Pascal
(«Pascal (Паскал) программалоо тили» барагынан багытталды)
1960-жылдын аягында Никлаус Вирт аттуу швейцариялык окумуштуу тарабынан иштелип чыккан жана ал программалоонун структура концепциясын студенттерге окутуу максатын көздөгөн. Программалоо тили француз математиги Блез Паскалдын урматына аталган. Бүгүн Pascal тили жеке жана мини компьютерлерде илимий колдонмолорду иштеп чыгууда колдонулат. Азыркы күнгө чейин билим берүүдөгү эң көп колдонулган прогрммалоо тилдеринин бири. Анткени ал түшүнүүгө жеңил, ошону менен эле бирге програм түзүүдө күчтүү тил болуп саналган. Pascal дын обжектке багытталган версиясы Turbo Pascal деп аталат, ал Borland корпорациясы тарабынан иштелип чыккан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С., В.Ф. Бабак.-2004. ISBN 9967-14-014-3
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9