«Семетейдин» сюжети. Кыргыз Илимдер академиясынын Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүнүн фондусунда «Семетей» эпосунун толук жана айрым эпизоддордон, үзүндүлөрдөн турган 30га жакын вариантынын кол жазмасы сакталып турат. Алардын ичинде Тоголок Молдо, Шапак, Жаңыбай, Багыш, Жакшылык, Молдобасан, Саякбай, Мамбет, Ыбырайым жана башкалардан жазылып алынган салттык туруктуу окуяларды толук камтыган варианттарды эң негизгилери десек болот. Буларга В. В. Радлов в жазып алып жарыялаган вариантты да кошууга болот. Ал тарыхый баалуулугу жана негизги окуялардын көбүн камтыганы менен өзүнө олуттуу көңүл бурдурат. «Манас» үчилтигинин биринчи бөлүмүнө салыштырганда 2-бөлүмү — «Семетейдин» варианттарынын сюжет жагынан болгон айырмачылыктары анча чоң эмес. Негизги өзгөчөлүктөр айрым деталдардан (мисалы, экинчи пландагы каармандардын аттары Темиркандын ордуна Каракан, Сарытаздын ордуна Жекетаз, жер-суунун аттары, Букардын ордуна Кырым, бир кейипкерди экинчи бир кейипкер алмашышы (мисалы, жуучулук ролду Кыргылчалдын ордуна Меңдибай аткарат), мотивировкалардан (мисалы, Чынкожонун , ошондой эле Үмөтөйдүн Семетейге жоо болушу), кээ бир анча салттуу эмес кыска окуялардын тигил же бул варианттардан кездеше калышынан байкалат. Бирок бул өзгөчөлүктөр эпостун жалпы мазмунунда да, анын сюжетинин курулушуна да олуттуу өзгөртүү киргизе албайт. Ошондуктан «Семетейдин» варианттарынын эл арасында салт катары кеңири белгилүү окуяларынын бардыгын кенен баяндашы менен өзгөчөлөнүп турган Саякбай Каралаевдин вариантынын сюжети берилди да, башка варианттардын андан айырмачылыктары өз кезеги менен белгиленди. «Семетей» эпосунун сюжети бардык варианттарга орток төмөнкү окуялардан турат: 1) Абыке, Көбөштүн Манастын ордосун чабышы жана Каныкейдин Семетейди алып Букарга качышы, 2) Семетейдин балалык чагынын Букарда өтүшү жана өз тегин угуп, эл-жерин издеп Таласка келиши, 3) Таласка көчүп келип атасынын ордун ээлеген Семетейдин өз жакындары менен чатагы, 4) Семетейдин Чынкожо менен чатакташы жана Чынкожо , Толтойду жеңип Айчүрөккө үйлөнүшү, 5) Семетейдин атасы Манастын кунун Коңурбайдан куушу. 6) Өзү катылган Үмөтөйдүн Семетейден өлүшү. 7) Канчоронун чыккынчылыгы менен Семетейдин Кыястан өлүшү. Ырас, аталган окуялар да өз ичинен бир нече эпизоддорго бөлүнөт. Мисалы, Семетейдин балалык чагынан тартып Таласка алгач келишине чейинки окуялар төмөнкү эпизоддордон турат: 1) Семетейдин Темиркандын (Ысмайылдын) колунда тарбияланып эрезеге жетиши жана Сарытаздан өзүнүн чыныгы тегин угушу,

2) Каныкейдин жомогу (Таласка алгач бараткан Семетейге Каныкейдин эл-жери, ататеги жөнүндө алдын ала тааныштырышы жана келечекте аткаруучу иштерине кеңеш бериши), 3)Семетейдин Букардан Таласка алгач келиши жана эл-жери менен таанышып, атасы Манастын мураска калган мал-мүлктөрүнө ээ болушу. Мындан тышкары көпчүлүк варианттарда кезикпеген, бирок, Саякбай жана ага таандык болгон Манасчылардын мектебинин өкүлдөрү аркылуу эл ичинде кеңири белгилүү болгон «Каныкейдин Тайторуну чабышы» сыяктуу окуялар ичине кирет. Ошондуктан, «Семетейдин» чоң-чоң окуяларынын арасына кескин чек коюу кыйын. Б. а. эпикалык сюжеттин баштагы ар бир бөлүкчөсү — мотиви улам жасалып, улам кеңейтилип олтуруп өз алдынча турган чоң эпизоддорго жеткен. Ошентип, «Семетей» эпосунун окуяларынын ырааттуу өнүгүш жолун төмөнкүдөй үч топко бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) Семетейдин балалык чагы жана эр жетиши (жаш мураскор Семетейдин тең аталаш туугандарынан куугунтукка алынышы жана эр жетип алардан өч алышы), 2) Семетейдин баатырдык үйлөнүшү [атаандаштары Чынкожо, Толтойду жеңип, Айчүрөккө үйлөнүшү жана өзү алардын кунун кууган Кыястан каза (кайып) болушу], 3) Семетей атасы Манастын кунун Коңурбайдан куушу. «Семетейдин» сюжети төмөндө бул тематикалык бөлүштүрүү боюнча эмес анын татаал композициялык түзүлүшүн бузбай, ар бир эпизод эпостун өзүндө кандай айтылса, так ошондой ырааттуу орду менен берилди.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4