Абу ХанифаИслам укугу (фикх) менен ишеним негиздеринин (акыйданын) карапайым элдин калың катмарына таралуусуна, дегеле ислам маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон, көпчүлүккө Имам Азам (эң улуу имам) деген лакап аты менен таанымал болгон улуу ислам аалымы, күчтүү мужтахид жана Ханафий мазхабынын атактуу лидери Имам Абу Ханифанын толук аты Абу Ханифа Нуман бин Сабит бин Зута бин Марзубан (араб. نعمان بن ثابت بن زوطا بن مرزبان).

Абу Ханифа

Кыскача өмүр таржымакалы

түзөтүү
 
Абу Ханифа.

Имам Азам Хижра жылсанагы боюнча 80-жылы, ал эми Григорий календары боюнча 699-жылы Умавий халифатары (Омейяддар династиясы) өз өкүмүн жүргүзүп турган Ирактын Куфа шаарында төрөлгөн.

Имамдын өз аты Нуман болгон.

Ал эми Абу Ханифа болсо имамдын экинчи лакап аты болуп эсептелет. “Абу Ханифа” деген сөз “Ханифанын атасы” деген маанини туюндурат.

Имам Азамдын эмне себептен Абу Ханифа деген лакап атка ээ болгондугу көпчүлүктү кызыктырганы менен, бул туурасында өмүр баянын баяндаган булактарда так маалымат жокко эсе. Ошентсе да, бул тууралуу үч вариант айтылып келет:

1. Акыйкатты жактаган жана аны карманган, чын көңүлдөн берилген, такыба адам маанисин туюндурган “ханиф” деген сөздөн алынган;

2. Ошол учурда ирактыктардын арасында “ханифа” деп аталган сыя челекти дайыма жанында алып жүргөндүктөн;

3. Ханифа аттуу кызы болгондуктан ушундай такма атка ээ болгон деген варианттар бар. Чынында, көптөгөн тарыхый булактар имамдын жалгыз Хаммад аттуу уулунан башка перзенти, б.а. уулу да, кызы да болбогондугун далилдөөдө. Ушундан улам имамдын Абу Ханифа деп аталышына биринчи вариант жакыныраак десек болот. Андыктан Абу Ханифа деген сөз – акыйкатты карманган жана бул акыйкатты сыя (калем) менен жаюуга аракет кылган адам деген маанини билдирет деп айткандар да бар.

Имам Абу Ханифа соодагердин үй-бүлөсүндө чоңойгон. Андыктан турмушунда материалдык кыйынчылыктарды көргөн эмес. Башында соодагер болгон Нуман илим жолуна түшкөндөн кийин деле сооданы таштабастан, шериктери менен биргеликте ишин уланта берген. Өзүнүн соода-сатык иштерине эч качан арам акча аралаштырган эмес. Соодасынан түшкөн пайдасын кедей-кембагалдарга, айрыкча окуучуларына берип турган. Дүнүйө, мал-мүлккө үзүлүп түшкөн адамдардан болгон эмес.

Ислам дини толугу менен өз өкүмүн жүргүзүп турган чөйрөдө чоңойгон Нуман бин Сабит кичине кезинде эле Куранды жатка билген. Кыраат илимин жети курранын (кыраат илиминин башаты болгон аалымдардын) бири болуп эсептелген Имам Асым бин Бахдаладан үйрөнгөн. Он алты жашында атасы менен бирге ажылыкка барган учурда Абдуллах бин Умар жана Ата бин Абу Рабах менен таанышып, алардан хадис уккандыгы тууралуу риваяттар бар. Имам Азам «табиундардан» (сахабаны көргөн адамдардан) болуп эсептелет жана «атбау табиундардын» (табиундарды көргөн адамдар) улууларынын бири.

Диний илимдердин баарын жакшы өздөштүргөн Нуман фикх илиминин (ислам укугунун) аябай маанилүү илимдерден экендигин байкайт жана ушул жааттагы аалымдардан илим алууга бел байлайт. Ошентип ал Ирактын атактуу факихи (Ислам укугун тереңден билген аалымы) Хаммад бин Абу Сулайманды өзүнө устаз кылып тандап алып, ал кайтыш болгонго чейин он сегиз жыл бою анын сабактарына катышкан. Имам Азамдын илим алуу санжырасы устазы Хаммад бин Абу Сулайман аркылуу Ибрахим ан-Нахаи жана Абу Амр аш-Шабиге, андан ары Масрук бин Ажда, белгилүү казы Шурайх, Асвад бин Язид жана Алкама бин Кайска барып такалат. Алар болсо Азирети Умар бин аль-Хаттаб, Азирети Али бин Абу Талиб, Абдуллах бин Масуд жана Абдуллах бин Аббас (разияллооху анхум ажмаиин) өңдүү аалым сахабалардан илим алышкан.

Имам Абу Ханифа сабактарын суроо-жооп түрүндө өткөргөн жана кандайдыр маселеге фатва берерде шакирттери менен пикир бөлүшкөн. Ал ойго терең, сөзгө сараң, дайыма такыбалуулукка дитин койгон, пайдасыз нерселер менен алектенбеген, берилген суроолорго кыска гана жооп берген, тапан жана зээндүү мужтахид, башкача айтканда, диний булактардагы далилдердин негизинде ар кандай маселелерге өз өкүмүн бере алган аалым болгон. Ислам укугун системалаштырган жана ислам укугунун методикасына чоң ачылыштарды жасаган Имам Азамдын миңдеген шакирттери болгон. Шакирттеринен кыркка жакын мужтахид даражасына жеткен аалымдар чыккан. Алардын атактуулары төмөнкүлөр: Абу Юсуф Якуб бин Ибрахим, Мухаммад бин Хасан аш-Шайбани, Зуфар бин Хузайл бин Кайс, Давуд ат-Таи, Асад бин Амр жана башкалар.

Имам Азамдын эмгектеринен белгилүү болгондору төмөнкүлөр: «аль-Фикху аль-акбар», «ар-Рисаала илаа Усман аль-Батти», «аль-Васийя», «аль-Фикху аль-абсат», «аль-Аалим ва аль-мутааллим» аттуу беш акыйда китеби жана «аль-Муснад» аттуу бир хадис жыйнагы. Мындан башка да Абу Ханифага таандык деп эсептелинген көптөгөн эмгектер да бар.

Абу Ханифанын өмүрү өтө татаал саясий шарттарда өткөн. Ошого карабастан ал өзүн саясаттан оолак туткан. Имамдын өмүрүнүн соңку он сегиз жылы Аббасилердин (Аббасиддердин) доорунда, калганы Амавилердин (Омейяддардын) доорунда өткөн.

Мусулмандардын амирлери болгон халифалар ага чоң-чоң шаарлардын казылык милдетин сунуштаган кезде да ал алардын сунушун кабыл кылбастан четке каккан. Анын мындай кылыгына ачууланышкан халифалар аны зынданга салышкан. Ошентип улуу аалым зынданда жаткан.

Өз өмүрүн илим жолуна берген улуу имам Абу Ханифа Хижра жыл санагы боюнча 150-жылы (Григориян боюнча 767-жылы) Багдат шаарында дүйнөдөн өткөн. Өзүнүн айткан керээзи боюнча сөөгү Багдаттагы «Хайзуран» көрүстөнүнүн чыгыш тарабына коюлган. Кийинчерээк ал жерге Шарафу аль-мулк Абу Сад аль-Муставфи тарабынан 459 (1067) – жылы күмбөз тургузулуп, жанына бир медресе курулган. Азыркы учурда ал жер Имам Азамдын урматына «Азамия» деп аталат.

Ханафий мазхабы

түзөтүү

Имам Азам Абу Ханифанын методикасынын нугу менен өсүп-өркүндөгөн ислам укугу (фикх) мектеби «Ханафий мазхабы», ал эми бул мазхапка киргендер «ханафилер» деп аталат.

Ханафий мазхабынын пайдубалы эң оболу Иракта түптөлгөн жана Аббасийлердин доорунда Имам Абу Юсуфтун «башкы казы» болуусу менен өлкөнүн башкы фикх мазхабы болуп калган. Бара-бара бул мазхап бардык тарапка жайыла баштаган. Айрыкча Хорасан менен Мавараауннахрда аябай өнүккөн. Бул аймактардан көптөгөн улуу ханафий факихтери чыккан. Осмон Империясынын ханафий мазхабын мамлекеттин расмий мазхабы катары кабылдашы менен бул мазхаб аябагандай зор аймакка жайылат жана мусулмандардын жашаган көптөгөн жерлерде байыр алган. Азыркы учурда Борбордук Азия, Татарстан, Индия, Пакистан, Афганистан, Түркия жана башка жерлерде Ханафий мазхабы аябай кеңири таралган.

Колдонулган адабият

түзөтүү
  • Каратаев О.К., Эралиев С.Н. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,2005-жыл.

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү