Алиев Бакирдин-Кыргыз Республикасынын эл артисти
1933-жылы 10-октябрдаЖумгал районундагыСуусамыр айылында туулган.

Билими түзөтүү

1955-жылы ТашкендегиА.Н.Островский атындагы театр өнөрү институтун бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

1955-62-жылы Жалал-Абад драма театрында , 1962-жылданМ.Рыскулов атындагы Нарын облусттук музыкалуу драма театрында , 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында иштейт.Алиев Бакирдин ар кыл мүнөздөгү ролдорду чебер аткарган артист катары белгилүү.

Аткарган ролдору түзөтүү

Токтогул (Б.Жакиев“Миң кыял”), Тейитбек (К.Жантөшев “Курманбек”), Хлестаков (Н.Гоголь “Текшерүүрүчү”), Яго, Форд (У.Шекспир “Отелло”, “Виндзордук ойсокелер”), Акылбек (Б.Жакиев “Атанын тагдыры”), Барпы(М.Борбугулов“Барпы”), ошондой эле“Махабат жаңырыгы”, “Уркуя”, “Айсулуунун талаасы”, “Мен Тянь-Шань”, “Эски тегирмен”,“Ээн калган өрөөн” фильмдеринде тартылган.Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Асанов.У ““Нарын облусуна 70 жыл.Энциклопедия”-Бишкек;2009