«Манас» эпосундагы пейзаж

«Манас» эпосундагы пейзаж . Элдик оозеки чыгармаларда П. жаратылыштын өзүнчө мааниге ээ болгон түрдүү кубулуштарынын жана көрүнүштөрүнүн тигил же бул көркөм эстетикалык идеяга жана максатка баш ийдирилген көркөм чагылышы болуп эсептелет. Ал фольклордук жанрлардын поэтикасындагы эң маанилүү элементтердин бири болуу менен бирге көркөм-эстетикалык ар кыл милдет аткарат. «Манас» эпосунда чыгарманын идеялык-тематикалык багытынын көп түрдүүлүгүн, көркөм-эстетикалык кайталангыстыгын, образдар системасынын молдугун, поэтикасынын ажайыптыгын арттырып турган көркөм каражаттардын бири П. болуп саналат. Сюжеттик окуялардын ырааттуулугуна, эпосто башкы жана көмөкчү идеялардын, мотивдердин, айкын көрсөтүлүшүнө белгилүү деңгээлде көмөктөшүп тургандыгы менен баалуу. Эпосто окуялардын өнүгүшүнө, образдардын ачылышына өзгөчө зарыл фон берүү менен каармандар мекендеген же алар көргөн жерлер баарыдан мурда алардын психологиялык ал-абалына, мүнөзүнө, иш-аракетине жараша сүрөттөлөт. П-дын чагылышы түрдүү көркөм ыкмалар, каражаттар аркылуу, образдык ассоциациялар, салыштыруулар, туруктуу кайталоолор, жаратылыш көрүнүштөрүн элестүү, көркөм сүрөттөөнүн негизги принциптери катары жүзөгө ашырылат. Ала-Тоо, Ысык-Көл, Чүй, Талас жана башкалар жерлердин табиятын сүрөттөө, тууган жердин, мекендин артыкчылыгын, ажайып көркөмдүгүн, мол байлыгын, кайталангыс кооздугун көрсөтүүгө багытталган.

Элдик идеалдагы каармандар жердеген, жашаган жерлердин жаратылышын поэтикалык түркүн боёктор менен көркөмдөп берүү чыгармада ата журттун образын жаратуу, ага болгон сүйүү өңдүү башкы идея менен табигый түрдө айкалышат. «Манас» эпосунда П. эки түрдүү реалисттик жана эпикалык оозеки чыгармачылыктын мыйзам-ченемине ылайык апыртуу, фантастикалык салыштыруу, фетиштик предметтердин керемети менен чагылдырылган. Мисалы, кыргыздар Алтайга жаңыдан келгендеги ал жердин ажайып көркү, жан-жаныбарлардын молдугу, малчылыкка ыңгайлуулугу элестүү сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаковдун варианты). Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында айдалып барган кырк үйлүү кыргыз жердеген Алтайдын башы, Ак-Талаанын таң алдындагы көрүнүшү өзгөчө боёктор, түркүн салыштыруулар, образдар менен сүрөттөлүп, жаратылыш кубулуштары, жеринин байлыгы өзгөчө сыпатталат (Саякбай Каралаев, 1. 36). Алтай жергесинин кооздугун, рельефинин түрдүү көрүнүштөрүн айтуучулар өз алдынчалыгын сактоо менен жогорку көркөмдүктө берүүгө жетишкен. Жаратылыш көрүнүштөрүн жана табият кубулуштарын жандуу элестер менен нукура чеберчиликте чагылдыруу жагынан Сагымбайдын варианты башка варианттардан кыйла айырмаланып турат. Мисалы, Уркун дарыясынын көрүнүшү:

Уркундун суусу кириптир:

Башынан мөңгү бузулуп,

Жандосунан караса

Жайсаңдын суусу кошулуп,

Капкара болуп көрүнөт

Кан жыттанып кошулуп.

Токою бийик доолдоп,

Тоосу бийик зоолдоп,

Тереги шамдай сайылып,

Деңизден чыккан толкуну

Кайың, талдын түбүнө

Как тизеден жайылып.

Жаткан экен күркүрөп,

Жакын келген адамдын

Таман бою дүркүрөп (Сагымбай Орозбаков, 1.264).

