"Акыркы самурай" (англ. The Last Samurai, орус. Последний самурай) - 2003-жылы Эдвард Цвик тарткан жана продюсерлик кылган америкалык тарыхый тасма. Ал ошондой эле тасманын сценарийин Жон Логан жана Маршал Херковиц менен биргеликте жазган. Тасманын баш каарманын аткаруудан тышкары, Том Круз тасмага продюсерлик да кылган. Ал эми экинчи пландагы актёрлор: Тимоти Спол, Кэн Ватанабе, Билли Конноли, Тони Голдвин, Хируоюки Санада жана Шин Коймада.

Тасмада Том Круз Кошмо Штаттардын 7-кавалериясынын пенсиядагы офицеринин ролун аткарат. Анын жеке жана эмоционалдык сапаттары 19-кылымда Япониядагы Мэжи кайрадан жаралуу доорундагы самурай жоокерлер менен бетме-бет чыгуусуна себепкер болот. Тасмадагы негизги окуя 1877-жылы Сайго Такамори жетектеген "Сатсума" көтөрүлүшүнө негизделип, Жапониянын чет өлкөлөрдүн таасири менен батышчыл болуп бара жаткандыгын баяндайт. Бирок тасмада Кошмо Штаттар батышчыл болууга түрткөн эң башкы өлкө катары көрсөтүлгөн.

"Акыркы самурай" 456 миллион АКШ доллардык кирешеге ээ болуп, көрүүчүлөр тарабынан да жакшы кабыл алынган. Ошондой эле аткаруучу топ, сценарийдин жазылышы, тартуу иштери, музыкасы, визуалдык эффектилер, костюмдар жана билдирүүлөр алкышка арзыган. Тасма төрт "Оскар" сыйлыгына, үч "Алтын Глобус" сыйлыгына жана эки "Кайрадан карап чыгуу боюнча улуттук кеңеш" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү