Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Кыргызстандагы медициналык ЖОЖ

Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА), толук аталышы — И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (1939—1996-жылдары — Кыргыз мамлекеттик медициналык институту (КММИ)) ― Кыргызстандагы медициналык кызматкерлерди даярдоочу жогорку окуу жайы. Бишкекте жайгашкан.

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициалык академиясы
(КММА)
Юридикалык дареги

Кыргызстан, Бишкек ш., Иса Ахунбаев көчөсү, 92

Сайты

https://www.kgma.kg/kg

Логотиби
KGMA logo.png

Билим берүү кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Академия жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн дагы дарыгерлерди даярдайт.

2005-жылга карата КММА 30 миңден ашуун жогорку квалификациялуу медициналык адистерди, илимдин 49 докторун, 882 талапкерин даярдаган.

ТарыхОңдоо

1939-жылдын 16-апрелинде Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Кеңешинин чечими менен Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык институту болуп түптөлгөн. Институттун калыптанышына алгач Москва, Ленинград, Алмата, Ташкент жана башка медициналык институттары жардам беришкен. Алар институттун иштеши үчүн педагогикалык кадрларды жана медициналык китептерди жиберип турушкан. ССКП жана саясий экономия тарыхы, ченемдүү анатомия, биология, гистология, жалпы химия, физика, чет тилдер ж.б. кафедралар ачылган. Аларда 16 окутуучу эмгектенишкен.

Улуу Ата Мекендик согуш маалында Кыргызстанга экинчи Харьков медициналык жана стоматологиялык институту (Украина ССР) жана Москва стоматологиялык институту эвакуацияланып институттун кафедралары жана клиникалары толук калыптанган. Согуш убагында окуу мөөнөтү 4—4,5 жылга кыскарган. 1943-жылы институтту алгачкы 120 дарыгер бүтүрүп чыгышкан. 1948-жылдан баштап окуу мөөнөтү 6 жылга узарган

 
И.К. Ахунбаев

1950-жылдары институтка кабыл алуу көбөйүп, дарыгерлерди кесиптик даярдоо иши башталган. 1960-жылдары институтта техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу билимди текшерүү программасы киргизилген. Сабактарды өздөштүрүүнүн илимий негиздери иштелип чыккан: окуу элементтери, сабакты билүү деңгээли, графологиялык түзүмдөр ж.б. 1970-жылдары институт физиологиянын, патологиянын, организмди тоолуу шарттарга көндүрүү маселесин чечүүдө СССР аймагында алдыңкы орунда турган. Республикалык изилдөө базаларында жана лабораторияларында институттун окумуштууларынын жетекчилиги астында биргелешкен илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Институт тоолуу медицинанын маселелерин изилдөө боюнча эл аралык аренага чыгып, эл аралык интеграциялык байланышты чыңдаган.1980-жылдары окуу-усулдук жана илим изилдөө процесстери жакшыртылган.

1996-жылдын 5-июлунда КР Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык институту академия болуп аталышы өзгөргөн. 2008-жылдын 25-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына И.К. Ахунбаевдин ысымы ыйгарылган[1].

ФакультеттерОңдоо

  • №1 дарылоо иши
  • №2 дарылоо иши
  • Англис тилиндеги дарылоо иши
  • Стоматология
  • Педиатрия
  • Фармация
  • Медициналык алдын алуу иши
  • Жогорку медициналык айымдык билим берүү
  • Дипломдон кийинки медициналык билим берүү
  • КММАга караштуу медициналык орто окуу жайы

ЖететтктчиликОңдоо

  1. Б.Я. Эльберт (1939—1940)
  2. Ш.И. Удерман (1940—1941)
  3. П.Л. Щупик (1941—1944)
  4. С.К. Петухов (1944—1949)
  5. И.К. Ахунбаев (1949—1952)
  6. А.А. Айдаралиев (1952—1955)
  7. Ф.Н. Нургазиева (1955—1962)
  8. В.А. Исабаева (1962—1971)
  9. С.Б. Данияров (1971—1987)
  10. А.М. Мырзалиев (1987—1996)
  11. И.К. Акылбеков (1996—2003)
  12. Т. Мейманалиев (2003—2004)
  13. Д.А. Адамбеков (2004—2008)
  14. И.О. Кудайбергенова (2008—2009)
  15. А.З. Зурдинов (2009—2016)
  16. И.О. Кудайбергенова (2016—бүгүнкү күнгө чейин)

БулактарОңдоо

  1. https://www.kgma.kg/kg/academy/general-information/history