Курманбек эпосу

"Курманбек баатыр" эпосу‎»‎ барагынан багытталды)

Курманбек (баатыр) эпос. Көпчүлүк маалыматтарда бул эпосто тарыхый адамдар сүрөттөлөт деп белгилешет. Ал эми “Эр Солтоной”, “Эр Эшим”, “Курманбек” сыяктуу эпикалык чыгармалардын окуялары кыпчак калмак-жуңгар баскынчыларына баш көтөрө баштаган тарыхый мезгилге таандык.

Курманбек эпосунун күмбөзү.

Эпос – бул, угуучуларды коттор ркы бабалардын эрдигин эске салып, келечек муундарды патриоттук духта тарбиялоо үчүн айтылат. Экинчиден, эпостон биз тарыхыбызды, каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды, маданиятыбызды камтыган өзүнчө эле чоң энциклопедия.

«Курманбек» – Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында «калмак доору» аталып, XV-XVIII кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга, Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу өмүр баянына негизделип түзүлгөн эпикалык чыгарма. Чыгыш Түркстан, (Кашкар, Жаркент, Каржар, Камбыл) Ооганстан, Анжиян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) аймактары чыгарманын тарыхый негизин, Курманбектин тарыхый адам экендигин, жашаган мезгилин, отурукташкан ордун, кошуна хандыктар менен түзгөн дипломатиялык байланышын, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштарды тарыхый фактылар менен аныктайт.

XVI кылымда Тянь-Шаньдан моңол төбөлдөрүн сүрүп чыккандан кийин кыргыз уруулары Кашкар менен түздөн-түз байланышып турган. XVII кылымдын башында калмактардын кысымынын күчөшүнөн улам кыргыз уруулары Кашкар, Турпан, Ак-Суу шаарларынан көчүп келип, отурукташа башташат. Айрыкча XVII кылымда Кашкар жана Жаркент хандыктарынын аймагында кушчу, чоңбагыш, кыпчак, нойгут, тейит, булгаачы, отузуул ж. б. кыргыз уруулары мамлекеттин саясий турмушуна активдүү аралашып, тарыхый окуяларга өз таасирин тийгизип тургандыгы Шах Махмуд Горостун хроникасында, Мир Халь Ад-диндин «Хидаят» таалиминде ж. б. эмгектерде айтылат.

«Курманбек» – XV-XVII кылымдардын аралыгында жашап өткөн тарыхый инсан. Ал өз элинин эркиндиги үчүн калмак төбөлдөрү менен күрөшкөн. Элдик баатырдын эл үчүн өлүмдөн да жалтанбастыгы азыркы муундарды эр жүрөктүүлүккө, эл-жерин сүйүүгө тарбиялайт. «Курманбек» эпосу– көп варианттуу, ички кудурети, идеясы, сюжеттик өзгөчөлүгү менен айырмаланган чыгармалардын бири. Анын арианттары биринен бири айырмаланып, окшошпой калганы менен, ички биримдик бар. Бул айтуучунун жөндөм-шыгына, сөзмөрлүгүнө жараша. «Курманбек» эпосунун варианттарына токтолсок, манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун вариантынан 1923-жылы фольклорчу Каюм Мифтаков 2500 сап ыр жазып алган. Кыргыз эл акыны, маркум Аалы Токомбаевдин жөө жомогу 1924-жылы «Шолпан» аттуу казак адабий журналына басылып чыккан. Андан кийин 1933-жылы акын Калык Акиевдин вариантынан 5500 сап ыр жазылып алынган. 1956-жылы Тажикстандын Жергетал районунун тургуну Т. Календаровдон эпостун 360 сабы жазылып алынган. Мындан сырткары, акын Сарыкунан Дыйканбаевдин, көгарттык Ади Өмүралиевдин бир нече саптары, аксылык акын, фольклорист Асанбай Жусупбековдун 19535 сап ыр жолунан турган чыгармасы бар.

II дүйнөлүк согуштун тушунда белгилүү жазуучу Касымалы Жантөшев ошол кездин шартына ылайыкташтырып, эпосту драмалаштырып, сахнага алып чыккан.

2001-жылы белгиленген Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде Ооганбек Стамбеков эч кандай коомдук түзүлүшкө ылайыктабай, өз нускасы менен «Курманбек батыр» тарыхый драмасын жазып, бул чыгарма сахнада коюлду. Эпосто баарынан улуу достук, тилектештик, баатырдык чагылдырылган.

«Курманбек» – кыргыздын баатырдык эпосторунун бири. Негизги темасы – ата журтту коргоо, башкы идеясы – уруу, эл биримдигин сактоо ошондой эпостогу окуялар жуңгар дооруна туура келет. Батыш Моңголияда пайда болгон Жуңгар мамлекетинин (14-кылымдагы) Орто Азиянын көп жерин басып алып, катуу сурак жүргүзгөн. 16–18-кылымдарда кыргыз эли да ойрот жунгар баскынчыларына каршы күрөшүп, аларды сүрүп чыгып, эл жерди эзүүдөн бошоткон. Эпосту адеп изилдегендердин бири – Г. Самарин. Дастандын баш каарманы Курманбек чыныгы баатыр, эл коргоочу. 16га келгенде 40 жигити менен калмактардан өч алыш үчүн жөнөйт.

Курманбек баатырдын кулк-мүнөзү анын Канышайга үйлөнүшү менен тереңдей баштайт. Курманбек патриархалдык феодалдык үйлөнүү салтын четке кагып, өз сүйгөнүн издеп чыгат. Курманбектин образын анын жары Канышайдын образы толуктап турат. Канышай – баатырдын чыныгы жолдошу, ишенимдүү жубайы. «Курманбек» дастанындагы маанилүү кейипкерлердин бири – Аккан. Баатыр аталып даңкы чыкпаса да, эл багып, эл биримдигин сактап келген адам, адамкерчиликтүү жолдош, мээримдүү дос. Мунусу Курманбек жараланган эпизоддон даана көрүнөт. Карасанатайлык менен кара өзгөйлүк дастанда Курманбектин атасы Тейитбек хандын образында берилет. Уулунун калмакка жасаган чабуулуна каршы турат, кысталыш учурда Телтору атты бербей кастык кылат. Кара өзгөй Тейитбек эпостун аягында өз жазасын алат. «Курманбек.» эпосу боюнча А. Токомбаев аңгеме (1924), К. Жантөшев «Курманбек» аттуу пьеса жазган (1942). «Курманбек» дастаны каракалпак калкында да бар. Курманбекти тарыхый инсан катары караган изилдөөлөр да кездешет. 2002-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгы белгиленип, Жалал-Абад шаарынын кире беришинде «Курманбек» – кылымдар мурасы» аталган эстелик комплекс (салтанаттуу дарбаза) курулган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү