Абдыкерим Мырзаев - жазуучу, журналист.

Абдыкерим Мырзаев
Туулган датасы:

1 -октябрь 1939(1939-10-01) (85 жаш)

Туулган жери:

Аксы району, Кербен айылы

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз

Ал Аксы районунун Кербен айылында 1939-жылы 1-октябрда туулган.

Кербен айылынын Таш-Төбө орто мектебин ийгиликтүү бүтүрүп, 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнө кирген. Университетти аяктап, Жаңы-Жол райондук «Жаңы турмуш» гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеген. 1967-жылдан тартып республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитинин редакциясына которулуп, адабий катчы, жооптуу катчынын орун басары, гезиттин өз кабарчысы болуп эмгектенген.

1970-1977-жж. Фрунзе шаарындагы «Кыргызстан» китеп басмасында редактор, республикалык «Ленинчил жаш» гезитинин жооптуу катчысы, редактордун орун басары, 1977-1979-жж. Москва шаарындагы КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын угуучусу, 1979-1985-жж. «Кыргызстан» китеп басмасынын бөлүм башчысы, башкы редактору, 1985–2009-жж. «Пропагандист жана агитатор» журналында жооптуу катчы, «Коммунист» журналында редактордун орун басары, республикалык «Кыргыз тили» коомунун жооптуу катчысы, Чүй облустук мамлекеттик администрациясында башкы адис, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында Редакциялык-басма бөлүмүнүн улук консультанты, бөлүм башчынын милдетин аткаруучу, эксперт болуп иштеген.

2005-жылы «Раззаков» аттуу тарыхый-документалдуу романы жарык көргөн.

1968-жылдан Кыргызстан журналисттер союзунун, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери

түзөтүү
  • Булар ким болот?: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1966. - 60 б.
  • Түпкүрдө: Очерк. - Ф.: Кыргызстан, 1966. - 100 б.
  • Жылдыздуу жаштык: Аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1979. - 150 б.
  • Ак куу бийи: Повесть, аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1980. - 200 б.
  • Мөмөлүү дарак: Повесттер, аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 240 б.
  • Аталардан калган жер: Новеллалар. - Ф.: Кыргызстан, 1997. - 290 б.
  • Раззаков: Тарыхый-документалдуу роман. - Б.: Салам, 2005. - 380 б.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү