Үсөнбек Асаналиев (1932–жылы 14-августта Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган) - түрколог, котормочу, акын, комузчу, филология илимдеринин доктору (2004), Эл агартуунун отличниги (1985), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (1999).

1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн,

1956-1959 - Дархан орто мектепте мугалим,

1959-1969 - [[Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкер,

1971 - Кыргыз мамлекеттик университетинин тил илими кафедрасынын окутуучусу,

1990-1993 - кафедра башчысы,

1993-2001 - Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университеттин доценти, кафедра башчысы болуп эмгектенген.

2002-жылдан аталган университеттин «Ардактуу профессору»,

2001-жылдан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин ректорунун кеңешчиси, кыргыз тили илими кафедрасынын профессору болгон.

1967-жылы «Лобнор тилинин кыскача грамматикалык очерки» аттуу кандидаттык диссертация жактаган.

«Сөз сөөлөт» (1999), «Ой оомат» (2000), «Кеп-кербен» (2002), «Арзуу» (2003), "Акылман уку" (2004), «Жакшы сөз – жан азыгы» макал-лакаптар жыйнактар менен катар

«Ак сөз арыбайт», «Хакас эл жомоктору» (1974), «Чыгыш элдеринин макал-лакаптары», «Орус эл жомоктору» (1985), «Белорус эл жомоктору» (1987) котормолордун автору.

Анын «Кашка-Суу», «Кен Каркыра», «Карамолдону эскерүү», «Өмүр», «Сагыныч» аттуу күүлөрү бар.

1959-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы менен сыйланган.

2002-жылдан Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсионер.

Эмгектери:

Лобнор тилинин кыскача грамматикалык кыскача очерки. Ф., 1964.

Талас районунун жазуу эстеликтери. Б., 1993.

Орхон-Енисей жазууларына машыгуу. Б., 1994.

Тунгус-манжур, монгол, байыркы түрк жана кыргыз тилинин кээ бир лексикалык параллелдери. Каракол, 2003.

Маалымат булактары:

Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Бишкек, 2006. 540-б.