"Манас" эпосундагы гуманизм

''Манас'' эпосундагы гуманизм‎»‎ барагынан багытталды)

Манас эпосундагы гуманизм — адам, инсан катары баалуу, ал эркиндикке, бакыт-таалайга акылуу, теңдик, адилеттик, адамкерчилик адамдар ортосундагы кадыресе мамиле болууга тийиш деп эсептеген өзгөрүп туруучу тарыхый көз караштар системасы. Адамды урматтоо, адамкерчилик, бакыт жана эркиндик жөнүндөгү адамдардын көз караштары, ой-тилектери түрдүү элдердин эң байыртан берки оозеки көркөм чыгармаларында, түрдүү философиялык, адеп-ахлактык диний концепцияларында чагылдырылып келген. Бүткүл дүйнө эпикалык поэзиясынын ичинде өзгөчө орунга ээ «Манаста» да Азиядагы эң байыркы элдерден болгон кыргыздардын башынан кечирген татаал турмушунун, көп кырдуу тарыхынын издери гана сакталбастан, элдин келечекке болгон үмүт-тилеги, ой-максаттары кошо берилген. Ошондой эле жаштарды эл-жерди сүйүүгө, аны ички-тышкы душмандардан коргоого, адамды урматтоого, эң башкысы бийик Г-ге тарбиялоого байланышкан жалпы эле адамзаттык идеялар кеңири орун алган. Ч. Айтматов эпостун манасчы Сагымбай Орозбак уулунун айтуусу боюнча жарыкка чыккан китебине жазган баш сөзүндө «''Манас'' эпосу — бийик гуманизмге сугарылган эпос» (Сагымбай Орозбаков, 1. 10),— деп бекеринен жогору баалаган эмес. Чынында да ''Манас'' эпосу — жаралган мезгилинен ушул күнгө чейин өзүнүн баа жеткис баркын, бийик Г-ин жоготпой кайра улам жогорулатып, чабылып-чачылбай улам кийинки урпактар аны күндөн-күнгө молуктуруп, тарыхтын улуу жолунда чарчап-чаалыкканда элдин күчүнө күч, демине дем кошуп келген улуу чыгарма. Эпостун Г-и барыдан мурда анын образдар системасы аркылуу, андагы көптөгөн каармандардын (баатыр Манас, акылман Кошой, Бакай, Каныкей, Айчүрөк, баатыр чоролор Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек жана Семетей, Күлчоро, Сейтек жана башкалар) сүйлөгөн сөздөрү, аткарган күнүмдүк жана жоокерчилик иштери, өз ара мамилелери, эпостун түркүн окуялары аркылуу берилген. Эпостун башкы каарманы Манастын өзү — бийик Г-ди алып жүргөн каарман. Ага колдонулган айкөл деген эпитет эле анын жогорку адамкерчилигин, кең пейилдигин айгинелеп турат. Манас ат жалын тартып мингенден бүт өмүрүн ат үстүндө, казат жолунда, кандуу кыргында элдин көз каранды эместиги, биримдиги, бейкут турмушу үчүн күрөштө өтөт. Алгач кезигишкенде эле Кошой Манаска:

Көчө чыгып Алтайдан

Жериңе качан коносуң?!

Аз гана кыргыз элиңе

Качан караан болосуң?!

Ээн калган ээсиз элиңди

Качан ээлеп аласың?! (Саякбай Каралаев, 1. 114),—

деп бытыранды болгон элди бириктирип, баш болуу керек экенин билгизет. Алмамбет келгенде жоого минген тулпары Аккуланы, жоо кийимин, каруу-жарагын тартуу кылганы айкөл Манастын Алмамбеттин баатырдыгын баалаганы, элинен, жеринен кеткен адамдын трагедиялуу абалын терең түшүнгөндүгү, кайгысын тең бөлүшкөндүгү. Ашка чакырбай коюп, кытайлар күлүгүнө көз артып, кемегедеги этин талагандан кийин чакырткан Бокмурунга ачуусу келсе да, элдин бейкуттугун өзүнүн жеке тарынчынан жогору коюп, «Журт куруган экен деп» (Саякбай Каралаев, 2. 33) элди ойлоп ашка келип, чатакты басат. «Ардактап ашка чакырдым, Абийириң менен этиң же» (Саякбай Каралаев, 2. 37),— деп чатак баштагандарды адамкерчиликке чакырат. Жоого колго түшүп кеткен Билерик менен Жарманасты калк атасы Кошойдун өзү барып туткундан бошотуп алышынын өзүндө да адам бейкүнөө жаза тартпоого тийиш деген гуманисттик идея жатат. Эпостогу аялдын эң сонун образы (Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Акеркеч, Арууке жана башкалар) — эпостун бийик Г-инин күбөсү. Баатырдын жары Каныкей сулуулугу келишкен, ишмер, колунан көөрү төгүлгөн уз, баласын аман чоңойтуп, атасынын ордун бастырган мээрбан эне гана эмес, баатырга билбегенди билгизип, акылына акыл кошуп турган даанышман кеңешчиси, керек жерде жоо киймин кийип жоону бирге сайышкан жанга шерик баатыр жолдошу да. Эпос жаралган замандан бери келаткан аял затынын акылын, ишмердүүлүгүн, эркектерге тете эрдигин даңазалоону, аял затына, энеге деген урмат сыйды да эпостон көрөбүз:

Ургаачы жолу улук деп,

Өзү каңгай урук деп,

Ороңгунун Кулабээ...

Чубатууга чыгыптыр (Сагымбай Орозбаков, 3. 153),— деп Көкөтөйдүн ашында чабышка түшчү аттарды чубатууга чыгарганда Ороңгунун Кулабээсин биринчи коё бергени эле, элдин жалпы эле аял затына болгон мамилесин көрсөтөт. Ч. Айтматов айткандай: «Эпосту жараткан элдин акылмандуулугу көркөм чыгарманын трагедиялуу финалынан эле даана сезилип турат... Эгерде, элдин баатыры журттун айтканына көнбөй адилетсиз чабуулга аттанса, анда, эл өзүнүн сүйүктүү каарманын да аябайт. Эпостун гуманисттик жыйынтыгы да мына ушунда» (Сагымбай Орозбаков, 1. 10).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4