Үч-Кароол
Үч-Кароол — "Манас" эпосундагы топоним. Радлов жазып алган вариантта Манас кырк чоросуна кайрылып:
Сагындык саргыл минели, чором,
Эриксек кулан аталы, Чором,
Эрикпесе мөйрөгө аталы, чором,
Үч-Кароолго баралы, чором,
Айдаркан уулу Көкчөдөн, чором,
Көкала ат сурап берген жок, чором... (Радлов жазып алган вариант, 190) дегени эскерилет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4