WeChat (кыт. 微信; пинйин: Wēixìn; сөзмө-сөз: "микро кабар") — Кытайдын коомдук медиасы (тез кабарлашуу, соода жана төлөм кызматтары). Ал Tencent компаниясы тарабынан иштелип чыккан мобилдик колдонмо программалык камсыздоосу болуп саналат. Ал биринчи жолу 2011-жылы жарыкка чыккан. 2017-жылга чейин ал ай сайын 963 миллиондон ашуун активдүү колдонуучуга ээ болгон ири өз алдынча баарлашуу колдонмолордун бири болуп калган. Ал дүйнөдөгү эң инновациялык жана ар тараптуу колдонмолордун бири жана Кытайдын "Бардык нерсеге ылайыкташкан колдонмосу" катары кеңири белгилүү. Анын көптөгөн кайталангыс функциялары жана платформалары бар. Алар "төлөөдөн" тарта "коомдук медиага", "кызматтардан" тарта "сатып алууларга" чейинки өзгөчөлүктөрдү камтыйт жана башка Google Play же Apple Store'дун бир нече колдонмолоруна барабар, бирок анын баары бир бүтүнгө бириктирилген мобилдик колдонмо.

Тарыхы түзөтүү

WeChat 2010-жылы октябрда Tencent Гуанчжоу изилдөө жана долбоор борборунда долбоор катары башталган. Колдонмонун түп нускасы "Weixin" Шаолоң Жаң тарабынан ойлоп табылган, ал эми аталышын берген Tencent компаниясынын жетекчиси Ма Хуатэн болгон. Ал биринчи жолу 2011-жылы колдонууга берилген. Өкмөт Кытайда электрондук соода базарын өнүктүрүүнү жигердүү колдоп келген, мисалы 12-беш жылдык планды алсак болот (2011-2015).

2012-жылга чейин колдонуучулардын саны 100 миллионго жетип, Weixin эл аралык базар үчүн WeChat деген аталыш менен кайра сунушталган.

WeChat 2016-жылы бир айда эле 889 миллиондон ашуун активдүү колдонуучуга ээ болуп, алардын 90% кытайылыктарды түзгөн. Салыштыруу үчүн Facebook мессенжер жана WhatsApp (Батыш өлкөлөрүндө белгилүү болгон эки башка атаандаш, эл аралык баарлашуу кызматтары) 2016-жылы болжол менен бир айда 1000 млн активдүү колдонуучуга ээ болгон, бирок ал WeChat'та жеткиликтүү башка көпчүлүк кызматтарды сунуш кылган эмес. 2017-жылы кабарлангандай, WeChat'тын колдонуучуларынын жарымынан көбү күнүнө 90 мүнөттөн ашуун убактысын колдонмо менен өткөрөт.

Өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Жазышуу түзөтүү

WeChat тексттик билдирүүлөрдү, кармап-алып-сүйлөө үн кабарлашууну, трансляциялык (бир-менен-топко) кабарлашууну, видео конференцияны, видео оюндарды, сүрөт, видео жана турган жерди бөлүшүүнү камсыз кылат. Жакын арада турган адамдар менен Bluetooth аркылуу байланыштарды алмашууга болот, ошондой эле эгерде керек болсо туш келген адамдар менен (эгер адамдар ачык болсо) байланышуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат. Ошондой эле, Facebook жана Tencent QQ сыяктуу компаниялар тарабынан иштеген коомдук желе кызматтары менен дагы интеграциялана алат. Сүрөттөрдү филтрлер жана субтитрлер менен шөкөттөгөнгө болот, автоматтык котормо кызматы жеткиликтүү.

WeChat тез билдирүү жөнөтүүнүн ар кандай жолдорун колдойт. Мисалы, тексттик билдирүү, үн билдирүүсү, рация жана стикерлер. Колдонуучулар мурда сакталган же жандуу сүрөттөр менен видеолорду, башка колдонуучулардын ысым карталарын, купондорду, бактылуу акча топтомдорун, же учурдагы GPS жайгашкан жерин досторуна жекече же бир топтун ичиндеги маекте бөлүшө алат. WeChat'тын Tuzki сыяктуу каарман стикерлери Жапониянын баарлашуу колдонмосу LINE'ыныныкына окшош жана аны менен атаандашып келет.

