Codecademy - Python, PHP, JavaScript, Ruby, Java сыяктуу 12 программалоо тилин, jQuery библиотекасы менен иштөөнү жана белгилөө тилдерин, HTML жана CSS веб-баракчаларын түзүүнү үйрөтүү боюнча интерактивдүү онлайн-платформа. 2014-жылдын январь айындагы маалыматка ылайык, 24 миллион колдонуучу 100 миллиондон ашык көнүгүү жасаган. Codecademy New York Times жана TechCrunch сыяктуу көптөгөн блогдордун жана сайттардын оң пикирлерине татыган.

Ар бир колдонуучунун жеке профили болот. Колдонуучуларды шыктандыруу үчүн башкаларга көрүнүп турган көнүгүүлөрдү аткарганы үчүн жетишкендик системи, курстун прогрессинин индикатору бар. Ошондой эле, бир курс чегинде HTML жана CSS сөздүктөрү жеткиликтүү. Сайтта Course Creator'дун жардамы менен ар ким жаңы курс түзүп жарыялай алат.

Codecademy'де форум да бар. Бул жерде үйрөнчүк жана тажрыйбалуу веб-иштеп чыгуучулар баарлашып, бири-бирине жардам беришет. Кээ бир курстар үчүн сыноо аянттары бар. Колдонуучулар мында программалык коддорун сынап көрө алышат.

2013-жылы декабрда Computer Science Education Week'ке катышкандан кийин Codecademy биринчи iOS-колдонмосу болгон "Hour of Code"-ду чыгарган (кырг. Код сааты) Колдонмо программалоонун негиздерине багытталган жана программалоону оюн түрүндө үйрөнгүсү келгендер үчүн иштелип чыккан.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү