Айдаралы Жөргөлөк (Еейшүкүр уулу)-Белгилүү комузчу, акын, куудул.

Өмүр жолу түзөтүү

Айдаралы Жөргөлөк 1861-жылы Кара-Буура районун, Кызыл-Адыр айылында туулган. Анын комузга, Ырга шыктуулугу бала чагынан эле корүнө баштаган. “Курманбек”, “Кожожаш” кенже эпосторун айтып, өзү да тамаша,күкү аралашкан ырларды чыгарган.Кыякчы, чоорчу да болгон. Бардык өнөрлөрүнүн ичинен комузчулугу алдыда турган.

Чыгармалары түзөтүү

Айдаралы Жөргөлөктүн чыгармалары

  • “Ак кочкор канкы”
  • “Канышбек”,
  • “Сары барпы”,
  • “Сары Барпы”,
  • “Иле менен Каратал”,
  • “Дубананын жар салганы”,
  • “Ак токту”
  • “Дүнүйө”,
  • “Сен”,
  • “Сун Дүйнө”,
  • “Кол ойнотмо”

жана башка күүлөрү элге кенири белгилүү. Ал ашкере куудул, чебер аткаруучу катары белгилүү болгон. Ар бир күүнү ыр менен коштоп черткен. Күүнүн ыргагына жараша кебете-кешпирин кубултуп, топусун төбөсүнө ойнотуп, ордунан жөрмөлөп, кол ойнотуп черткен. 1934-жылы 83 жаш курбалында бул дүйнөдөн көзү откөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кагакбай А."Кылым инсандары" Бишкек, 2003-жыл.