 9. 167-82. 10.1891/0886-6708.9.2.167.
  32. Brandt F. Steele 2005, Child Abuse & Neglect (англ.).// Child Abuse & Neglect 29 (2005) 207–208 // DOI: 10.1016/j.chiabu.2005.02.009
  33. Strategies for confronting domestic violence: a resource manual. (англ.) — Нью Йорк: Бириккен Уллуттар Уюму, 1993. — ISBN 9789211301588
  34. Пекинская декларация, 1995 (орус.).https://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/pdf/BDPfA%20R.pdf
  35. The Convention of Belém do Pará and the Istanbul convention: a response to violence against women worldwide (англ.). (Flyer for side-event at the 58th session of the Commission on the Status of Women.)
  36. H. Mayell, Thousands of women killed for family "honor", (англ.) National Geographic News, National Geographic Society. Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  37. А. Капушенко, На виду у всех. Как женщины в Кыргызстане подвергаются насилию в семье и почему виновных сложно наказать, 2020 (орус.).
  38. БУУ. Кыргызстанда Гендердик Зордук Зомбулукка каршы 16-күндүк кампания башталды, 25 ноябрь 2020 // Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  39. ВОЗ. Повсеместная опасность: каждая третья женщина в мире подвергается насилию. 9 марта 2021 г. (орус.). Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  40. Impact of the COVID-19 Pandemic on Family Planning and Ending Gender-based Violence, Female Genital Mutilation and Child Marriage (англ.).
  41. 41.0 41.1 Политклиника. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 30 пайызга өстү. https://pk.kg/news/inner/23744/ Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  42. Бакыт Төрөгелди уулу, Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөндүн үстүндө 30-Март, 2021 // Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  43. Chan, Ko Ling. Gender differences in self-reports of intimate partner violence: a review (англ.) // Aggression and Violent Behavior[en] : journal. — Vol. 16, no. 2. — б. 167—175. — doi:10.1016/j.avb.2011.02.008.
  44. Loseke, Donileen R.; Gelles, Richard J.; Cavanaugh, Mary M. Current Controversies on Family Violence (англ.). — SAGE, 2005. — ISBN 9780761921066.
  45. UNFPA Gender-based violence. unfpa.org. United Nations Population Fund. Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  46. State Committee on Statistics of the Republic of Takistan. Tajikistan multiple indicator cluster survey 2005, final report (англ.). — Dushanbe, Tajikistan: State Committee on Statistics of the Republic of Takistan, 2007
  47. Durrant, Joan E. The Swedish Ban on Corporal Punishment: Its History and Effects // Family Violence Against Children: A Challenge for Society (англ.) / Frehsee, Detlev et al.. — Berlin: Walter de Gruyter, 1996. — P. 19—25. — ISBN 978-3-11-014996-8. Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  48. Балдарды, анын ичинде үйдө денелик жазалоонун бардык түрлөрүнө тыюу салган мамлекеттер. https://endcorporalpunishment.org/countdown/ Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  49. UNICEF Kyrgyzstan. Балдарга карата зомбулукту токтотуу Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.
  50. UNICEF Kyrgyzstan. Ар бир бала үчүн коргоо Кирүү күнү: бугу айынын 5, 2022.