Абдурасулов Ырысбек (1950-ж.туулган, Тажикстан, Жерге-Тал кыштагы) койдун селекция, генетикасы жана породасы боюнча адис, айыл чарба илимдеринин доктору (1999), профессор (2001). 1972-ж. Кыргыз айыл чарба институтун бүтүрүп, ошол эле жерде аспирантурада окуган. 1972-73-ж. колхоздо веттехник, Мал чарба илимий-изилдөө институтунда, Кыргыз ССР ИАнын Биохимия жана физиология институтунда кенже илимий кызматкер (1975-81), К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда ассистент, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1981-91), Кыргыз агрардык академиясында илимий иштер боюнча проректор (1996-2001), 2001-жылдан Эларалык тоолор институтунда директор. Абдурасулов 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын автору.

Эмгектери түзөтүү

- Экологические основы селекции овец кыргызской тонкорунной породы. Б., 1997.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1