Айтуучунун поэтикалык чабытынын кеңдигин, манасчынын жогорку чеберчилигин айгинелеген сапаттардын бири жаратылыштын мурда сүрөттөлгөн көрүнүшүнө, кубулушуна кийинки окуяларда кайра кайрылышы, андагы белгилерди, көркөм көрүнүштөрдү кылдат баамдап, элестүү тарта билиши, реалисттик баяндоо улам кеңип, тереңдеп жүрүп отургандыгында. Чоң казатта кол баштаган Алмамбет баатыр баргандагы Уркун дарыясынын көрүнүшү:

Башынан мөңгү бузулуп,

Аз болгондо ар туштан

Алтымыш дайра кошулуп,

Капкара болуп ыраңы,

Кан жыттанып жошулуп 

Карагайы, тал агып,

Кайың менен сал агып,

Караргандын баары агып,

Үстү жагы көбүктөп

Үйөр жүрүп алыптыр,

Үзүктөй таштар үстүндө

Күлдүрттөп агып калыптыр,

Ак көбүгү бурулуп,

Аркы-терки урунуп,

Агыны катуу улуу суу

Чамгарактап калыптыр,

Ошол Уркун суусуна,

Суунун тийген буусуна —

Жээгинде жекен желпилдеп,

Камыштын баары калкылдап,

Аттай кара балыктар,

Ар жеринен карасаң,

Атылып түшүп жаркылдап (Сагымбай Орозбаков, 4. 151). Уркун дарыянын көрүнүшү алгач Манас салбырында жүргөн мезгилде сыпатталып, жөн-жай тиричиликтин деми, бейкут жашоонун илеби келип турса, Манастын колу Чоң казатка бараткандагы дарыянын сүрөттөлүшү кандайдыр бир чыңалуу, идеялык бекемдик, окуянын жүрүшүндөгү темп, кейипкерлердин маанайындагы уйгу-туйгулук, оош-кыйыштар менен үндөшүп кетет. Окуялардын өнүгүшүнө ылайык дарыялардын көрүнүшүн ушундай мотивде чагылдыруу «Семетейде» да жолугат. Семетейди алып Букарга бараткан Чыйырды менен Каныкейдин Сыр-Дарыяны, Семетейдин эки чоросу менен Үргөнчтүн суусун кечиши сүрөттөлгөн эпизоддор буга мисал. Кайталоолор, сүрөттөөнүн жакындыгы, суунун агымынын көрүнүшүн баяндоо ыгындагы окшоштук эпикалык мүнөзгө ээ.

Ата журттун образын жаратууда, анын кайталангыс П-ын тартууда Саякбай ар бир жердин (Текес, Үч-Каркыра, Кызыл-Кыя жана башкалар) өздөрүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, кооздуктарын башкалар менен алмаштырбай бере билет. Ал эми Ысык-Көл менен Таластын сүрөттөлүшү көркөмдүк-эстетикалуулугу, элестүүлүгү, образдуулугу, поэтикалык таасирдүүлүгү жагынан оозеки чыгармачылыктын бийик үлгүсү болуу менен чоң акындык ышкы, бийик эмоция менен сүрөттөлөт. Ошол эле учурда көркөм көл кылаасы жоокерчилик замандагы турмуш ыңгайына туура келбестиги эскерилет да, Кошойдун сунушу менен Манас Таласты жердеп калат. Семетей Букардан, Сейтек Жети-Өзөндөн Таласка келгендеги Таластын көрүнүшүн, жаратылыш байлыгын баяндоодо айрым кайталоолор болгону менен каармандардын эңсеген жерине жеткендеги алгачкы таасирлерин, алардын ошол учурдагы психологиялык ал-абалын түшүндүрүүгө кызмат кылат. «Сейтек» бөлүмүндө Таластын П-ы өзгөчө ынтаа менен жогорку көркөмдүктө сүрөттөлөт. Эпикалык чыгармачылыктын ички мыйзам ченемине ылайык П-ды сүрөттөө айрым учурда апыртуу, ашкере салыштыруу, фантастикалык шөкөттөр менен да түзүлүп, эпикалык чыгармачылыктагы кыялый катмарлар, окуялардын өнүгүшү органикалык түрдө байланышат. Мисалы, Манастын колу Уркунду кечип өткөндөн кийин «Чымыны чымчыктай, чычканы күчүктөй, дөгөчү деген жалбырагы төрт канат үйдүн үзүгүндөй, камышы кере кулач челектей, короолусу короздой, корозу көнөктөй, балтырканы билектей, алмасы аяктай, кымыздыгы таяктай, чочкосу койдой жайнаган» өрөөндүн П-на туш болушат (Сагымбай Орозбаков, 4. 162—163). Мына ушундай гиперболалык ыкма менен түзүлгөн жаратылыш көрүнүштөрү Саякбай Каралаевдин вариантында да учурайт (Алтайдын көрүнүшү). Эпосто П. окуянын өнүгүшүнө, каармандардын психологиялык абалына, мүнөзүнө ылайык сыпатталуу менен чыгарманын тутумунда өзүнчө көркөм милдетке ээ. Чыгармада П. ошол чыгарманын башкы жана көмөкчү идеяларына тике жана кыйыр баш ийдирилет. Реалисттик жана гиперболалык, фантастикалык ыкмада чагылдырылган жаратылыш көрүнүштөрү негизинен бейкут жашоону, байкерчилик турмушту көрсөтүүгө кызмат кылса, ал эми айрым көрүнүштөр согуштук кырдаалды (Ит-Өлбөстүн сүрөттөлүшү), каармандардын ошол учурдагы абалын берүүгө көмөктөшөт (Тал-Чокуда Бээжиндин көрүнүшү).

