Intranet тармагы
Чоң мекеменин ички маалыматтык муктаждыктарын канаатандыруу максатында Интернет технологиясынын негизинде түзүлгөн компьютердик тармак. Сырттан жетүүгө жана сырткы интернет зарылчылыгы болбойт. Интранет мекемеге Web-браузер, жарыя тактасы жана электрондук почта сыяктуу Интранет клиенттерине көнүмүш болгон өзүнүн ички ресурстарын колдонууга мүмкүндүк берет. Эң болбогондо Интранетке түрдүү көрсөтмөлөрдү жана кызматкерлер үчүн аныктагычтарды жарыялоо менен мекемеде кагаздарды аз зарптап акча каражаттарын үнөмдөөгө алып келет. Сырткы колдонуучуга санкциясыз жеткирбөө үчүн тиешелүү чара көрүү менен өтө маанилүү иштерди аткарууда Интернет аркылуу тышкы дүйнөгө чыгууга мүмкүндүк берет.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак.-2004. ISBN 9967-14-014-3