Сол канаткыргыздардын 15–16-кылымда калыптанган уруулук бирикмесинин жана этносаясий түзүлүшүнүн бир бутагынын аталышы. Ферганалык автор Сайф ад-Дин Аксыкендинин «Тарыхтар жыйнагы» («Мажму ат-таварих») кол жазмасында Кыргыздар: Оң канат, Сол канат, Булгачы (ичкилик) уруулук бирикмелеринен тургандыгы көргөзүлгөн. Сол канат уруулук бирикмеси (ошондой эле Оң канат) 15-кылымдын 2-жарымында кыргыздардын өз алдынча эл катары түзүлүп бүткөндүгүн ырастаган жана алардын этносаясий курамын чагылдырган. 17–18-кылымда Оң канат, Сол канат уруулары биригип, Тагай деп аталган бир саясий конфедерацияны түзүп турушкан. Мындай бөлүнүү көчмөн Түрк-Моңгол элдерине мүнөздүү болуп, алардын мамлекеттик түзүлүш белгилерин да билдирген.

Уруулар түзөтүү

Сол канаттын (Куу уул) уруулары:

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.