Табият көрүнүшү элдик идеалга жараша эпосто эки башка планда оң жана терс мааниде баяндалганы чыгарманын башкы өзгөчөлүктөрүнө жатат. Эгерде оң каармандар жердеген жер өзүнүн байлыгы, көркөмдүүлүгү, жашоого ыңгайлуулугу менен артыкчылыкка ээ болсо, эпикалык терс каармандар турук алган жерлерди сүрөттөөдө образдык айырмачылыктарды көрсөтүүгө багытталган П-дык сүрөттөөлөр да бар. П-ды берүүнүн мындай ыкмасы «Семетей» бөлүмүнөн да орун алган. Букарга качып бараткан Каныкейлер басып өткөн жолдо Казы-Курт тоосу, Ак-Чий сыяктуу жерлердин жаратылышы анын катаалдыгын жана татаалдыгын баяндаган окуялардан ачык көрүнөт. Эпостон мифологиялык ыкма жана каражаттар аркылуу түзүлгөн. П. да кеңири орун алган. Бул биринчиден, байыркы адамдардын аң-сезминин эпикалык чыгармачылыктагы өмүр сүрүп жатканын көрсөтсө, экинчиден, фетиштик ой-пикирлер жаратылыш көрүнүштөрүн, кубулуштарын жандуу жана элестүү чагылтууга көмөктөшкөн көркөм ыкма таризде да милдет аткарат. Мисалы, Алмамбет, Жолой, Нескара, Бооң жана башкалар каармандардын жайчылык менен аба ырайын өзгөртүшү. Фетиштик заттардын, магиянын күчү, жаратылыш көрүнүштөрүн, кубулуштарын жандуу жана элестүү көрүнүштөрүн өзгөртүү мотивине ишенүү салтынан келип чыккан П-дарды сүрөттөө элестүүлүгү, образдуулугу жана поэтикалуулугу менен айырмаланат.

Фетиштик кереметтин күчүнө ишенүү жана ал аркылуу П. түзүү салты «Семетей» бөлүмүндө да бар. Мисалы, Семетейди күтүп Үргөнчтүн боюнда жаткан Айчүрөк күндү жайлап, дайранын суусун ташытат; Семетейдин келгенин билип, Кырымдын уулу Мурадыл күндү жайлап, жаратылыш мезгилин өзгөртөт. Баатырдык эпосто жаратылыш көрүнүштөрүн, кубулуштарын сыпаттап берүү айтуучунун жеке даярдыгына, көркөм табитине, сөз маданиятына, элестүү ой жүгүртүүсүнө, жалпы чеберчилигине, акындык дараметине байланыштуу. Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттары көркөмдүк-эстетикалык сапаттары, мазмундуулугу, идеялуулугу менен башкалардан кескин айырмаланып, пейзаждык лириканын туу чокусуна, классикалык бийиктигине жете көтөрүлгөндүгү менен баалуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4