Расмий аккаунттар түзөтүү

WeChat расмий аккаунт катары катталгысы келген колдонуучуларга колдоо көрсөтөт. Бул аларга абоненттеринин түрмөгүнө билдирүү жөнөтүү, абоненттер менен өз ара байланышуу мүмкүнчүлүгүн берет жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылат. Расмий аккаунттардын үч түрү бар: кызмат көрсөтүү аккаунту, жазылуучу аккаунту жана ишкана аккаунту. Колдонуучулар жеке жак же уюм катары аккаунтун жөнгө салган соң башка аккаунт түрүнө өзгөртө албай калат. 2014-жылдын аягына чейин WeChat'тагы расмий аккаунттардын саны 8 миллионго жеткен. Уюмдардын расмий аккаунттары ырасталган (300 кытай юаны баасында), расмий, коомдук аккаунттар болушу мүмкүн. Расмий аккаунттар ооруканага алдын ала каттоо, виза мөөнөтүн узартуу же кредиттик карта сыяктуу кызматтар үчүн аянтча катары пайдаланылышы мүмкүн.

Көз ирмемдер түзөтүү

"Көз ирмемдер" бул WeChat'ттагы достордун жаңыртууларынын коомдук түрмөктөрү үчүн брэнд аты. "Көз ирмемдер" колдонуучуларга сүрөттөрдү, текстти, ой-пикирлерди жазуу, музыка бөлүшүү (QQ музыка же башка желеге негизделген музыка кызматы менен байланышкан), макалаларды бөлүшүү жана "жактырууларды" жазуу мүмкүнчүлүгүн берет. "Көз ирмемдерди" Facebook жана Twitter менен туташтырып койгонго болот. Ал "Көз ирмемдердеги" мазмунду автоматтык түрдө эки коомдук желеге түз эле чыгарып коёт.

2017-жылы WeChat "Көз ирмемдердин" колдонуучусуна күнүнө ашып кетсе эки жарнак көрсөтүү саясатын киргизген.

WeChat'тагы купуялуулук достор топтору менен чектелген. Колдонуучунун байланышындагы гана достор "Көр ирмемдердеги" мазмун менен комментарийлерди көрө алышат. Колдонуучунун достору, эгерде алар жалпы достор тобунда болсо, башка колдонуучулардын лайктары менен ой-пикирлерин гана көрө алышат. Мисалы, орто мектептеги достор университеттеги достордун ой-пикирлери менен лайктарын көрө алышпайт. Качан колдонуучулар өз көз ирмемдерин жазган учурда, алар өз досторун бир нече топторго бөлүп, белгилүү бир адамдардын тобу ошол "Көз ирмемди" көрө алабы-жокпу чече алышат. Жарыяланган мазмун "Жеке" деп белгилениши мүмкүн жана каалаган учурда бул белги алынышы мүмкүн. Пост "Жеке" деп белгиленген учурда, колдонуучу гана аны көрө алат.

WeChat Pay төлөм кызматтары түзөтүү

Кытайда банк эсебиндеги маалыматты берген колдонуучулар коммуналдык кызматтарга төлөө, товарга, кызматтарга табыштама берүү, башка колдонуучуларга акча которуу үчүн колдономону пайдалана алышат; эгерде дүкөндө Wechat төлөм мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда дүкөндөрдө акча төлөсө да болот. "Расмий аккаунттар" деп аталган такталган үчүнчү жактар жеңил болгон "колдонмонун ичиндеги колдонмо" иштеп чыгуу аркылуу бул кызматтарды көрсөтүшөт.

WeChat Pay — WeChat'ка киргизилген санарип капчык кызматы. Ал пайдалануучуларга мобилдик төлөмдөрдү аткаруу жана байланыштар арасында акча жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ар бир WeChat колдонуучунун өзүнүн WeChat төлөм эсеби бар. Колдонуучулар өздөрүнүн дебеттик картасына WeChat эсебин туташтыруу менен, же башка колдонуучулардан акча алуу аркылуу балансын толуктай алышат. Кредиттик картасын туташтырган колдонуучулар болсо сатуучуларга гана төлөй алышат, аны WeChat балансты толуктоо үчүн пайдаланганга болбойт. WeChat Pay санарип төлөмдөр, ошондой эле тиешеси бар сатуучуларга төлөө үчүн колдонууга болот. 2016-жылдын мартына карата, WeChat Pay дүйнө жүзү боюнча 300 миллиондон ашуун колдонуучуга ээ. WeChat 2016-жылы апрелде WeChat Pay базар экспансиясын ылдамдатуу үчүн 100 млн кытай юанын инвестиция кылган.

2014-жылы Кытай Жаңы жыл майрамында WeChat виртуалдык кызыл конверттерди бөлүштүрүү өзгөчөлүгүн киргизген. Ал Кытайдагы майрам күндөрү достордун жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында акча баштыкчаларын алмашуу салтына ылайыкталып жасалган. Бул өзгөчөлүк колдонуучуларга байланыштарына жана топторго белек катары акча жиберүүгө мүмкүнчүлүк берет. Топторго жөнөтүлгөн учурда акча баарына бирдей, же туш келди үлүштөр менен бөлүштүрүлөт ("Lucky Money", "Бактылуу акча"). Бул өзгөчөлүк Кытайдын борбордук телеканалынын эң көп көрүлгөн Жаңы жылдык гала концерти аркылуу жарнамаланып колдонууга берилген. Концерт болуп жатканда көрүүчүлөргө кызыл конверттерден акчалай сыйлыктарды утуп алуу ооматы үчүн түз эфир учурунда телефондорун силкүү айтылган. Кызыл конверт өзгөчөлүгү WeChat Pay'дин кабыл алынышын бир топ жогорулаткан. Ишке киргенден кийин бир ай өткөн соң WeChat Pay'дин колдонуучуларынын базасы 30 миллиондон 100 миллион колдонуучуга көбөйгөн. Ал эми Жаңы жыл майрамы учурунда 20 миллион кызыл конверт таратылган. 2016-жылы 3.2 млрд кызыл конверт майрам күндөрү ичинде жөнөтүлүп, 409.000 кызыл конверт бир эле Кытай жаңы жылы түнүндө жиберилген.

WeChat командасы 2016-жылы банк төлөмдөрдүн тең салмактуулугун сактоо максатында колдонуучулар өз дебеттик карталарына WeChat капчыктарынан акча которгон болсо кызмат акы ала баштаган. Ар бир колдонуучунун (жеке ID) 1,000 юан акысыз алуу чеги болгон. 1,000ден ашык юан алган учурда 0.1 пайыздык, минимум 0.1 юан акы ар бир акча алуу үчүн киргизилген. Кызыл конверт жана которуулар сыяктуу башка төлөм кызматтары акысыз бойдон калган.

Кытайда WeChat Pay'дин башкы атаандашы жана онлайн төлөмдөр базарындагы лидер Alibaba Group'тун Alipay системасы болуп саналат. Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жэк Ма (англ. Jack Ma) кызыл конверт өзгөчөлүгүн "Перл Харбор учуру" деп эсептеген. Ал Кытайдагы онлайн төлөө өнөр-жайында Alipay тарыхый үстөмдүк кылып турган учурда баш көтөрүп чыга баштаган. Бул ийгилик Alibaba'га өзүнүн атаандаш Laiwang кызматындагы виртуалдык кызыл конверт версиясын чыгарууга түрткөн. Башка атаандаштар, Baidu Wallet менен Sina Weibo дагы ошондой эле окшош өзгөчөлүктөрдү ишке киргизген.

2017-жылы Tencent билдиргендей, WeChat Alibaba'дан алдыга суурулуп чыккан. WeChat мобилдик төлөм пайдалангандардын саны 600 миллион активдүү колдонуучуну түзүп, ал эми Alibaba'нын Alipay кызматында 450 млн колдонуучу болгон.

Шаардык кызматтар түзөтүү

2015-жылы WeChat Кытайдын 27 шаарында, анын ичинде Пекинде, Шанхайда, Гуанчжоудо жана Макаодо "Шаардык кызматтар" өзгөчөлүгүн ишке киргизген. Шаардык кызматтарга дарыгер менен жолугушууларды белгилөө, электр энергиясына же жол эрежесин бузган үчүн акы төлөө жана такси табыштоо сыяктуу иш-аракеттер кирген.

Жылуулук картасы

2015-жылы WeChat эл тыгыздыгын көрсөткөн жылуулук картасын сунуштаган. Quartz басылмасынын колумнисти Жош Хорвитз бул өзгөчөлүк Кытай бийлиги тарабынан адамдардын сейрек жыйындарга мыйзамсызбы-жокпу көз салыш үчүн пайдаланылат деп айтыптап чыккан. Бирок бул дагы эле далилдене элек.

Компаниялар үчүн WeChat түзөтүү

Жумуш максатында пайдаланыш үчүн, ишканалар менен бизнес-байланыштар үчүн WeChat атайын өзүнүн Enterprise WeChat (же Qiye Weixin) деп аталган версиясын 2016-жылы ишке киргизген. Бул колдонмо кызматкерлерге жеке турмушун жумушунан өзүнчө бөлүп алууга жардам берүүгө арналган. Кадимки чат өзгөчөлүктөрүнөн тышкары программа компаниялар менен алардын кызматкерлерине жылдык өргүү күндөрүнө жана кайра төлөп бериши керек болгон чыгашаларга көз салуу мүмкүнчүлүгүн берет; кызматкерлер жумуштан уруксат сураса, ал тургай жумушта экенин көрсөтсө да болот. Коопсуздук жагы жогорулатылып, компаниялар өздөрүнүн жумушчулары кызматтан пайдаланганга чейин катталышы керек болуп калган.

WeChat Mini программасы

2017-жылы WeChat "Mini программасы" деп аталган өзгөчөлүк киргизген. Керектөөчүлөр, мисалы, супермаркеттеги эсептегичте мобилдик телефонду пайдалануу менен QR кодун скандай алышкан. Mini программасынын колдонмосу супермаркеттин дүмүрчөгүн колдонуучунун мобилдик капчык аркылуу төлөгөн. Мобилдик түзмөктөргө кошумча колдонмолорду орнотуу зарылчылыгы болгон эмес. Бизнес ээлери WeChat'тын экосистемасында ылайык чакан колдонмолорду түзө алышкан.

Дос издөө түзөтүү

WeChat адамдарга досторду кошуунун бир канча ыкмасын сунуш кылат. Колдонуучу аты же телефон номери менен издөө, телефондогу же электрондук почтадагы байланыштарды кошуу, "бөтөлкөдөгү кабар" оюнун ойноо, же болбосо ошол эле кызматты пайдаланган жакын арадагы адамдарды кароо сыяктуу ыкмалар бар. 2015-жылы Wechat "дос радары" функциясын кошкон.

WeChat индекси түзөтүү

2017-жылдын мартына Tencent компаниясы Wechat'ка "Wechat индекси" деген жаңы өзгөчөлүк киргизген. Колдонуучулар WeChat индекси барагындагы издөөгө сөз жазып, ошол сөздүн соңку 7, 30 жана 90 күн ичиндеги популярдуулугун текшере алышат. Маалыматтар негизинен расмий WeChat аккаунттарында жазылган сансыз мазмундан казылып алынат. Коомдук бөлүшүү, лайктар жана окулгандар сыяктуу ченемдер эсепке алынат.

Жанылыктар түрмөгү жана издөө түзөтүү

2017-жылы май айында Tencent WeChat колдонмосу үчүн жаңылыктар түрмөгү жана издөө функцияларын кошкон. Financial Times билдиргендей, ал "Кытайдагы Baidu издегичине түздөн-түз чакырык" бологон.

Шилтемелер түзөтүү