Акри (штат)
Акри (порт. Acre) — Бразилиянын Түндүк аймагына кирген, өлкөнүн түндүк-батышындагы штат. Түндүктө Амазонас, чыгышта Рондония штаттары жана түштүк-батышта Боливия, Перу өлкөлөрү менен чектешет[2]. Административдик борбору — Риу-Бранку шаары.
Акри порт. Acre' | |||
| |||
Өлкө: |
Бразилия | ||
---|---|---|---|
Абалы: |
Штат | ||
Курамында: |
| ||
Акимий борбору: | |||
Түзүлгөн убакыты: |
1962-жыл | ||
ИДӨ (2006): |
4 835 747 R$ | ||
Калкы (2022): |
830,018[1] | ||
Жыштыгы: |
5,1 адам/км² | ||
Жер аянты: |
164 122,3 км² (16 орун) | ||
Деңиз деңгээлинен бийиктиги: • Эң бийик чекити |
| ||
Саат алкагы: | |||
ISO 3166-2 коду: |
BR-AC | ||
Почта индекстери: |
69900-000 - 69999-000 | ||
www.ac.gov.br Расмий сайты | |||
Этимология түзөтүү
Штаттын аталышы Пурус дарыясынын куймасы Акри дарыясынын атынан келип чыккан, ал индейлер тилинен «каймандардын дарыясы» дегенди билдирет[3].
Тарых түзөтүү
Акри штатынын аймагы алгач Боливияга таандык болгон, бирок каучук безгеги (лихородка) маалында көптөгөн бразилиялыктар бул аймака кирип отурукташып калган. Азыркы Акри штатынын аймагы Боливия менен Бразилиянын ортосунда саясий талаш-тартыштарды жараткан.
1900-жылы Бразилия Өкмөтү Акринин аймагы Боливиянын суверенитети алдында экенин тааныган, бирок аймакка жайгашып калган бразилиялыктар Боливия өкмөтүнө каршы чыгып, көз карандысыз Акри Республикасын жарыялашкан[4].
Бир катар аскердик чыр-чатактардан, кагылышуулардан кийин, 1903-жылдын 17-ноябрында түзүлгөн келишим боюнча Боливия бул аймакты 2 миллион фунтов стерлингге[5] баалап, акчасын алгандан кийин Бразилияга өткөрүп берген жана Бразилиянын федералдык аймагына айланган.
1962-жылы Акри штат макамын алган[3][6].
Бүгүнкү күндө Акри Бразилиядагы калкы аз жана экономикасы начар штаттардын бири болуп саналат.
География түзөтүү
Жайгашкан жери түзөтүү
Штаттын бардык аймагы Амазонка бассейнинде жайгашкан. Перу менен чек арасынын батышында максималдуу бийиктиги 609 метрге жеткен Серра-ду-Дивизор (Контамана) тоолору жайгашкан.
Штаттын аймагынын болжол менен 45% индейлердин резервациялары жана корголууга алынган Серра-ду-Дивизор улуттук жаратылыш паркы ээлейт[7].
Дарыялар түзөтүү
Акринин негизги дарыяларына штаттын түндүк жана түндүк-чыгыш тарабына агып өткөн Амазонка дарыясына куйган Журуа жана Пурус (куймалары менен бирге) дарыялар эсептелет.
Климат түзөтүү
Акридеги климат экватордук. Абанын жылдык орточо температурасы +26 °C барабар. Жыл эки мезгилден турат, биринчиси - жаанчыл, ысык жана нымдуу ноябрдан мартка чейин созулган, экинчиси азыраак жаанчыл, кургак келген апрелден октябрга чейин созулган - жай. Акриге жыл ичинде 1800дөн 2400 ммге чейин жаан жаайт, негизинен штаттын батыш бөлүгүндө жаанчыл деп эсептелет[2].
Калк түзөтүү
Улуттук География жана статистика институтунун (IBGE) эл каттоонун негизинде чагылган маалыматтарга ылайык, штаттын калкынын саны - 830,018 адам[8].
Калкынын саны | 830,018 |
---|---|
Шаардыктардын пайызы | 72,56% |
Айылдыктардын пайызы | 27,44% |
Эркектердин пайызы | 50,21% |
Аялдардын пайызы | 49,79% |
Калкынын жыштыгы (адам/км²) | 5,1 |
Өлкөдөгү калкка болгон пайызы | 0,38% |
Экономика түзөтүү
Акринин экономикасы жаратылыш ресурстарын өндүрүгө негизделген. Каучук дарактарынан латексти жыйноо жана ошондой эле жыгач товарларын, жыгачты мыйзамсыз алып сатуу да кездешет.
Жергиликтүү калктын тиричилигинде аңчылык жана балык уулоо маанилүү орунду ээлейт. Мындан тышкары, штаттын калкы гевеи ширесин жана бразилия жаңгактарын чогултушат, ошондой эле жергиликтүү керектөө үчүн маниока, буурчак, кант камышын жана күрүч өстүрүшөт[9].
Перу менен чектешкен аймагында алтын кендери бар[2].
Штат өз убагында жыгач аткезчилеринен жана мал багуу үчүн Амазонка токоюн өрттөгөн малчылардан катуу жабыркаган. Азыр Акри штаты айлана-чөйрөнү коргоо үчүн күрөшкөн жана бул чөйрөдө алгылыктуу иштерди алып барган штаттардын бири[3].
Административдик-аймактык түзүлүшү түзөтүү
Акри штаты эки мезоаймака бөлүнөт, Вали-ду-Акри (чыгыш) жана Вали-ду-Журуа (батыш), алар өз кезегинде бир катар микроаймактарды курамына камтыйт.