Ак буура - сол канаттагы басыз уруусунун аскердик урааны катары белгилүү. Этнонимдин экинчи компоненти “тукумдатуучу төө” маанисин берет[1].

Орто кылымдардагы түрк урууларында буура - тотем, мансап адамынын титулу, курмандыкка чалынуучу жаныбарды аныктаганы ырас[2]. Ак буура - жаратылышта сейрек кездешүүчү ак төө, буура. Аскердик ураан катары кыргыздарда гана белгилүү. Түрк элдеринен кыргыз, казак, каракалпактар согуштарда аскер ураанын чакыруу салтын кенен пайдалангандыктары маалым. Аскердик ураан кошунду башкарууда, бирдиктүү жетекчиликти уюштурууда, жоокерлердин согуштук духун көтөрүүдө маанилүү роль ойногон. Согуш учурунда ураан чакыруу салтын печенег жана кыпчактар да колдонушкандыгын орус жыл баяндары тастыктайт[3]. Байыркы доорлордон туруктуу сакталып келе жаткан аскердик ураандар негизинен ата-бабалардын эрдиктерин даңазалап, уруулук символдорду, сыйынуучу ыйык жерлердин аталыштарын чагылдырат. М.Г. Рабинович тотемди аныктаган (айрым учурда жырткыч айбандар же канаттуулар) урукгун сыйынган объектисин чагылдырган аскер ураандары байыркы замандардан белгилүү болуп келет дегеи жыйынтыкка келет[4]. Мисалы, ак төөгө сыйынуу, аны курмандыкка чалуу мал чарбачылыгы менен кесиптенген көчмөндөр үчүн мүнөздүү көрүнүш болгон[5]. Бул көрүнүш өткөн кылымдарда казактарда кенен таралгандыгы маалым[6].

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. КТТС,138
  2. Бартольд, 1963, 505; Караев, 1975, 177-175; Вяткина, 1933 ,50; Урстанбеков. Чороев, 1990, 34.
  3. Рабинович, 1963, 299-300.
  4. көрсөтүлгөн эмгек, 307-6.
  5. Потаиов, 1969, 75
  6. Валиханов, 1958, 153-154

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2