15 Октябрь (Тогуздун айы)
Сентябрь – Октябрь – Ноябрь | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
29 | 30 | 31 |
15 октябрь — жылдын 288-чү күнү (толук жылда 289-чи күн), Григорий календары боюнча жылдын аягына чейин 77 күн бар.
← октябрь → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | 2 | 3 | 4 | |||
5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 |
26 | 27 | 28 | 29 | 30 | 31 | |
2024-ж. |
Майрамдар
түзөтүүОкуялар
түзөтүүТөрөлгөндөр
түзөтүү- 1921 - Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев төрөлгөн.
- 1936 - Кыргыз Эл акыны Сейит Жетимишев төрөлгөн.
- 1960 - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыныбай Турсунбеков төрөлгөн.
Каза болгондор
түзөтүү15-октябрь Эл аралык элет аялдарынын күнү
1570-жылы: Учурдагы Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаары негизделген. (442 жыл мурун.)
1814-жылы: Орус акыны Михаил Лермонтов төрөлгөн. (198 жыл мурун.)
1829-жылы: Марстын Деймос жана Фобос аталышындагы спутниктерин ачкан жана алардын орбиталарын эсептеген америкалык астроном Асаф Холл жарыкка келген. (183 жыл мурун.)
1833-жылы: Поляк композитору, “Мекен менен коштошуу” полонезинин автору Михаил Огинский көз жумган. (179 жыл мурун.)
1844-жылы: Немис ойчулу Фридрих Ницше жарык дүйнөгө келген. (168 жыл мурун.)
1888-жылы: Орусиядагы алгачкы күрөөкана Вологда шаарында ачылган. (124 жыл мурун.)
1917-жылы: Биринчи дүйнөлүк согуштун тыңчыларынын бири, бийчи Мата Хари (чын аты-жөнү Маргарета Гертруда Целле) көз жумган. (95 жыл мурун.)
1920-жылы: “Чокундуруучу ата” (“Крёстный отец”) романынын автору, теги италиялык Марио Пьюзо төрөлгөн. (92 жыл мурун.)
1921-жылы: Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев жарык дүйнөгө келген. (91 жыл мурун.)
1936-жылы: Кыргыз Эл акыны Сейит Жетимишев туулган. (76 жыл мурун.)
1940-жылы: Чарли Чаплин өзү башкы ролдо ойногон “Улуу диктатор” тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган. (72 жыл мурун.)
1946-жылы: Улутчул Германиянын жана гестапонун жетекчилеринин бири Герман Геринг өлүм жазасына тартылардан бир нече саат мурун уу ичип өлгөн. (66 жыл мурун.)
1960-жылы: V чакырылыштагы ЖКнын депутаты, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков төрөлгөн. (52 жыл мурун.)
1962-жылы: 13 күнгө созулган кубалык ракеталык кризис башталган. Ошондо АКШ менен СССРдин тирешүүсү дүйнөнү ядролук согуш коркунучуна ептелткен. (50 жыл мурун.)
1970-жылы: Ата-бала Бразинскастар Сухуми-Батуми каттамындагы "Аэрфлоттун" Ан-24 учагын басып алып, стюардессаны өлтүрүп, экипажды Түркиянын Трабзон шаарына айдоону буюрушкан. (42 жыл мурун.)
1976-жылы: Орусиялык эстрада жана опера ырчысы Николай Басков жарыкка келген. (36 жыл мурун.)
1985-жылы: СССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин отурумунда Михаил Горбачёв экономикалык кайра куруу планын жарыялаган. (27 жыл мурун.)
1988-жылы: Футболчу, “Реалдын” жарым коргоочусу Месут Өзил төрөлгөн. (24 жыл мурун.)
1992-жылы: Көптөгөн жаш балдарды жана аялдарды өлтүргөн Андрей Чикатило 52 кишини өлтүргөнгө күнөөлүү деп таанылган. (20 жыл мурун.)
1995-жылы: Иракта өткөн президенттик шайлоодо Саддам Хусейн шайлоочулардын 99,96 пайыз добушун алып, өлкө болуп шайланган. (17 жыл мурун.)
1999-жылы: Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине өзбекстандын бийлигинен кыргыз бийлигине түштүк аймагын турукташтыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирген нотасы келген. (13 жыл мурун.)
2006-жылы: Ош шаардык кеңешинин депутаты, Ош шаарындагы өзбек маданий борборунун жетекчиси Айбек Алимжанов “Ала-Тоо” кафесинде кылмышкердин огунан көз жумган. (6 жыл мурун.)
2007-жылы: Бишкекте бийликтин партиясы аталган “Ак жол” партиясы түзүлгөн. Бул күнү аталган партиянын 1-Курултайы өткөрүлгөн. (5 жыл мурун.)