Өлчөө каражаты – өлчөөнүн эксперименттик бөлүгүн жүргүзүүдө колдонуучу, метрологиялык касиеттерге ээ болгон техникалык аспаптар.Өлчөө каражатына ченөөчү, өлчөөчү аспаптар, өлчөгүч орнотмолор жана системалар кирет. Өлчөөчү чоңдуктардын көп түрдүүлүгүнө байланыштуу Өлчөө каражатынын иштөө принциби да көп түрдүү. Өлчөө каражатыты (механикалык, электрдик, магниттик, оптикалык, химиялык ж. б.) кубулуштардын негизинде жатат. Өлчөө каражаты тескөө түзүлүшүндө белги берүүдө, өндүрүш процессин башкарууда, ЭЭМде, маалыматтарды топтоодо кеңири колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,