5 Октябрь (Тогуздун айы)
(«5-октябрь» барагынан багытталды)
5 октябрь (кырг. Тогуздун айынын беши) — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 278-чи күнү, жылдын аягына чейин 87 күн (толук жылда 88) күн бар.
← октябрь → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | |
7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 |
28 | 29 | 30 | 31 | |||
2024-ж. |
Майрамдар
түзөтүү- Боливия - Инженерлер күнү.
- БУУ - Мугалимдер эл аралык күнү.
- Вануату - Конституция күнү.
- Индонезия - Куралдуу Күчтөр күнү.
- Кыргызстан - Ош шаары күнү.
- Орусия - Кылмыш иликтөө кызматкерлер күнү.
- Португалия - Республика күнү.
- Тажикстан - Мамлекеттик тил күнү
Окуялар
түзөтүү- 1918 - Түркстан АССРинин Конституциясы кабыл алынган.
- 1964 - Фрунзеге СССРдин учкуч-космонавты Андриян Николаев келген.
- 1978 - Кыргыз көркөм искусство музейинде Пишпек-Фрунзенин 100 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылган.
- 1988 - Ысык-Көл жана Нарын облустары бириктирилип, жаңы түзүлгөн облус Ысык-Көл облусу деп аталган
- 1996 - Бишкек-Ош автоунаа жолун кайра куруу иши башталган.
- 1999 - Кыргыз аскерлери Баткен районунун Зардалы айылын исламчылардан тазалаган.
- 2000 - Ош шаарынын 3000 жылдыгына арналган маараке өткөн.
- 2008 - Алай районунун Нура айылында 8 баллдык жер титирөө болуп, 75 адамдын өмүрүн алып кеткен
- 1502 - Христофор Колумб Коста-Риканы ачкан.
- 1550 - Чилидеги Консепсьон шаары негизделген.
- 1665 - Германияда Киль универститети уюшулган.
- 1823 - Англияда "Ланцет" медициналык журналынын 1-саны басылып чыккан.
- 1857 - АКШдагы Анахайм шаары негизделген.
- 1864 - Циклон индиялык Калькутта шаарын чоң кыйроого алып келди, 30,000 адам кайтыш болгон.
- 1905 - Уилбур Райт "Райт Флайер III" учагынын жардамы менен 39мүнөттүн ичинде 38км учуп, 1908-жылга чейин турган дүйнөлүк рекордду койгон.
- 1908 - Болгария Осмон империясынан көз карансыздыгын жарыялаган.
- 1910 - Португалияда республикалык бийлик орнотулган.
- 1915 - Болгария Биринчи Дүйнөлүк согушка кирген.
- 1925 - АКШда Эрнест Хемингуэйдин "Биздин убакта" (In Our Time) аңгемелер жыйнагы жарыкка чыккан.
- 1930 - Англиянын эң ири деп эсептелген R101 дирижабли өзүнүн биринчи континенттер аралык учуусунда Франциянын аймагында жерге кулап түшкөн.
- 1948 - Түркмөнстандын борбору Ашхабатта катуу жер титирөөнүн айынан 110,000 адам каза тапкан.
- 1993 - Борис Ельцин оппозициялык партиялардын иш жүрүүсүнө тыю салган.
- 1999 - Лондондун Паддингтон станциясына жакын жерде ылдам жүрүүчү 2 поезд сүзүшкөн
- 2011 - Жаңы Зеландиядан 23 чакырым аралыкта 1700 тонна нефть жүктөгөн “Рена” кемеси кырсыкка учураган
Төрөлгөндөр
түзөтүү- 1712 - Франческо Гварди, италиялык сүрөтчү (1793 к.б.).
- 1713 - Дени Дидро, франциялык философ, сынчы (1784 к.б.).
- 1781 - Бернард Больцано, чехиялык математик, философ (1848 к.б.)
- 1792 - Жозеф Кросфилд, англис бизнесмен (1844 к.б.).
- 1824 - Генри Чедвик, америкалык жазуучу, тарыхчы (1908 к.б.)
- 1864 - Луи Жан Люмьер, француз, кинематограф аппаратын ойлоп табуучу (1948 к.б.).
- 1930 - Павло Попович, украиналык космонавт, учкуч (2009 к.б.)
- 1943 - Абдухалим Раимжанов, кыргызстандык медицина илимдеринин доктору, профессор.
- 1936 - Гавел Вацлав, чех жазуучусу, драматург, саясий ишмер (2011 к.б.).
- 1952 - Эмомали Рахмон, Тажикстандын президенти.
- 1975 - Кейт Уинслет, англис актриса.
Кайтыш болгондор
түзөтүү- 578 - Юстин II, византиялык император, (520 т.).
- 1285 - Филипп III, Франция королу, (1245 т.).
- 1565 - Лодовико Феррари, италиялык математик, академик (1522 т.).
- 1913 - Ганс вон Бартелс, немис сүрөтчү, агартуучу (1856 т.).
- 1949 - Каюм Мифтаков, фольклорчу, кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын жыйноочу (1892 т.).
- 1982 - Токтосун Тыныбеков, Кыргыз эмгек сиңирген артисти (1927 т.).
- 2007 - Владимир Кузин, лыжа спорту боюнча биринчи советтик чемпион (1930 т.).
- 2011 - Стив Жобс, америкалык инженер, жеке ишкер (1955 т.).