13 киши өлтүргүч
"13 киши өлтүргүч" (жапончо: 十三人の刺客 - Jūsannin no Shikaku, англ. 13 Assassins, орус. 13 убийц) - 2010-жылы Такаси Миике тарткан жапон жидайгеки тасмасы. Сценарийин Дайсуке Тенган 1963-жылы Эиичи Кудо тарткан ак-кара түстөгү окшош аталыштагы тасмасына таянып жазган. Эркин түрдө тарыхка таянган самурай эпикалык тасмада Эдо доорунун 1844-жылы 13 киши өлтүргүч (12 самурай жана 1 аңчыдан турат) Акаши уруусунун зөөкүр башчысы Мацудайра Нарицугу Сегун кеңешине дайындала электе өлтүрүүнү жашыруун пландашат.
13 киши өлтүргүч | |
---|---|
Режиссеру | Такаси Миикэ |
Продюсер |
|
Сценарийи | Дайскэ Тэнган |
Оператору | Нобуясу Кита |
Негизинде |
13 Assassins автору: Эиичи Кудо |
Тартылгандар | |
Музыкасы | Эндо Кодзи |
Редактору | Кэндзи Йамашита |
Чыккан жылы |
|
Узактыгы | 125 мүн.[1] |
Өлкөсү |
![]() |
Тили | Жапон |
Бюджети | $6 млн |
Киреше | $17.5 млн[2] |
Тасмага Кодзи Якусө, Такаюки Ямада, Сосуке Такаока, Хироки Мацутака жана Казуки Намиукини камтыган курамдык топ катышкан. Бул Ямада жана Такаока чогуу катышкан 3-тасма, мындан мурун Миике тарткан "Нөл Каргалар" жана "Нөл Каргалар 2" тасмаларында чогуу тартылышкан. Тасма тартуу 2009-жылы июлдан сентябрга чейин 2 айда Жапониянын түндүк тарабындагы Цуруока, Ямагата аймактарында тартылган. "Toho" тасманы Жапонияда 2010-жылы 25-сентябрда, ал эми "Magnet Releasing" АКШда 2011-жылы 29-апрелде жарыкка чыгарган. Тасма жалпы жонунан мактоого татып, киносынчылар өндүрүү баалуулугун, каармандарды жана Акира Куросаванын "7 самурай" тасмасынан кийинки эле мыкты сюжет деп макташкан.
Сюжет
түзөтүүТартылгандар
түзөтүүШилтемелер
түзөтүү- ↑ 13 Assassins (15). British Board of Film Classification (16 February 2011). Текшерилген күнү 4 -ноябрь (жетинин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.
- ↑ 13 Assassins (2011). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 30 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 12 -сентябрь (аяк оона) 2016.