Oracle (ишкана)
Oracle (Oracle Corporation) — Procrammalyq jawdúlardy iştep çygarúçu Amerikalyq iri işqana. Serverdik jana iri işqanalar ùçùn procrammdyq jawdúlardy, òzcòçò berilişter tùwùn başqarú sistemasyn, iştep çygúçu qatary iş alyp barat. Oracle işqanasy Microsoft kompaniîasynan kiîin dùînòdòcù ekinçi iri procrammdyq jawdú iştetip çygarúçu.
{{{аталышы}}} | |
Маанилүү фигуралар |
Ларри Эллисон (төрага Төрагалар кеңеши) |
---|---|
Киреше айлануусу |
$38,2 млрд (2014) |
Операциондук киреше |
$14,8 млрд (2014) |
Таза киреше |
$11,0 млрд (2014) |
Активдери |
$177,3 млрд (2014) |
Жумушчуларынын саны |
122 миң (2014)[1] |
Сайт |
Mekeme 1977 jyly qurulgan. Larry Ellison, işqanany qurúçulardyn biri, 1977 jyldan 2014 jylga çeîin başqy mùdùrù bolup kelcen. Başqy keñsesi AKŞnyn Kaliforniîa ştatynda San-Frantsisko şáryna jaqyn jaîgaşqan.
Тарыхы
түзөтүү1970-жылдар
түзөтүүИшкана 1977 жылы Калифорния штатында Санта-Клара шаарында SDL (англис тилинде Software Development Laboratories) деген аталышта Ларри Эллисон, Боб Майнер (англ. Bob Miner) жана Эд Оутс (англ. Ed Oates) тарабынан түптөлгөн.
Үчөө тең ошол жылга чейин АКШ өкмөтүнүн ЦРУ түзүмүнө тийиштүү Ampex ишканасында Oracle аталыштагы проектте иштешкен. Бул аталышты жаңы иштелип чыккан SDL Берилиштер Түбүн Башкаруу Системасына (БТБС) беришкен. Oracle БТБСнын биринчи чыгарылышы, маркетингдик эске алуулардан улам, v2 версия номерин алган. Oracle v2 ассемблерде жазылган, жана RSX-11 иштетүү системасында иштеген.
1979 жылдын ортосунда АКШнын Согуштук Аба Күчтөрүнүн Райт-Патерсон авиабазасы Oracle v2ни сатып алып, ишкананын биринчи кардары болгон. Oracle v2 SQL тилин колдогон биринчи коммерциялык Берилиштер Түбүн Башкаруу Системасы (БТБС) болуп эсептелет.
1980-жылдары
түзөтүү1983 жылы, Си программдоо тилинде жазылган жана Unix иштетүү системаларынын кээ-бирлеринде колдонуштурулган, Oracle Берилиштер Түбүн Башкаруу Системасынын (БТБС) үчүнчү версиясы чыгарылган.
1984 жылы ишкана Sequoia Capitalдан каржылоо алат. Андай кийинки жылдары Oracle Берилиштер Түбүн Башкаруу Системасынын (БТБС) төртүнчү версиясы - 1984 жылы, бешинчи версиясы – 1985 жылы чыгарылган.
1986 жылдын мартында Oracle ишканасы NASDAQ биржасында 2.1млн акциясынын баштапкы жайгаштыруусун ишке ашырат. Ошол убакты ишканада 450 жумушчу иштечи, жылдык акча айлануусу 55 миллион долларды түзгөн.
1989 жылы ишкананын башкы кеңсеси Калифорния штатындагы Редвуд-Шорс курулуш аймагына көчүп келген, 1989 жылы жылдык акча айлануусу 584 миллион долларды түзгөн.
2010-жылдары
түзөтүү2010 жылы январда Oracle корпорациясы зыян тартып жаткан Sun Microsystemsди жутуу иштерин соңуна чыгарган. Мунун натыйжасында, сервердик-апараттык камсыздоолого, SPARC процессорунун негизинде курулган серверлерге, StorageTek берилиштерди сактоо системасына, Solaris иштетүү системаларына, жана Java, OpenOffice.org, MySQL менен байланыштуу активдерге ээ болуп. өзүнүн продукттарынын түрмөгүн кыйла кеңейткен.
2013 жылы жайында Oracle Берилиштер Түбүн Башкаруу Системасынын (БТБС) 12с версиясы чыгарылган. Oracle Database 12с версиясы, аталышындагы «c» (англ. cloud) бөлүкчөсү билдиргендей, «булуттук» эсептөөлөрдү жана технологияларды колдойт.
Үрүндөрү жана кызматтары
түзөтүүБерилиштер Түбүн Башкаруу Системалары
түзөтүүИшкананын ачылышынан бүгүнкү күнгө чейин негизги үрүнү – Oracle Database. 1990 жылдардан бери ишкана башка Берилиштер Түбүн Башкаруу Системаларын (БТБС) дагы өркүндөтүп, ишке ашырып, сатыкка чыгарып келет. 2006 жылы Gartner, Oracle'дын БТБС базарындагы пайын 46,8% деп баалаган, IDC'нин 2007 жылкы баасы боюнча Oracle'дын пайы 44,3% түзгөн.
Sun Microsystems'ди жутуунун жыйынтыгында, Oracle'га MySQL AB'нын жана эркин таратылуучу MySQL берилиштер түбүн башкаруу системасынын активдери өткөн. 2011 жылы корпорация бул берилиштер түбүн башкаруу системасынын Microsoft SQL Server'ге бекер альтернатива катары көрсөтүлгөн 5.6 версиясын чыгарган.
Ишкананын үрүндөр түрмөгүнө төмөнкүлөр кирет:
- Берилиштерди жадыда сактоого максатталган Timesten БТБСы (2005 жылы сатып алынган бирдей аталыштагы ишкана),
- 2007 жылы Hyperion'ду жутуунун жыйынтыгында үрүндөр түрмөгүнө кошулган көп капсамдуу Essbase БТБСы,
- DEC'де VMS үчүн инфратүзүмдүк проект катары иштелип чыккан жана 1994 жылы Oracle тарабынан сатып алынган Rdb карым-катнаштык (реляциондук) БТБСы,
- Көп капсамдуу Express БТБСы – дүйнөдөгү эң биринчи көп капсамдуу БТБС, ишкана тарабынан 1995 жылы сатып алынган, 2000 жылдын аягында колдоосу токтотулган.
Enterprise Manager — Oracle'дын технологиялык үрүндөрүнүн негизинде курулган программдык инфраструктураны башкаруу жабдыгы.
Иштетүү Системалары
түзөтүүБизнес Системалары
түзөтүүЕ-Business Suite
түзөтүүБазардоо
түзөтүүАдамдар
түзөтүү- Эллисон, Ларри – түптөөчүлөрдүн бири, генералдык директор (1977-2014), директорлор кеңешинин төрагасы.
- Хёрд, Марк - генералдык директор (2014 жылдан баштап, Сафра Кац менен бирге), президенттин бири (2010-2014), 2005 жылдан 2010 жылга чейин Hewlet-Packard корпорациясынын президенти жана генералдык директору.
- Кац, Сафра — генералдык директор (Хёрд менен бирге 2014 жылдан баштап), президенттин бири (2004—2014).
- Филлипс, Чарлз (англ. Charles Phillips) – Oracle ишканасынын 2003 жылдан баштап 2010 жылга чейинки президенти, 2009 жылы АКШ Президентинин карамагындагы экономикалык жаңыртуу боюнча консультативдик кеңештин мүчөсү болуп Барак Обама тарабынан бекитилген.
- Кайт, Том (англ. Tom Kyte) - Oracle'дын ишкери, Oracle берилиштер түбү жөнүндөгү популярдуу китептердин, журналдык жазуулардын автору, консультативдик сайттын алып баруучусу.
- Гупта, Уманг (англ. Umang Gupta) - Oracle'дын 1981-1984 жылдар арасындагы вице-президенти, кийинчирээк Gupta Technologies ишканасынын негиздөөчүсү.
- Зибель, Томас (англ. Thomas Siebel) – Oracle'дын башкаруучу орундарында 1984 -1991 жылдары иштеген, анын 1993 жылы негиздеген Sibel ишканасы 2006 жылы Oracle тарабынан 5,85 млрд долларга сатып алынган.
- Бениофф, Марк (англ. Marc Benioff) - Oracle'да 1986 жылдан баштап 1999 жылга чейин иштеген, 25 жашында корпорациянын эң жаш вице-президенти катары белгилүү. 1999 жылы Salesforce.com компаниясын негиздеген (баштапкы инвесторлордун катарында Ларри Эллисон болгон), 2000 жылдардын орто ченинен бери Бениоффтун башкаруусундагы Salesforce.com, SAP жана CRM базарында Oracle'дын түздөн түз атандашы болуп эсептелет.
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ Oracle Corporation. Form 10K. SEC (27 -июнь (кулжа) 2014). Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 27 -март (жалган куран) 2015.