Акбото бий — 18–кылымдын 20–жылдарында Кожент аймагын Бухара, Фергана башкаруучуларына баш ийбей, өз алдынча башкарып турган кыргыз башкаруучусу. Кокон хандыгынын негиздөөчүсү Шахрух бий күчтүү кыргыз башкаруучусу Ак бото бий менен жакындашуу жана анын колдоосуна ээ болуу максатында, ага кызын берип, кудалашкан.Акбото бий Шахрухтун бийликке келишине чоң көмөк көрсөткөн.Бирок, Шахрух бийдин тун баласы, өзүнүн кайнагасы Рахим бий аркылуу уктап жаткан жеринде өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У.,Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы. Кыскача энциклопедиялык сөздүк:Мектеп окуучулары үчүн.–Ф.:Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы,1990–288б.–ISBN 5–89750–028–2
  • Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы.–Ош: ОшМУ,1997.–64б.–ISBN 9967–505–01–X
  • Чортегин Т.К.,Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин):Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн.–Б.:Мектеп,2000.–160б.–ISBN 9967–00–001–5