24-июль
(«24 Июль (Теке)» барагынан багытталды)
24-июль — Григорий календары боюнча жылдын 205-күнү (толук жылда 206). Жылдын аягына чейин 160 күн бар.
← июль → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
29 | 30 | 31 | ||||
2024-ж. |
Майрамдар
түзөтүүОкуялар
түзөтүү- 1876 - Курманжан датканын уулу Абдылдабек Фергана аскер губернатору, генерал-майор Скобелевге жооп кат жөнөткөн
- 1916 - Ош уездине караштуу Үч-Коргон айылында калк козголуп, аскерге кишилерди бербейбиз деген чакырык менен болуштук башчынын үйүн курчоого алышкан.
- 1871 - Еврей бизнесмени Уильям Шнайдер каруселге өзүнүн патентин алган.
- 1908 - Экинчи Мешрутийеттин жарыяланышы. 29 жыл күткөн Осмондук конституциясы кайрадан ишке кирди.
- 1923 - Түркиянын бүгүнкү чек арасын сызган жана Анкаранын Түркиянын мыйзамдуу өкмөтү катары эл аралык масштабда таанылышына мүмкүнчүлүк түзгөн Лозанна Тынчтык Келишимине кол коюлду.
- 1959 - Иракта 1000ге жакын Керкүк түркмөнүнүн кыргындалгандыгы билдирилди.
- 1974 - Грецияда жети жылга созулган хунта акырына чыкты : Константин Караманлис өкмөттү куруу үчүн кайтып келди.
- 1977 - төрт күнгө созулган Ливия-Египет согушу аяктады.
- 2000 – Израилдин премьер - министри Ехуд Барак эгерде Израиль - Палестина тынчтыгы түзүлө турган болсо Газа тилкесиндеги бардык еврей маалаларын бошотууга даяр экендерин айтты.
- 2013 - Испаниянын түндүк-батышында темир жол кырсыгы болуп, 77 адам көз жумуп, 140тай жаран жаракат алган.
Төрөлгөндөр
түзөтүү- 1793 - Түштүк Американын Испаниядан көз карандысыздыгын жарыялашына жол башчылык кылган Симон Боливар төрөлдү.
- 1860 - Чехиялык сүрөтчү жана дизайнер Альфонс Муха төрөлдү.
- 1969 - Америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопес төрөлгөн.
- 1970 - V чакырылыштагы “Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Шаршеев төрөлгөн.
Каза болгондор
түзөтүү- 1927 - Япониялык жазуучу Рюноскэ Акутагава өз жанын өзү кыйган
- 2003- Кыргыз фармакологу, токсикологу жана котормочу Абдулхай Алдашев каза болгон.
- 2005- Англиялык физиолог жана эпидемиолог Ричард Долл дүйнөдөн өткөн