Ала-Буга суусу
Ала-Буга өзөнү, суусу – Ак-Талаа районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 км, алабынын аянты 5820 км2.
Ала-Буга суусу
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 180 км |
бассейндин аянты | 5 820 км² |
Суу чыгымы | 31 м³/с |
Суу агымы | |
Аягы | Нарын дарыясы |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Нарын облусу |
Район | Ак-Талаа району |
Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш жана Торугарт кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа менен Бычан кошулуп Ала-Буганы түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоңку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип, суусу тайыздайт.
Куймалары: Жамандаван (64 км), Коңорчок (39 км), Кашка-Суу (33 км), Кумарык (23 км; оң), Бычан (40 км), Сөөк (45 км), Макмал (41 км), Кара-Суу, Миң-Жылкы, Мынакелди, Кырчын-Булак (сол).
Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 31м3/сек; көбү – 124 м3/сек, эң азы – 9,70 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кош-Дөбө, Коңорчок кыштагы Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан.
Топоним балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.