Алабакордого салынган чүкөлөрдү, канды атууга, чертүүгө колдонулчу курал. Алабакка чейин ордодо томпой колдонулган. Алабак тоо теке, кулжа мүйүздөрүнөн жасалган. Болжол менен узундугу укум (10–12 см), калыңдыгы жоон элиден астам (2,5–3 см), туурасы төрт эли (8–9 см) болгон 4 бурчтуу курал. Атканда, черткенде колдон жылмышпас үчүн алабактын кырларынын четтерине каршы-терши, жик-жик сай салып, быдырлап койгон.