Viber — смартфондр үчүн проприетардык мессенджер. Тексттик, аудио жана видео каттарды жөнөтө алат.Клиент Windows, OS X, Linux, Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian, Bada жана Windows Phone платформаларында иштей алат. 2017-жылдын акырына карата абал боюнча Viber postsovetskom космоско таанымал периштенин бири болуп саналат[2][3].

Viber
Тип

Кат алмашуу программасы - VoIP-сервис, софтфон, IM

Автору

Игорь Магазинник, Тальмон Марко

Түзүүчү

Viber Media S.à r.l.

Операциялык система

Windows, OS X, Linux, Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian, Bada жана Windows Phone

Интерфейс тили

англисче, китайча, орусча, немесче, французча жана 23 Мультитилдүү

Биринчи чыгарылышы

2 декабрь 2010[1]

Аппараттык платформасы

Кроссплатформалык

Акыркы үлгүсү

Абалы

Активдүү

Сайты

Viber.com

Кыскача маалымат түзөтүү

  • 'Түрү:
    VoIP (интернет-протокол) программа. Иштеп чыгуучу: «Viber Media» компаниясы.
  • Программа иштей турган операциондук системдер:
    Windows, OS X, Linux иш столдорунда (десктоп) Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian, Bada жана Windows Phone. Мында Symbian`да болгону СМС-билдирүү гана жөнөтүп, кабыл алууга мүмкүн. Ал эми чалууларды аткаруу каралган эмес.
  • Камтылган тилдер:
    Англисче, кытайча, немисче, орусча, француз тилдеринен башка дагы 23 тил.
  • Алгачкы чыккан датасы:
    2010-жыл, 2-декабрь.
  • Жайылган аймагы:
    Дүйнөнүн 193 өлкөсү.
  • Колдонуучулардын саны:
    2014-жылдын февралында 280 миллион адам катталган. Булардын 100 миллиону мессенжер менен жок дегенде айына бир ирет пайдаланат.
  • Программаны иштеп чыгууга кеткен каражат:
    Көз карандысыз булактардын эсептөөлөрүндө программаны иштеп чыгууга жалпысынан 30 миллион доллар сарпталган. Ал эми инвесторлордун аты коомчулукка ачык айтылбай, жашыруун бойдон калууда.
  • Жумушчулардын саны:
    Алгач 40 адам иштесе, учурда 100дөн ашык адам эмгектенет.

Вибердин артыкчылыгы эмнеде? түзөтүү

Viber орнотулган «акылдуу» телефондор арасында Wi-Fi, 3G жана 4G тармагы аркылуу бекер чалууга, CМC-билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү, видео жана аудио билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Мында болгону интернетти пайдаланууда жергиликтүү оператор тарабынан акы алынат. Компанияга киреше алып келүүсү үчүн Viber Out кызматы бар. Бул кызмат аркылуу колдонуучулар Viber`и жок абоненттерге арзан баада эл аралык жана жергиликтүү чалууларды жүргүзө алышат. Бирок Viber'дин бул акы төлөөнүүчү чалуулары Скайпка салыштырмалуу бир аз кымбат. Программанын башкалардан айырмачылыгы – колдонуу усулу эң жөнөкөй. Ушунусу менен ал Скайпты четке сүрүүдө. Болгону интернеттен Viber`ди көчүрүп аласыз. Андан соң программаны иштетип, ага өлкөңүздү жана телефон номуруңузду жазсаңыз, сизге СМС аркылуу активдештирүү коду келет. Аны киргизген соң программа сиздин телефондун дарек китепчеси менен биригип, андагы Viber`ге туташкан номурларды өзү табат.

Чалуу аткарууда же СМС жазууда түзөтүү

  1. Viber`ди ачасыз.
  2. Байланыш тизмесин ачыңыз.
  3. Байланыша турган адамды тандаңыз.
  4. Андан соң бекер чалуу же СМС жөнөтүүнү басыңыз.

Чалуулардын Кыргызстандагы баасы түзөтүү

Skype менен Viber’дин Кыргызстандан чет өлкөлөргө чыккан акы төлөнүүчү чалуулары боюнча бааларын салыштыруу

Өлкө Вайбер (мүнөтүнө) Скайп (мүнөтүнө)
  Орусияга 1,19 сомдон - 4,10 сомго чейин 1,42 сом
  АКШга 99 тыйындан 2,54 сомго чейин 1,42 сом
  Кытайга 1,19 сом. 0,56 тыйын.

Кыргызстага чет өлкөдөн чалуу баасы

Өлкө Вайбер (мүнөтүнө) Скайп (мүнөтүнө)
  Кыргызстанга 9,34 сомдон 15,05 сомго чейин. 8,16 сом
  • Орусияга (мүнөтүнө)
  • Вайбер:1,19 сомдон 4,10 сомго чейин. (Мында баалар шаардаларга, уюлдук жана стационардык телефонго карата өзгөрөт).
  • Скайп: 1,42 сом
  • АКШга (мүнөтүнө)
  • Вайбер: 99 тыйындан 2,54 сомго чейин
  • Скайп. 1,42 сом
  • Кытайга (мүнөтүнө)
  • Вайбер - 1,19 сом.
  • Скайп - 0,56 тыйын.
  • Кыргызстанга чет өлкөдөн чалуу (мүнөтүнө):
  • Вайбер- 9,34 сомдон 15,05 сомго чейин.
  • Скайп- 8,16 сом

Компаниянын негиздөөчүлөрү түзөтүү

«Viber Media» компаниясынын негиздөөчүлөрү – Игорь Магазинник жана Тальмон Марко. Компаниянын башкы кеңсеси Кипрде, программаны иштеп чыгуу борборлору Беларуста, Кытайда жана Израилде жайгашкан Игорь Магазинник Орусияда туулуп-өскөн. Ал 1991-жылы Израилге жер которуп, ал жактан компьютер жаатында билим алган. Учурда Израилде жашап, иштейт. Израилде туулуп-өскөн Тальмон Марконун да кесиптик иши маалымат технологияларына байланышкан. Программаны түзүүгө чейин ал Израилдин куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгында 1993-жылдан 1997-жылга чейин IТ-директор катары эмгектенген. 2014-жылдын февралына чейин «Viber Media`нын» ири үлүшкерлери израилдик үй-бүлөлөр Шабтай (55,2 пайыз үлүш) менен Марко (11,4 пайыз) жана америкалык «IRS West» (12,5 пайыз) компаниясы болуп келген. Февралдан тарта компаниянын 100 пайыз үлүшү толугу менен жапон миллиардери Хироси Микитанинин «Rakuten» компаниясына өткөн. Миллиардер Viber`ди сатып алууга 900 миллион долларын аяган эмес.Буга чейин бул программаны 400 миллион долларга кытайлык «WeChat», жапондук «Line» жана Түштүк Кореянын «KakaoTalk» сыяктуу компаниялары сатып алууга даяр экендиги тууралуу маалыматтар жарык көргөн. Бирок ар бир кадамын миллиметрине чейин өлчөгөн израилдиктер аталган баага ыраазы болгон эмес. Delay - деп да аталат кармалууда - VoIP чакырат сапаты начар турган нерсеге алып, белгилүү. Кечигүү башка бир пакетти жиберүүгө бир аяккы алат жолу катары аныкталат. Кечиккен миллисекунд (мс) бир багытта же эки багытта жана сан көрсөткүчтөрү ченесе болот.[4]

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү