Кушбек Үсөнбаев

Үсөнбаев Кушбек‎»‎ барагынан багытталды)

Кушбек Үсөнбаев (1928, Чүй облусу, Москва району, Чоң-Арык айылы – 1999, Бишкек) – тарых илиминин доктору (1968), профессор (1982).

Кыргыз УИАнын корр. мүчөсү. Ал кыргыздын чыгаан тарыхчысы, 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн тарыхы боюнча бараандуу адис.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Үсөнбаев Кушбек 1928-жылы Кыргызстандын азыркы Чүй облусунун Москва районуна караштуу Чоң-Арык айылында туулган.

1951-жылдан Кыргызстан ИАда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, тарых музейинин директору, Тарых институтунда бөлүм башчы, 1989-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер.

Революцияга чейинки кыргыз тарыхы боюнча белгилүү адис.

1999-жылы Бишкекте каза болгон.

Илимий мурасы түзөтүү

Анын изилдөөлөрү Кыргызстандын Россияга бириктирилиши жана анын натыйжалары, 19–20-кылымдардын башындагы саясий түзүлүш жана коомдун социалдык-экономикалык өнүгүшү, улуттук-боштондук кыймылы сыяктуу орчундуу маселелерди кучагына алат.

Ал 200дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 10 китептин автору.

Куугунтукталган учурун эскерүүсү түзөтүү

"(Кыргызстан КП БКдагы) Пленум 1983-жылдын май айынын аяк ченинде болду. Мен ошол пленумда атым аталаарын түк күткөн жок элем. Бирок, тилекке каршы, гезитти ала койсом эле бадырайып өзүмдүн аты-жөнүм жүрөт. Айтылганда да абдан терс айтылыптыр. Бул пленум идеологиялык маселеге арналган болучу, анда жалаң гана Үсөнбаев эмес, бирин-экин кишилер да, өңгөчө Т.Касымбеков "Сынган кылыч" боюнча катуу сынга алынды.

Мен өзүм жөнүндө айтайын: ошол убакта менин бир кол жазмам "Илим" басмасында жаткан эле. Ал орус тилинде "Народные движения в Средней Азии в ХIХ веке (по материалам Кыргызстана)" деп аталчу. Анда ошол Анжыян көтөрүлүшүнө, Кокон көтөрүлүшүнө, ж.б. көтөрүлүштөргө кеңири токтолууга аракет кылгамын. Колуман келишинче архивдик материалдарга ширетейин деген аракетим болду эле.

Айтмакчы, ал колжазма чийкирээк эле, себеби ал кезде, "план издания" деп койчу, ошого жазылып калгандан кийин кол жазмаң турбаса тизмеден алып салчу, кайра киргизчү эмес, ошондуктан чийки эле машинкеге басып, биринчи вариантын алып барып берип койдум эле. Кайдан-жайдан болуп, Борбордук Комитетке кимиси алып барып суна салганын билбейм, айтор жанагинтип пленумга сүйрөп чыгып айтып калды.

Айтканда мага кандай күнөө койду: биринчиден, "Түштүк Кыргызстанды "завоевание", "каратып алуу" деп айтканмын, "каратып алуу эмес, өз эрки менен кошулуу деп жазбайсың", -деди. Дагы ошого байланыштуу күнөө: Скобелев деген генерал болгон, ал киши жалпы Орто Азияны тизесине чейин кан кечип жүрүп караткан адам эле, айтмакчы, ал Николай Iнин киндик баласы экен (христиандарда эркек баланын киндигин эркектер кесет), падыша өкмөтүнүн тушунда анын киндигин ак падыша өзү кескен экен. Атасы "Зимний Дворецтин" маңдайындагы "генералдык штатта" иштептир. Кыскасы, анын атасы падышанын оң колу болуп турган.

Ал эми бул падышанын өз баласы катары болуп калган. Ошондуктан падышанын "каратып алуучулук" саясатын толук жүргүзгөн киши. Ушу кишини "баскынчы" деп койгонсуң деп күнөөлөдү.

Дагы мага күнөө койгону: Кокон көтөрүлүшүнүн жетекчиси "Полот хан" эмеспи, ошону сен көтөрүлүштүн "накта жетекчиси" деп мактагансың дейт. Анан ага кошумча Курманжан датканын улуу баласы, өзгөчө Абдылдабек дегени башынан аягына чейин көтөрүлүшкө катышып, аягында Ооганстанда тонолуп өлгөн, анын сөөгүн алып келип Мадыга койду. Сен ошону улуттук баатыр деп мүнөздөп койгонсуң деди. Мына ушуга окшогон күнөөлөр коюлду.

Менин кол жазмамын ошол пленумда катуу сынга кабылганына ушул убакка чейин мен таң калам. Алгач андан 30 жыл мурда москвалык окумуштуулардын таландысында калып, андан Исхак Раззаков аман сактап калган эле.

Бул жолу өзүбүздүн эле партиялык мыкчыгерлер кайра ур токмокко алып жатпайбы. Жакшы жери - мен ошол убакта кандай жазсам, эми так ошондой болуп, жазылган окуялар, Кокон көтөрүлүшү, Полот хан, Абдылдабек дал ошондой болуп жарык көрүп жатат". (Китеп 1999-жылы басылган. - К.М.). (Кыяс Молдокасымовго курган маектен Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine).

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991),

Кыргыз Республиканын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлык лауреаты (1970).

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Усенбаев К.У. Народные движения в Средней Азии в XIX веке: По материалам Кыргызстана. - Бишкек: Фонд гражданского развития, 1998. - 152 с.
  • Усенбаев К.У. 1916: героические и трагические страницы. - Бишкек: Шам, 1997. - 201 с.

Ал тууралуу кыскача адабият түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. Бишкек, 2003.
  • Хасанов А.Х. Народные движения в Киргизии в период Кокандского ханства. - М.: Наука, 1977. - 93 с.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү