"Толтой" (Керме-Тоодогу) — кызыл-суулук (Кытай Эл Ресубликасы) кыргыздардын эпосу, "Манас" үчилтигинин кошумча бөлүгү. Бул эпос өзүнүн композияциялык түзүлүшү жана сюжетинин өзгөчөлүгү боюнча "Семетей" эпосунун каарманы Толтойдун жигиттик курагынан өмүрүнүн акырына чейинки окуяны камтыйт. Эпостун композициялык курулушу өз алдынча сюжеттик өзөктү түзгөн бир канча эпизоддордон куралып, ал эпизоддордун мазмуну башкы каарман Толтойдун тегерегине топтоштурулган.

Баян негизинен Толтой баатырдын көрсөткөн эрдиктери, өмүрү жана баатырдык жүрүштөрү жөнүндө толук айтылган. "Толтой" эпосу кызыл-суулук кыргыздарда айтылып, баатырдык баян катары кеңири тараган чыгармалардан болгон. Бул баатырдык баянды 1916—30-ж. манасчы Жусуп Мамайдын агасы Балбай жазып, кагазга түшүргөн. Кытайдагы "маданий төңкөрүш" жылдары Балбай абакка отургандан кийин элдик көптөгөн мурастар менен кошо "Толтой" эпосу да жоголуп кеткен. Бирок, кол жазманы өз учурунда окуп калган Жусуп Мамай жатка сактап калган.

Толтой жөнүндөгү баян бизде "Манас" үчилтигинин экинчи бөлүмү "Семетей" эпосунда өзүнчө эпизод болуп, "Чынкожо, Толтой чатагы" деп аталат. "Семетей" эпосунда бул эпизод варианттарда бир мазмундагы сюжеттик өзөктү берсе да айрым бир кырдаалдарда деталдык көрүнүштөрү, образдык сүрөттөмөлөрү, жүргүзгөн аракеттери, кыял-жоруктары жагынан айырмачылыкка ээ экендигин белгилей кетүүгө болот. Жусуп Мамайдын айтуусунда бул эпос Толтойдун балалык чагы, Толтойдун баатырдыктары, Чынкожонун Толтойду азгыра башташы жана Толтойдун адашуусу деген төрт бөлүктөн турат. Ал бөлүктөр өз ичинен бир нечелеген эпизоддорго бөлүнүп, бир композициялык курулушту түзгөн баш каармандын өмүрүн жана баатырдык жортуулдарын баяндаган сюжеттик өзөккө ээ. Эпостун башталыш окуяларында Толтой кыргыз элинин бейкутчулугун сактаган адилет баатыр катары сүрөттөлөт. Эпостун мазмуну дүйнөлүк эпостордо салт катары көп колдонулуучу баатырдын аттанып чыгып башка баатырларды издөөсү же аңчылыкка жалгыз чыгып кетүүсү сыяктуу мотивдердин негизинде ар бир баатырдын өзүнө теңтайлашкан баатырларга кездешип, беттешкени менен башталат. Толтой жөнүндөгү баян ушул мотив аркылуу ачылып, ал эч кимге айтпастан, алгачкы кар жааганда тайганы менен бүркүтүн алып сонорго аттанып кетет. Бир нече күндөн кийин жер чалып жүргөн кызылбаш элинин каны Контукчу баатырга келип кабылат. Эки баатырдын кездешүүсүндөгү кырдаал окуяны андан ары өөрчүтүп, чыйралта баштайт. Жер кыдырып, өз аймагынан алыстап кеткен айрым баатырларды же сапарда жүргөндөрдү Контукчу тоноп, чаап алып турган. Анын ой-максаты жамандык, баскынчылыкты көздөгөн. Контукчу Толтойго кездешкенде да аны өлтүрүп же кармап кетүүнү ойлоп, карасанатайлык жасоого аракеттенген. Бирок анын бул максаты ишке ашпай, тилеген ою таш кабат. Окуя андан нары өөрчүп олтуруп, барган сайын чыйралып курчуйт. Ар кандай баатыр өз жеринин жана элинин тынчтыгын сактоо үчүн кандай гана кырдаалда болбосун анын коопсуздугу үчүн кам көрөт. Бир жагынан өз элинин камын жесе да негизги ою олжо табуу болгондуктан Контукчу да, кийинки окуядагы түркмөндүн каны Кырымдын уулу Камангил да баскынчылык максатты көздөшкөн. Камангил Толтойдун ким экендигин билген соң айткан саламын алик албастан, аны кемсинтип жалгыз жедигер элин эмес, жалпы кыргызды баш ийдире тургандыгын айтып, жекеге чакырат. Манас баатырдын өлгөнүн уккан Камангил Толтойго өкүм сүйлөп:

Контукчу, Толтой сен тургай,

Айкөл Манас, Алмамбет,

Чубак, Сыргак каракөк,

Кыргылчал баштап кыркынын,

Чыгарып сыпсыйпылын,

Аралап кирип баргамын,

Атын айдап алгамын — деп, көтөрүлөт. Бирок кармашып жоодон жеңилбеген элин кордоого бербей, өз намысын алдырбаган Толтой баатыр Камангилдин сөзүнө анча маани бербейт. Окуя андан нары чиеленишип отуруп, Камангил менен Контукчунун чатагы башталат да, ал чатак акыры Камангилди Контукчу өлтүрүшү менен аяктайт. Окуянын башталышында эле Толтойду колго түшүрүүнү ойлоп жүргөн Контукчу карөзгөй максатын ишке ашыруу аракетине өтөт. Мунун баарын байкап жана Контукчунун ким экендигин сезип, сактанып жүргөн Толтой кооптуу кырдаалга туруштук берип, жеңишке ээ болот. Толтойдун көрсөткөн эрдиги ушул эки баатыр менен эле чектелип калбайт. Манас баатыр өлгөндөн кийин кыргыз эли менен жерине көз арткан душмандардын баатырлары баш көтөрө баштайт. Семетейдин жаштыгынан пайдаланып, Жакып кан балдары Абыке, Көбөштү тукуруп Манастын ордосун талайт. Каныкей оор кырдаалга чыдабастан Семетей менен Чыйырдыны ала качып, Темир канга кетет. Кароосуз калган эл душманга оңой олжо болуп кетет. Коргоп калар Манас жок, Семетей Букарда жүргөндөн пайдаланып, душман баатырлары кыргызга өктөмдүк кылып, Жакыпты, балдары Абыке, Көбөштү баш кылып баш көтөртпөй басып, салык салып, өз бийлигин жүргүзө баштайт. Муну "Толтой" эпосунун кийинки бөлүмдөрүндө катышкан Коронкыр, Карезги, Керкимат жана бай Чакайдын иш-аракеттерине байланыштуу окуяларда толук болбосо да аталган баатырлардын сөздөрүндө эскерилет. Манастан кийин кыргызды душманга бастыра койбос баатыр бар экендиги: "Өлгөн менен эр Манас, Баатыры бар кыргыздын Элинин кунун издээрге" — деген саптардан көрүнөт. Бул ой жалгыз гана Толтойго таандык болбостон эпосто эскерилип жаткан Семетейге, ошондой эле Кошой баатырдын уулу Жалгызекке да карата айтылып жаткандыгы эпостун контекстинде ачык эле байкалат. Эпостун мазмунунда Семетей менен Жалгызектин эпикалык душман баатырлары менен түздөн-түз майданга чыгып көрсөткөн эрдиктери ачык айтылбаса да сөз арасында, өзгөчө Толтойдун атасы Багыштын сөзүндө баса айтылат. Ал эми Семетей жөнүндө Чынкожо менен Толтойго байланыштуу окуяда кенен баяндалат. Контукчу менен Камангилге каршы кармашта жеңишке ээ болгон Толтой тынч жатып албастан жер кыдырып, эл көрүп, Кашкар каны Карезгинин кыргызга жасаган кордугун угат. Башынан кыргызга көз артып, кезегин келтире албай жүргөн Карезги капарсыз жаткан Ошко кол салып, элди бүлүндүрөт. Алым үстүнө алым кошуп, элди оор абалга салып, жакшылыктан үмүт үздүрөт. Буга чыдабаган оштук кыргыздар Абыке менен Көбөшкө , Кыргылчал менен Жакыпка жардам сурап кайрылышат. Алар элдин өтүнүчүн угуп ажат ачмак турсун өздөрү жан айласын кылышат. Карезги оштук кыргыздарды басып алгандан кийин Контукчу менен Камангелдин кунун алыш үчүн жедигер элин чабууга даяр экендигин жарыя салат. Буга Толтой чыдап турбастан, Оштон чыгып кеткен Карезгинин артынан бир жигит менен гана кууп келип, чөлдө өлтүрөт, олжону оштук кыргыздардын өзүнө кайрып берет. Керкимат таякеси Камангил, кайнагасы Контукчунун өчүн алууга келип, Толтойдон өлүмгө дуушар болсо, бай Чакай Толтойдун жары баатыр кыз Байторуну тартып алмакчы болуп, бир канча күн кармашууга чыдабай аягында сыйкырлап Толтой менен Байторуну колго түшүрөт. Бирок Толтойдун адил күрөшүнүн натыйжасында бай Чакай жеңилет. Эпикалык чыгармалардагы баш каармандардын баатырдык жортуулдарына эриш-аркак жүргөн темалардын бири баатырдык үйлөнүү темасы. Мына ушундай мотивдердин бири Толтойдун Байторуга үйлөнүүсү. Элдик эпикалык чыгармалардын көбүндө баатыр кыз колуна курал алып, эл четине келген баскынчы душманга каршы күрөшүп, эл-журтунун коопсуздугун коргойт. Андай кыз өзүнө тең келип жеке кармашта жеңип чыккан баатырга жар болот. Мына ушундай кыздардын бири — Байтору. Байтору "Толтой" эпосунда кара кытай элинен чыккан Батай кандын жалгыз туягы. Ал жеке кармашта эч кимге алдырбаган, намыс үчүн күрөшкөн эр жүрөк кыз. Байторунун аты айланадагы кандыктарга бүтүндөй тарап, жуучулар келе баштайт. Батай кан менен кызынын койгон шарты боюнча, жеңилип калганы экинчи жолу кайрылып келбеске убадасын берүүгө тийиш. Байторунун койгон шарты эпиканын табиятына мүнөздүү дүйнөлүк оозеки чыгармачылыкта кеңири тараган салттык көрүнүштөрдөн. Өктөмдүгү жана караөзгөйлүгү менен атагы чыккан Коңурбай, бай Чакай сыяктуу ашкан зулумзордукчу баатырлар келип, Байторудан жеңилип, экинчи жолу кайрылып келбөөгө ант бергендиги эпосто айтылат. Байторунун даңкын уккан Толтой да сыноого түшүп, жеке кармашта аны жеңип, коюлган шарт боюнча ага үйлөнөт. Толтойдун баатырдык аброюнун төмөндөшүнө Чынкожо кезиккен кырдаал өзүнчө чоң роль ойнойт.

Чынкожо менен Толтой жөнүндө айтылган баян биздеги манасчыларда "Чынкожо, Толтой чатагы" деген эпизоддо "Семетей" эпосунда сүрөттөлөт. "Семетей" эпосунун варианттарында өзгөчө көңүл Чынкожого бөлүнөт да, ар бир манасчы өз алдынча Чынкожонун образын ар кыл мааниде талкууга алышат. Негизги варианттардан болгон С. Каралаевдин айтуусунда Семетей Чынкожону ага катарында эсептеп ага кеңеш салып, Коңурбайга аттануу жөнүндө өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ш. Рысмендеевде Семетейдин сунушуна макул болуп, Чынкожо эли менен Семетейге келе жатканда артынан келген чабармандан досу Толтойдун айлын кызылбаштар чаап жаткандыгын угуп, элин таштап, Толтойго жардамга кетет. Астынан тосуп чыккан Семетей Толтойду кызылбаштардан куткарууга Чынкожонун кеткенин укканда Семетей нааразы болот да элин кырып, кайра кетип калат. Мына ушундай абалга нааразы болгон Чынкожо чындап эле каршыга баштайт. Манасчылардын айтуусундагы Чынкожого байланыштуу окуяда Семетей менен, ошондой эле айрымдарында Манастын ортосундагы араздашуу мотиви бирдейликти түзсө да алардын талкууланышы, окуянын жүйөлөнүшү ар кимисинде ар башка жагдайда чечилгендиги менен айырмаланып турат. Мына ушундай жагдайдан караганда бирдейликти түзгөнү менен айырмачылыктары ачык. Чынкожо тең аталык кылып, Семетейге бийликти бергиси келбей, ага каршылык көрсөтүп андан өч алуунун жолун издейт. Толтой менен Байторуга жолугушуп, достошот. Анын арамдык оюн билбеген жана андай түшүнүк оюнда жок жаш Толтой Чынкожонун купулуна толуп, өзү каалагандай жолдош таап, достошконуна ыраазы болуп, айлына кетет. Ооруп төшөктө жаткан Багыш уулу Толтой менен увазири Байтеке экөөнө калтырган керээзинде:

Биринчи айтар бул кебим,

Башка акылга кирбеген.

Ар кандай иш болсо да,

Арстан Манас айкөлдүн

Тукумуна тийбегин деп өтүнөт. Кыргыз эли Манастын үзүрүн көрүп, анын колдоосу менен өз алдынча эл болуп жашагандыгын, Коңурбайдын кордугунан куткаргандыгын жана Таш-Кыянын белинде Семетейге оолукканын "байкап көрсөм мен аны, атасынан зал экен", — деп эскерет да:

Арамдык кылса ким ага,

Акыры түбү кар экен.

Кебиме менин кулак сал,

Керээзди угар туяк кал.

Кан Манастын тукумга

Катышпагын билип ал, — деп, Багыш аталык керээзинде Манастын тукумуна каршы тургандын иши оңолбосун билгичтик менен Толтойго кулакдар кылат. Семетейди көргөнү Таш-Кыяга барганда суукка алдырган Багыш, Толтой менен Байтекеге керээзин айтып бүтөрү менен дүйнөдөн кайтат. Багыштын өлүмү Чынкожонун Толтойго тезирээк жакындашына чоң түрткү берет. Багыштын сөөгү коюлгандан кийин, анын ашы жөнүндө сөз болот. Толтой атасынын керээзин ортого салганда Чынкожо туурадан чыгып Багыштын кадыры үчүн аш бербесе элге уят боло турганын эскерип, дос катары ашка чыгымдала турган малдын жарымын төлөп, Толтойдун ишенимине кирет. Чынкожонун азгыруусуна кирген Толтой Семетей менен Жалгызекке кабарлабай туруп, атасынын ашына элди чакырат. Ашка чакыруусуз келген Коңурбай күч менен коркута баштаганда Чынкожо ачуусу келген Толтойду токтотуп, Коңурбайга тартуу берип куйтулук кылат. Чынкожо ашты башкарып, Толтой өз бийлигине ээ боло албай калат. Ашта Коңурбайдын зомбулугун көргөн жедигер эли бир топ жапа чегишет. Намыстанган Толтой, аялы Байтору Коңурбайга каршы чыгышат. Байторуга ок жаңылып, ажал табат. Толтойдун энөөлүгү, ак көңүл алабармандыгын Чынкожо өзүнүн арам оюна пайдаланат. Аш берилип бүткөн соң Чынкожо Семетейге нааразы экендигин, аны кордоп, ала турган катыны Айчүрөктү тартып алып, Толтойго берээрин айтат. Бирок ага Толтой макул болбой атасынын керээзин эскерип:

Эми атамдын жолун тандаймын,

Айткан сөзүн аңдаймын,

Арстан уулу Семеңдин,

Ала турган катынын

Мен алам деп барбаймын.

Тийишсем шердин уулуна,

Түбүндө тирүү калбаймын, — дейт.

Толтойдун Семетейге каршы турайын деген ниети жок болсо да Чынкожонун арам саясатына акыры кошулууга аргасыз болот. Аны менен бирге Акун кандын шаарын камоого мажбурланат. Толтойдун Семетей менен беттешүүгө ниети болбосо да мурдагы Чынкожо менен антташкан сөзүнөн кайта албай анын талабын аткарууга аргасыз болот. Акырында Толтой Чынкожого карата:

Дос оозанып башынан,

Торуңа сенин чалындым.

Ойлонсом, сен деп жүрүп,

Кутулгус чырга малындым, — деп чын сырын айтат.

Чынында эле Чынкожо аны нары калчап, бери калчап, ак көңүл немени азгырып, акыры экөө тең курман болушат. "Манас" эпосунда Чынкожонун тилине кирген күндөн баштап, анын жүргүзгөн иш аракеттери терс мааниде баяндалып турса да, элдик идеал катарында Толтой өзүнүн Чынкожого жасаган мамилелери менен чындык үчүн күрөшкөн каарман экендиги ачык эле сүрөттөлөт.

"Семетейдин" мейли биздеги варианттарында болсун, мейли Ж. Мамайдын айтканында болсун Айчүрөккө байланыштуу айтылган окуя толук берилет. Айчүрөктүн баатырларды сынашы, Чачыкейге жолугушу, Акшумкарды алып качышы, Семетейдин Акшумкарды издеп чыгышы, Үргөнч суусунан өтүшү жана Айчүрөккө жолугушу сыяктуу окуялар тигил же бул өзгөчөлүктөрүнө карабастан "Толтой" эпосунда толук берилбестен, айрым бир маанилүү деталдык көрүнүштөрү алынып, калгандары, схемалык жол менен сүрөттөлөт да Семетейди Үргөнчкө келгенде Айчүрөк тосуп алат. "Семетей" эпосунда Толтойдун уулу Кыяс жөнүндө да кеңири баян бар. Ал эми "Толтой" эпосунда Толтойдон бала жок болуп, иниси Кыязды асырап багып жүргөндүктөн, эл аны баласы деп атап калышкан. Бирок эки эпостогу Толтой, Чынкожо, Айчүрөккө байланыштуу айтылган окуя сөзмө сөз бирин экинчиси кайталап калган деп айтууга болбойт. Ар бири өз алдынча сюжеттик курулмага, мотивдик кырдаалга образдык системага жана көркөм ыкмаларга ээ. Кызыл-суулук кыргыздардын "Толтой" эпосунда Толтой элдик баатыр катарында сүрөттөлөт. Ал өзүнүн баатырдык күчүн жалгыз гана жедигер элинин бейкутчулугу үчүн жумшабастан, ошондой эле ал жалпы кыргыз элинин тынчтыгын сактоого арнаган баатырлардан болгон. Анын башкы максаты жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп, элди жана жерди жат душмандардан коргоо үчүн күрөшкөн баатыр экендиги эпикалык фабуланы камтыган. "Толтой" эпосунун сюжеттик курулушу, мотивдердин жүйөлөнүшү, көркөм образдардын талкууланышы эпиканын мыйзам ченеминен сырткары кетпестен, анын койгон проблемалык маселелерин толугу менен чече алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4